БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 161
жер участогунун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
"АГРОН" ЖЧКсынан 2023-жылдын 13-сентябрындагы жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө катынын негизинде, 2023-жылдын 2-февралындагы № 70620232064 сатып алуу-сатуу келишимин негизинде, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын сериясы Ч № 002108,с атып алуу-сатуу келишими № 70620232066 02.02.2023-ж., жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн (үлүшүнүн) сериясы Ч № 0040014, райондук комиссиянын корутундусу 12.10.2023-ж. жана КР Жер кодексинин 12, 13-беренелерине ылайык, КР Мыйзамынын "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" № 145 15.07.2013-ж., Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл аймагында жайгашкан "АГРОН" ЖЧКсына жеке менчик укугундагы жер участокторун төмөнкү контурларда которууга (трансформациялоого) Биринчи Май айыл өкмөтүнө макулдук берилсин:
– № 32 контур - аянты 0,53 га кайрак айдоо жерлер;
– № 36 контур - аянты 0,21 га кайрак айдоо жерлер;
– № 33 контур - аянты 2,2 га. жайыт;
"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан жалпы аянты 0,74 га кайрак айдоо жеринин түрү, жалпы аянты 2,2 га жайыт "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жерлери” жана башка багыттагы жерлер категориясына көп функционалдуу консерва заводун куруу үчүн курулуштардын астына;
2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи Майдын айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |