ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXX чакырылышы кезектеги XIII сессиясы
2023-жылдын 17-март № 2
Шаардык мэриянын 13.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежени бекитип берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө
Шаардык мэриянын 13.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежени бекитип берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезексиз 13- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 13.03.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежени бекитип берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгына ылайык, “Таш-Көмүр шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча” типтүү эрежеси бекитилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы: |
С.Кудайбердиев |