Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2022-жылдын 14-декабры №9/3
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 21-январында кабыл алган № 4/7 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-январындагы № 23 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун IV главасынын 13-пунктундагы талаптарга Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 21-январында кабыл алган № 4/7 токтомун шайкеш келтирүү максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2022-жылдын 21-январында кабыл алган № 4/7 токтомунун 1-пункту Ылай-Талаа айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектебинин алдындагы окуу борборуна (маркум) Каримова Сүйүмкандын ысымы ыйгарылсын, 2-пункту Каримова Сүйүмкандын ысымы ыйгарылган окуу борборуна аталыштарын жаздырып, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүп туруу жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүү жагы уулу Абдымомунов Эрнистке милдеттендирилсин деген сүйлөмдөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кенешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |