Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 5
Ноокат шаар мэриясынын жана “Ноокат тазалык” муниципалдык ишканасынын «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө»
Ноокат шаар мэриясынын жана “Ноокат тазалык” муниципалдык ишканасынын «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө» сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2 пунктунун 11 бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
|
Б.Мадмаров |
1-тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү
№ | Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруучу жайлар | Өлчөө бирдиги | Бир айга |
1 | Ноокат шаар мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана) | Бир орунга олтуруучу орундук | 58,00 |
2 | Тандыр жана самсаканалар | Бир тандырга | 600,00 |
3 | Керек-жарак үй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор, чай жана майда дүкөндөр ж.б | 1 м2 аянты | 32,00 |
4 | Күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дүкөндөр ж.б | 1 м2 аянты | 29,00 |
5 | Базарларда соода сатык кылгандар | 1 м2 аянты | 23,00 |
6 | Сактоочу жайлар (склад) | 1 м2 аянты | 23,00 |
7 | Авто вокзалдар | 1 м2 аянты | 31,00 |
8 | Автоунаа оңдоочу жана жуучу жайлар | 1 м2 аянты | 58,00 |
9 | Авто бекеттер | 1 авто | 15,00 |
10 | Тигүү цехтери | 1 м2 аянты | 26,00 |
11 | Дарыканалар | 1 м2 аянты | 27,00 |
12 | Поликлиника, лабораториялар | катталуучуга | 19,00 |
13 | Мейманканалар жана эс алуучу жайлары (борборлор) | 1 орунга | 50,00 |
14 | Санаториялар жана эс алуучу жайлар | 1 орунга | 38,00 |
15 | Балдар бакчалары (мамлекеттик) | 1 орунга | 13,00 |
16 | Балдар бакчалар (жеке) | 1 орунга | 13,00 |
17 | Мектептер | 1 окуучуга | 14,00 |
18 | Мектеп интернаты | 1 окуучуга | 15,00 |
19 | Атайын окуу жайлары (училища) | 1 окуучуга | 12,00 |
20 | Театрлар жана кинотеатрлар | 1 окуучуга | 29,00 |
21 | Типографиялар (жеке басмаканалар) | 1 жумушчуга | 58,00 |
22 | Тейлөө тармактары (чач тарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо жайлары, химчистка, сүрөтканалар) ж.б | 1 жумушчуга | 100,00 |
23 | Мончолор, ажатканалар жана сауналар | 1 орунга | 44,00 |
24 | Интернет, клубтар кечки | 1 орунга | 29,00 |
25 | Машыгуу залдары, футзалдар, фитнес клубтар | 1 орунга | 29,00 |
26 | Калктуу конуштарда жашаган ар бир жан башына | Ар бир жанга | 30,00 |
27 | Мамлекеттик мекеме ишканалар, коммерциялык иш жүргүзүүчү мекемелер | 1 жумушчуга | 100,00 |
28 | Касапкана | 1 касапка | 900,00 |
Ноокат шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: М.Ярматов