ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-октябры № 60
Мектептин атын өзгөртүү жөнүндө
Манас районуна караштуу Покровка толук эмес орто мектебинин атын “Акчалов Чынгыз Манасович атындагы толук эмес орто мектеби” деп өзгөртүү жөнүндө Покровка толук эмес орто мектебинин директору С.Абдыкадырованын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас районуна караштуу Покровка толук эмес орто мектебинин атын Акчалов Чынгыз Манасович деп өзгөртүү жөнүндө Покровка толук эмес орто мектебинин директору С.Абдыкадырованын кайрылуусуканааттандырылсын.
2. Покровка толук эмес орто мектебинин аты “Акчалов Чынгыз Манасович атындагы Покровка толук эмес орто мектеби” деп өзгөртүлсүн.
3. Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларды алып баруу жагы мектеп директору С.Абдыкадыровага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |