Загрузка документа…
| Тиркеме |
|
Бажы органдарынын маалыматтык системаларын
пайдалануу менен электрондук формада бажы
операцияларын жүргүзүү
технологиясы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Технология бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен, анын ичинде алдын ала маалыматты, электрондук формадагы бажы декларациясын (мындан ары - ЭБД) берүүдө, товарларды чыгаруу, товарларга декларацияны электрондук формада бергенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда, электрондук формада декларацияланган товарларга бажы контролун жүргүзүүдө, ошондой эле товарларды чыгаргандан кийин бажы органдары менен декларанттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүдө бажы органдарына документтерди жана маалыматтарды электрондук түрдө (мындан ары - электрондук түрдөгү документтер) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысын жана ырааттуулугун аныктайт.
2. Бажы декларациясын жана башка документтерди, ошондой эле электрондук документ түрүндөгү маалыматтарды берүү бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Бажы декларациясын жана башка документтерди, ошондой эле электрондук документ түрүндөгү маалыматтарды жайгаштыруу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" маалыматтык сервисинин жардамы менен же бажы органдарынын маалыматтык системасына маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган программалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
3. Бажы декларациясын жана башка документтерди, ошондой эле электрондук документ түрүндөгү маалыматтарды бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу берүү үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу жөнөкөй же квалификациялуу электрондук кол тамга аркылуу авторизациялоодон өтүшү керек.
Тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен электрондук өз ара аракеттенүү менен байланышкан бажылык башкарууну жүзөгө ашырууда бажы органдары жөнөкөй же күчөтүлгөн квалификацияланбаган электрондук кол тамгаларды колдонот.
4. Электрондук түрдөгү документтерди, анын ичинде "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" маалыматтык сервисин пайдалануу менен алдын ала маалыматты жана ЭБДны жайгаштыруу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын маалымат базаларында камтылган маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык маалыматты коргоону жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга карата талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Бажы органдарына бажы декларациясын,
документтерди жана маалыматтарды электрондук
формада берүү
5. Бул Тартипти эске алуу менен товарларды бажылык декларациялоодо жана чыгарууда декларанттын бажы органы менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:
1) бажы органынын маалыматтык системасынын "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" сервиси аркылуу документтерди (маалыматтарды) алмашуунун электрондук ыкмасы;
2) бажы органы менен декларанттын ортосунда тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө маалыматтарды электрондук түрдө берүү.
6. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган учурларды кошпогондо, ЭБДда билдирилген маалыматтарды ырастоочу электрондук түрдөгү документтер декларант ЭБДны берүү менен бир убакта бажы органынын маалыматтык системасына жайгаштырылат.
ЭБД жана документтер жөнүндө маалыматтар электрондук түрдө декларант тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечимдери менен аныкталган түзүмдөргө жана форматтарга ылайык берилет.
7. Тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча тиешелүү чаралар аныкталган учурда декларант тарабынан документтердин түп нускаларын жана (же) алардын көчүрмөлөрүн кагаз жүзүндө берүү талап кылынат, бажы органынын суроо-талабынын негизинде көрсөтүлгөн документтер бажы органына Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 340-беренесине ылайык берилет.
8. Бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер бажы органдары тарабынан бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан жана чет мамлекеттердин бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан алынышы мүмкүн.
3-глава. Бажы декларацияларды электрондук формада
кабыл алуу, каттоо (каттоодон баш тартуу)
9. ЭБДны маалыматтык системага берүүдө автоматтык режимде Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечимдерине ылайык анын белгиленген түзүмдөргө жана форматтарга толук жана туура келишин жана декларанттын электрондук кол тамгасынын аныктыгын текшерүү жүргүзүлөт.
Берилген ЭБД толук эмес жана/же белгиленген түзүмдөргө жана форматтарга ылайык келбеген учурда декларантка каталардын бар экендиги жана/же жетиштүү маалыматтарды берүү зарылдыгы жөнүндө автоматтык түрдө билдирилет.
10. Толуктугун жана белгиленген түзүмдөргө жана форматтарга шайкештигин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин ЭБДга карата автоматтык түрдө аны берген датаны жана убакытты белгилөө жана бажы органдарынын маалыматтык системасына ЭБДны берүү менен байланышкан иш-аракеттер аткарылгандыгы жөнүндө декларантка автоматтык түрдө кабарлоо жүзөгө ашырылат.
11. ЭБДны берүү боюнча декларанттын аракеттери белгиленгенден кийин бажы органдары "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 100-беренесине ылайык белгиленген мөөнөттө бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзөт.
12. ЭБДны каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болгон учурда бажы органы Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 111-беренесинин 5-пунктуна ылайык баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди көрсөтүү менен ЭБДны каттоодон баш тартуу жөнүндө электрондук кабарлоону программалык каражаттарды пайдалануу менен түзөт жана кийин декларанттын дарегине билдирүү жөнөтөт.
13. Бажы органы тарабынан ЭБДны каттоодон баш тартуу үчүн негиздер жок болгон учурда автоматташтырылган режимде каттоо номери ыйгарылат жана декларантка ЭБДны каттоо номерин камтыган билдирүү жөнөтүлөт.
4-глава. Товарларды чыгаруу жана товарларды чыгаруу менен
байланышкан бажы операциялары
14. Товарларды чыгаруу, анын ичинде бажы органынын кызмат адамынын катышуусуз бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу товарларды чыгаруу (товарларды автоматтык түрдө чыгаруу), ЭБД катталган товарларды чыгаруудан баш тартуу жана чыгарууну жокко чыгаруу менен байланышкан бажы операциялары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 18-главасына ылайык жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын товарларды чыгаруу, товарларды чыгаруудан баш тартуу жана аларды чыгарууну жокко чыгаруу, товарларды чыгаруу мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө чечимдерди тариздөө, мындай токтото туруу мөөнөтүн узартуу жана аларды жокко чыгаруу, ошондой эле мындай чечимдердин кабыл алынгандыгы жөнүндө маалыматтык системада кабарлоо менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнү жөнгө салган чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Бажы органы тарабынан ЭБД катталган товарларды автоматтык түрдө чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) бажы органынын маалыматтык системасынын ишинин алгоритмдери (техникалык талаптары) менен аныкталган тиешелүү бажы документин текшерүүнүн шарттары сакталган болсо;
2) бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу тиешелүү бажы документин, анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу менен ушул бажы документинде билдирилген бардык товарларга карата маалыматтарды ырастоочу башка документтерди жана (же) электрондук түрдөгү маалыматтарды (бажы органынын маалыматтык системасында мындай документтер жана (же) маалыматтар болгон учурда) текшерүүнүн натыйжалары боюнча анда билдирилген маалыматтарга дал келбөө белгилери, ошондой эле документтердин түп нускаларын көрсөтүү зарылдыгы же товарлар чыгарылганга чейин бажы контролун жүргүзүү зарылдыгы табылбаса.
16. Эгерде бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу, анын ичинде тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча декларант (бажы өкүлү) билдирген маалыматтарга ылайык келбөө белгилери, ошондой эле документтердин түп нускаларын берүү зарылдыгы же бажы органынын кызмат адамы тарабынан бажы контролун жүргүзүү зарылдыгы аныкталса, товарлар чыгарылганга чейин бажы контролу жүргүзүлөт.
Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 310-беренесине ылайык тиешелүү бажы контролун жүргүзгөндөн кийин бажы органы бажы органынын маалыматтык системасы аркылуу товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
17. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 120-беренесине ылайык товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарууда декларант бажы органынын маалыматтык системасынын "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинети" сервисин колдонуу менен декларанттын электрондук колу коюлган товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды бажы органынын дарегине жөнөтөт.
Арызды берүү Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 120-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү менен коштолот.
Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыз, ошондой эле электрондук түрдөгү документтер декларант тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген түзүмдөргө жана форматтарга ылайык берилет.
18. Товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыз берилген учурда маалыматтык система тарабынан автоматтык режимде көрсөтүлгөн арыздын түзүмдөрүнө жана форматтарына ылайык келишин, ошондой эле электрондук кол тамганын аныктыгын текшерүү жүргүзүлөт.
19. Товарларды чыгаруу жөнүндө бул арыздын толуктугун жана белгиленген түзүмдөргө жана форматтарга ылайык келишин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин товарларга декларация берилгенге чейин анын берилген датасын жана убактысын автоматтык түрдө белгилөө жана товарларга декларация бажы органдарынын маалыматтык системасына берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арыз берүү менен байланышкан иш-аракеттердин аткарылгандыгы жөнүндө автоматтык түрдө кабарлоо жүзөгө ашырылат.
20. Бажы органы товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды каттайт же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 120-беренесинин 12-пунктунда каралган негиздер боюнча аны каттоодон баш тартат.
Бажы органы товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды каттоо жөнүндө, ыйгарылган каттоо номери, аны ыйгаруунун датасы жана убактысы жөнүндө, ошондой эле товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызды каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматты каттоодон баш тартуунун себебин, датасын жана убактысын көрсөтүү менен маалыматтык системада декларантка кабарлайт.
21. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 112-беренесине ылайык электрондук формадагы товарларга декларацияда (мындан ары - ТД) билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү зарыл болгон учурда декларант маалыматтык системаны пайдалануу менен бажы органынын дарегине төмөнкүлөрдү жиберет:
1) товарларды чыгарганга чейин ТДга билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө кайрылуу (мындан ары - кайрылуу) мындай өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун зарылдыгын негиздөө, ТДнын каттоо номерин көрсөтүү менен;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 289 "Товарларга декларацияда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жана Бажы бирлигинин комиссиясынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" чечимине ылайык форма боюнча толтурулган товарлар чыгарылгандан кийин товарларга декларацияны оңдоо;
3) ТДда билдирилген маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) ырастоочу документтер;
4) товарлардын бажы наркы жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген учурда - бажы наркынын декларациясы;
5) бажы төлөмдөрүн төлөө зарыл болгон учурда - алардын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер жана (же) маалыматтар.
Бажы органына ушул пунктта каралган кайрылууларды жана документтерди берген учурда бажы органы аларды берилген датасын көрсөтүп, маалыматтык системаны пайдалануу менен каттайт.
22. Бажы органы тарабынан товарларды чыгарганга чейин же чыгаргандан кийин ТДга өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде товарлардын бажы наркын оңдоо жөнүндө, ошондой эле документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ТДда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 289 чечими менен бекитилген Товарларга декларацияда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби боюнча программалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт жана декларантка тиешелүү маалыматтык системада билдирүү менен жеткирилет.
5-глава. Товарларды чыгаргандан кийин бажы органы
менен декларанттын ортосундагы өз ара аракеттенүү
23. Товарларды чыгаргандан кийин бажы органы менен декларанттын ортосундагы өз ара аракеттенүү маалыматтык системанын "Тышкы экономикалык иштин катышуучусунун жеке кабинетинин" сервиси аркылуу электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
24. Товарларды чыгаргандан кийин бажы органы менен декларанттын ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштурууда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 38-беренесинин 16-пунктунда, 126, 324, 326-беренелеринде, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 99, 109, 123-беренелеринде белгиленген максаттардын, талаптардын жана шарттардын сакталышын текшерүү жүргүзүлөт, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 315-беренесинде, 316-беренесинин 1-пунктунда, 331-беренесинде каралган өзгөчөлүктөр эске алынат.
25. Бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды жүргүзүүдө маалыматтар жетишсиз болгон учурда Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 340-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптар (талаптар) электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук формадагы билдирүүлөрдү пайдалануу менен жиберилет.
26. Бардык окуялардын аткарылышы дата жана убакыт жөнүндө тиешелүү системалык белгилерди коюу менен маалыматтык система тарабынан белгиленет.