Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-5

Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдында бузуулар боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө.

       Кыргыз Республикасынын 28-октябрь 2021-жылдагы №128 Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 24-январь 2023-жылдагы “Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуунун негизинде сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:  

  1. Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин алдында бузуулар боюнча комиссиянын курамы депутаттардан түзүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

 

 

 

Төрага

Д.Т.Абдыралиев