Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (V1I чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 14-декабры №9/1
Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТ жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3 –главасынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТнун жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы боюнча Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТнун башчысы З.Мойдунованын берген маалыматын жана айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТнун жана айыл аймагындагы ФАПтардын 2022-жыл ичинде жүргүзгөн иштери айрым сын- пикирлерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагындагы жашаган тургундардын арасынан аялуу катмарына жана медициналык жардам сурап кайрылгандарды ФОМС тарабынан каралуучу дары-дармектер менен жетишээрлик камсыз кылуу, калк арасында социалдык, жугуштуу илдеттеринин таралып кетишине жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү, тез жардам автоунаасын максаттуу пайдалануу, 24 сааттык нөөмөт кызматын уюштуруу менен оорулууларга ыкчам медициналык жардамдарды көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айылдык № 7 ҮДТнун башчысы З.Мойдуновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы: |
А.Кадамбаева |