Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Т О К Т О М

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы

 

                        

2023-жылдын 26-январы  № 15-7                                          

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын  электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын  бекитүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга керектөөчү электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү  жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын   34-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна  ылайык депутаттардын    Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

токтом кылат:

  1. Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-

ишканалардын электр энергиясына жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2023-жылга лимит 1230,0 кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Кыргыз-Ата айылаймагындагы жайгашкан муниципалдык мекеме-

ишканалардын жана көчөлөрдүн жарыктандыруусуна көрсөтүлгөн электр энергиясынын лимитинен белгиленген өлчөмүнөн ашырбоо жагы тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин айылдын инфрастурктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                   Женишбай у. Э