Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-декабры № 688
Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада бажы операцияларын жүргүзүү технологиясын бекитүү жөнүндө
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 98-беренесин, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада бажы операцияларын жүргүзүү технологиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |