Редакцияот 26.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-октябры № 54

 

Акымбекова Рафанын небереси Абдыжапарова Адеми жөнүндө

 

Покровка айылынын Жеңиш көчөсүнүн тургуну Акымбекова Рафанын небереси Абдыжапарова Адеминин курч лейкоз, такталбаган клеткалык вариант орусу менен ооруп Турция мамлекетинде операцияга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Акымбекова Рафанын кайрылуусу канааттандырылсын.
  2. Акымбекова Рафанын небереси Абдыжапарова Адеминин курч лейкоз, такталбаган клеткалык вариант орусу менен ооруп Турция мамлекетине операциясына материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов