НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 22-ноябры №19-06
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин аткарылышы жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдукаюмовдун сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт комитетинин бюджетине түшкөн 75000 (жетимиш беш миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна которуп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна которулуп берилген 75000 (жетимиш беш миң) сом акча каражаты Жайыт комитетинин керектөөсү үчүн кайра толугу менен Жайыт комитетинин эсеп счетуна өткөрүп берилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Махамматов |