УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 3-февраль № 120
Дары-Склад участогундагы жолду кеңейтүүгө кетип жаткан 1,72 га жерди трансформациялоого сунуштоо жөнүндө.
Дары-Склад участогундагы жолду кеңейтүүгө кетип жаткан 1,72 га жерди трансформациялоого сунуштоо жөнүндө К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дары-Склад участогундагы жолду кеңейтүүгө кетип жаткан 1,72 га жер трансформациялоого сунушталсын.
2. Дары-Склад участогундагы жолду кеңейтүүгө кетип жаткан 1,72 га жерди трансформациялоого тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 3-февралындагы №120 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Жолалиев |