МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы
2023-жылдын 18-декабры №8-5-1
Миң-Куш айыл аймагында “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесинин негизинде Миң-Куш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Миң-Куш айыл өкмөтүнүн алдында “Миң-Куш” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
- Муниципалдык мекеменин уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Д.Т.Абдыралиев