Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
Зергер айылдык кенешинин жетинчи чакырылыштын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 11-марты № 64
Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2022-жылы аткарылышы,2023-жылга бюджетин жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчилике алып «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш» боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги он төртүнчү сессиясы токтом кылат:
1. Зергер жайыт комитетини 2022-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Зергер жайыт комитетинин 2023-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 797375 сомго, чыгашасы 797375 сомго бекитилсин. (тиркеме №1,№2, №3)
3. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:
Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 100 сом.
-Кара мал жана топоз(жаш)бир башына -90 сом.
-Кой-эчкинин бир башына-25 сом.
-Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 150 сом.
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 350 сом.
-Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 300 сом.
-Кой жана эчки бир башына - 80сом.
-Жылкы,эшек жана төө бир башына- 400 сом .
4.Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык, туризм жана башка максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.
5.Жайыт комитетинин пайдалануусуна берилген погрузчик оор техникасынын келишимде көрсөтүлгөн аренда акысы мыйзам талаптарында белгиленген тартипте банк эсеби аркылуу жүргүзүлсүн.
6.Жайыт комитетинин балансына “АРИС” жана башка мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан берилген мүлктөрдүн максаттуу пайдаланылышы боюнча алты айдын жыйынтыгы менен толук маалымат берүү жагы Зергер жайыт комитетине жана айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары Сапарали уулу А.
№ 1 тиркеме
№ | Малдын түрү | Малдын саны | Которуу коэф | Шартуу баш | Бир шартуу баштын төлөмү | Малдын башына төлөмү | Жалпы сумма мал башына | Жалпы сумма |
1 | Кара мал чон | 21211 | 1 | 2121 | 100 | 100 | 212080 | 212100 |
2 | Кара мал кичине | 920 | 0,7 | 644 | 90 | 90 | 82800 | 82800 |
3 | Жылкы | 869 | 1 | 869 | 150 | 150 | 130350 | 130350 |
4 | Кой-эчки | 10885 | 0,2 | 2177 | 25 | 25 | 306775 | 272125 |
5 | Сырткы мал |
|
|
|
|
|
| 100000 |
| жалпы:
|
|
|
|
|
| 797375 | 797375 |
№ 2 тиркеме
№ | Чыгымдын түрлөрү | Адам саны | Айы | Суммасы |
1 | Эмгек акы (10000х2=20000)
| 2 | 24 | 240000 |
2 | Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25% |
|
| 41400 |
3 | Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары |
|
| 45000 |
4 | Автомашинанын ремонтоо үчүн |
|
| 15000 |
5 | Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн. |
|
| 279975 |
6 | Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм |
|
| 6000 |
7 | Жайыт комитетинин резервдик фонду |
|
| 30000 |
8 | Жергиликтүү бюджетке чегерүү |
|
| 140000 |
| жалпы жыйынтыгы: |
|
| 797375 |
№ 3 тиркеме
№ | Чыгымдардын аталышы | Жалпы 2023-ж | Квартал | |||
1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 | Эмгек акы | 240000 | 60000 | 60000 | 60000 | 60000 |
2 | Соц.фонд төлөмдорү | 41400 |
| 13500 | 13500 | 14400 |
3 | Башка чыгымдар: ГСМ,сапар ж.б | 40000 | 6000 | 11300 | 11300 | 11400 |
4 | Телефон жана конц.чыгымдар | 5000 | 1000 | 1200 | 1400 | 1400 |
5 | Машинаны ремонттоого | 15000 |
|
|
| 15000 |
6 | Жайыт инфраст. ондоо үчүн | 279975 |
| 190000 | 89975 |
|
7 | Жайыт ассосациясына толөм | 6000 |
|
| 6000 |
|
8 | Жайыт ком. резервдик фонду | 30000 |
|
|
| 30000 |
9 | Жергиликтүү бюджетке төлөм | 140000 |
|
|
| 14000 |
| жалпы жыйынтыгы:
| 797375 | 67000 | 276000 | 182175 | 272200 |
Зергер жайыт комитетинин төрагасы К. Маматалиев