Сравнение редакций…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна) |
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын иш тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар (мындан ары - илимий уюмдар) финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге ээ, тегерек мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен штампы бар мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жактар болуп саналат жана тиешелүү чөйрөдө илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштерди жүзөгө ашырат.
3. Илимий уюмдар мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүзөгө ашырат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
4. Илимий уюмдар өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, карамагында болгон мамлекеттик органдын, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, ушул Типтүү жобону, ошондой эле уюштуруу документтерин жетекчиликке алат.
5. Илимий уюм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
6. Илимий уюмдардын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
7. Илимий уюмдардын иши илим чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларда жана тартипте аттестациядан/аккредитациядан өтүүгө тийиш.
2. Илимий уюмдардын максаты жана милдеттери
8. Илимий уюмдардын максаты өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга жөндөмдүү инновациялык продукцияны иштеп чыгуу болуп саналат.
9. Илимий уюмдардын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимдин багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр жаатында инновациялык технологияларды түзүү;
3) илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерде жеке сектордун (бизнес-түзүмдөрдүн) инновациялык потенциалын жана натыйжалуулугун пайдалануу;
4) инфраструктуралык объекттерди жана/же инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы кызматташтык;
5) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо.
3. Илимий уюмдардын укуктары жана милдеттери
10. Илимий уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык басылмаларды басып чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
6) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура (адъюнктура), докторантура, PhD докторантурасы/профили боюнча докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга;
7) белгиленген тартипте окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга;
9) илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;
10) илимий-техникалык кеңеш түзүүгө.
11. Илимий уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө;
2) өлкөнүн тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
3) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
4) тиешелүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;
5) заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү продуктту, технологияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өндүрүштүк, административдик, коммерциялык, социалдык же башка мүнөздөгү уюштуруу-техникалык чечимдерин иштеп чыгууга;
6) илимий уюмдун интеллектуалдуу ишинин натыйжасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого;
7) профили боюнча илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) мамлекеттик органдар, илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланышты чыңдоого;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке технологияларды иштеп чыгуунун, ата мекендик жана чет өлкөлүк технологияларды өздөштүрүүнүн эсебинен илимий уюмдун ишинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга;
10) мамлекеттик илимий инфраструктураны талаптагыдай абалда сактоого, илимий инфраструктураны өркүндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарын издөөгө;
12) илимий уюмга оперативдүү башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
13) илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
14) илимдин ролун жогорулатууга, анын ичинде өз ишин жана ишинин продуктун популяризациялоонун эсебинен жогорулатууга;
15) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырууга;
16) өз иши үчүн зарыл болгон башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
17) илимий кызматкерлерди аттестациялоону 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө.
4. Илимий уюмдардын түзүмдөрү
12. Илимий уюмдардын түзүмү тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча анын жетекчиси тарабынан бекитилет.
13. Илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча кабыл алынган чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу максатында илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
5. Илимий уюмдарды башкаруу
14. Илимий уюмдун жетекчилигин директор жүзөгө ашырат.
15. Илимий уюмдун директору илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси илимий уюмдун директорунун кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет. Бир эле адам бир илимий уюмда эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы илимий уюмдун директорун сунуштоосуз өз демилгеси боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Илимий уюмдун директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
16. Илимий уюмдун директорунун кызмат ордун төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга жооп берген адамдар ээлей алат:
- жогорку кесиптик билим;
- илимий даража;
- илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызмат орундарда иш стажы 5 жылдан кем эмес.
17. Илимий уюмдун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- илим, билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндө ченемдик укуктук акттарды;
- уюмдарды башкаруу теориясын жана методдорун;
- илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
- эмгек, финансылык мыйзамдардын негиздерин;
- фундаменталдуу жана колдонмо илимдерде профили боюнча илимий жетишкендиктерди;
- чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын;
- орто мөөнөттүү мезгилге илимдин тармагын өнүктүрүү көз карашынын (концепция, иштеп чыгуу, технология же планы) болушу.
18. Илимий уюмдун директору жок учурда (иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызмат ордунан бошотуу) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
19. Илимий уюмдардын директорунун орун басары (орун басарлары) тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат.
20. Илимий уюмдун директору:
- жеке башкаруу принциптеринде илимий уюмду башкарат жана илимий уюмдун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансы каражаттарын тескейт, банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгына жооп берет, финансылык тартипти сактайт;
- илимий уюмдун башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын максаттуу пайдаланылышы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- кызматкерлерди кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт, кызматкерлердин эмгектик укуктарынын сакталышы үчүн жооп берет;
- илимий кызматкерлердин илимий чыгармачылык эркиндигин өнүктүрөт;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана аткарууга жоопкерчилик тартат;
- илимий уюмдун иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6. Илимий уюмдун илимий-техникалык кеңеши
21. Илимий-техникалык кеңеш илимий уюмдун консультациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү илимий уюмдун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Илимий кызматкерлердин жана адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушу, эгерде эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Илимий-техникалык кеңештин курамына илимий уюмда иштебеген жетектөөчү окумуштуулар жана адистер, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
22. Илимий-техникалык кеңеш, эгерде жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде илимий-техникалык кеңештин добуш берүүгө катышкан мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, илимий-техникалык кеңештин чечимдери кабыл алынды деп эсептелет.
23. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп илимий уюмдун директору эсептелет.
7. Илимий уюмдардын каржылоо булактары
24. Илимий уюмдардын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
2) илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
3) бюджеттен тышкаркы фонддор;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) илимий-изилдөө, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, киреше алып келүүчү башка иштерден алынган илимий жана илимий-техникалык уюмдардын каражаттары;
7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
25. Илимий уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда жана ижарада мүлккө ээ болушу мүмкүн.
26. Илимий уюмдардын ишин контролдоо тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Корутунду жоболор
27. Илимий уюмду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
28. Илимий уюмдардын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 токтомуна) |
Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы N 294 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы илимий уюмдун директорун сунушсуз өз демилгеси боюнча дайындоого, ошондой эле ээлеген кызмат ордунан бошотууга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу.
(4 абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-июнундагы N 294 токтомуна ылайык күчүн жоготту)