Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 27-декабры № 5
Айыл аймагынын айылдарындагы аталышы жок жана аталышы ѳзгѳртүлүп жаткан кѳчѳлѳргѳ,Машрап-Сай сайы аркылуу Кызыл-Абад айылына ѳтүүчү кѳпүрѳгѳ татыктуу инсандардын аттарынын,фамилияларынын аталыштарын ыйгаруу жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жѳнүндѳ”
Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Кызыл-Абад айылы боюнча;
а) Кызыл-Абад айылындагы маркум Ырысбек уулу Бекболсун жашап ѳткѳн аталышы жок кѳчѳгѳ жана Жогорку айылга кетүүчү жолго Баткен согушунда курман болгон чекарачы Ырысбек уулу Бекболсун атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
б) Машрап-Сай сайы аркылуу Кызыл-Абад айылына ѳтүүчү кѳпүрѳгѳ легендарлуу Парламенттин депутаты Жунусов Тѳрѳбек атындагы кѳпүрѳ деген аталыш ыйгарылсын.
2.Ынтымак айылы боюнча;
а) Ынтымак айылынын Кайрагач тарабындагы аталышы жок кѳчѳгѳ Айтбаев Асилбек атындагы кѳчѳ деген аталыш ыйгарылсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
(Н.Калматов)
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Жумаев |