Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНУНУН ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 27-декабры № 3
Жеке жана юридикалык тараптарга айыл аймагынын калкынын жерлерин айдап бергендиктери үчүн тѳлѳнүүчү акча каражатынын ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнѳн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Жеке жана юридикалык тараптарга айыл аймагынын калкынын жерлерин айдап
бергендиктери үчүн тѳлѳнүүчү акча каражаты гектарына тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ бекитилсин;
а)беденин ордун айдаганга 5000 сом
б)башка культуралардын ордун жана кайракы жерлерди айдаганга 4000 сом
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
(Н.Калматов)
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүү Отуз-Адыр айылдык кеңешинин жер жана
агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы | Т.Жумаев |