Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXX чакырылышы кезектеги XII сессиясы

2023-жылдын 6-марты № 10

Шаардык мэриянын 06.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча мекеме-ишканаларга 2023-жыл үчүн катуу таштандыга болгон төлөмүн 100%га көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө

  Шаардык мэриянын 06.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча мекеме-ишканаларга 2023-жыл үчүн катуу таштандыга болгон төлөмүн 100%га көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 12- cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Шаардык мэриянын 06.02.2023-жылдагы “Таш-Көмүр шаары боюнча мекеме-ишканаларга 2023-жыл үчүн катуу таштандыга болгон төлөмүн 100%га көтөрүп берүү тууралуу” №01-14/283 кайрылуу каты жөнүндө шаардык кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы эске алынсын.

2.  “Таш-Көмүр шаары боюнча мекеме-ишканаларга 2023-жыл үчүн катуу таштандыга болгон төлөмүн 100%га көтөрүп берүү тууралуу” маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.

3.  Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

4.  Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр

шаардык депутаттар

кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев