Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы
2023-жылдын 18-декабры № 8-5-8
2024-жылга карата Жумгал өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоорлор тууралуу Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын сунушун Миң-Куш айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. 2024-жылга карата Миң-Куш айыл аймагынын Жумгал райондук өнүктүрүү фондуна төмөнкү төрт долбоор сунушталсын.
- “Миң-Куш айыл аймагынын Кең-Суу айылынын жана 21-аянтчанын мектеп окуучуларын ташып келүүгө кичи автобустарды сатып алуу” долбоору,
- “Миң-Куш айыл аймагынын Кызыл-Коргон, Табылгыты айылдарындагы кыян өтүүчү каналдарды тазалоого күйүүчү май сатып алуу” долбоору,
- “Миң-Куш айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы таза суу системасын кеңейтүү” долбоору,
- “Миң-Куш айыл аймагынын Табылгыты айылындагы ордо аянтчасын куруу” долбоору,
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Сасыкулов Шайырбек Токоновичке милдеттендирилсин
Төрага | Д.Т.Абдыралиев |