МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6
Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгы киргизилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Д.Т.Абдыралиев |