Редакцияот 26.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-октябры № 61

 

В.В.Козулин жөнүндө

Покровка айылынын тургуну, Манас райондук өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол боюнча машыктыруучусу В.В.Козулин онкология оорусу менен ооруп, азыркы убакта химиотерапия алып дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын тургуну В.В.Козулиндин кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Покровка айылынын тургуну, Манас райондук өспүрүмдөр спорт мектебинин футбол боюнча машыктыруучусу Козулин Вячаслав Валентиновичке дарылануу үчүн жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов