Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 7-декабры № 1669-VII

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасындагы милдеттүү медициналык камсыздандырууга тийиш болгон адамдардын бардык категорияларын медициналык камсыздандыруу менен камтуу боюнча чараларды көрсүн.

 

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылсын:

 

- медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга бюджеттин жана башка булактардын эсебинен бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануусун;

- "Эмгек акы" жана "Иш сапар чыгымдары" беренелери боюнча бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу, үнөмдүү пайдалануусун;

- конкурстук жол-жоболорду өткөрүү жана сатып алуу усулдарын туура колдонуу бөлүгүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткарылышын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева