Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы
2023-жылдын 6-март № 13
Шаардык мэриянын 21.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык мэриянын аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» №01-14/473 кайрылу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 21.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык мэриянын аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» №01-14/473 кайрылу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 21.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык мэриянын аппараты жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» №01-14/473 кайрылу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык мэриянын аппараты жөнүндө” Жобосу бекитилсин.
3. 16.02.2017-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппараты жөнүндө” Жобо жокко чыгарылсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |