НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 22-ноябры №19-03
Нурабад айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде жайгашкан кайракы үлүш жерлерин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жерлери менен алмаштыруу жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде жайгашкан кайракы үлүш 180,5 га жерлерин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жерлери менен алмаштыруу боюнча Нурабад айыл өкмөтүнүн сунушу, айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде жайгашкан кайракы үлүш 180,5 га жерлерин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн трансформация болгон жерлери менен алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде жайгашкан кайракы улуш 180,5 га жерлерин Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн трансформация болгон жерлери менен алмаштыруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтунүн жетекчилигине сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңешинин туруктуу мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Махамматов |