Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-декабры № 208
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна күндүн кырк нуру тегиз, түз чачыраган алтын түстөгү тегерек күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурч формасындагы кызыл түстөгү кездемеден жасалат. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт.”;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү тиркемеге ылайык бекитилсин.";
2) II глава төмөнкүдөй мазмундагы 92-статья менен толукталсын:
1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
Алардын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн документтердин бардык түрлөрү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору (Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор, 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттор), 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
Автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери, ошондой эле 1992-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөр тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.".
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 20-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |