Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык VI сессиясынын кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 28-августу № XXI-2
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ажыратылып берилген акча каражатынын беренесин өзгөртүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т о к т о м к ы л а т:
1.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы У.Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ажыратылып берилген 2215-статясындагы 143 600 (бир жүз кырк үч миң алты жүз) сом акча каражаты 2222 статясына өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Мадмаров |