БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 166
кошо каржылоого акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.ж. Алыбековдун "кошумча каржылоого акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап, айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине билдирме берип жатат. Ак-Суу орто мектебинин 1 – кичи футбол аянтчасын куруу долбоорунун наркы - 4621,5 миң сом түзөт, кошумча төлөмдүн өлчөмү -1621,5 миң сом түзөт, башкача айтканда 35%, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен конкурска багытталган долбоор бекитилсин: Ак-Суу орто мектебинин № 1 кичи футбол аянтчасын курууга - 4621,5 миң сом.
2. ФЭБ башчысы Н.Б. Жумагулова 2024-жылга карата бюджетти түзүүдө Ак-Суу орто мектебинин №1 кичи футбол аянтчасын куруу долбоору боюнча кошумча каржылоого – 1621,5 миң сом акча каражатын бөлүү каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи Майдын айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |