Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги IХ сессиясынын
жыйналышынын
2022-жылдын 14-декабры № 9/2
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык МСКнын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022-жылдагы № 01-4/123 чыгуу санындагы каты боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызынын, Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Айтбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагында мүл салыгынын төмондөгү түрлөрү бекитилсин:
а). Кыймылсыз мүлккө салык (турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы),
б). Кыймылдуу мүлккө салык (юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына жана жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы),
в). Жер салыгы (жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы, айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы).
2. Бекитилген мүлк салыктарынын өлчөмүн эсептеп чыгып айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралып жаткан бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.
4. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Айтбаевге тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасы : А.Кадамбаева