Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 645
Кыргыз Республикасында БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасын (СПЕКА) ишке ашыруу менен байланышкан маселелер жөнүндө
БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасында Кыргыз Республикасынын кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын жумушчу топторундагы Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
1) макроэкономикалык, соода жана тышкы экономикалык саясат жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасында (мындан ары - СПЕКА) Улуттук координатордун функциялары;
2) тышкы иштер чөйрөсүндө жана тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана башкарууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарына СПЕКА Улуттук координаторунун орун басарынын функциялары.
2. СПЕКА долбоордук жумушчу топторунун координаторлору болуп төмөнкү мамлекеттик органдар аныкталсын:
1) суу жана энергетика ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча жумушчу топ - айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, геология жана жер казынасын пайдалануу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) туруктуу транспорт, транзит жана байланыш боюнча жумушчу топ - автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту (жолдор) чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүчү жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) соода боюнча жумушчу топ - тышкы жана ички соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) билимге негизделген экономиканы өнүктүрүү боюнча жумушчу топ - инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
5) статистика боюнча жумушчу топ - улуттук статистика системасында расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүрүү жана жайылтуу боюнча ишти координациялоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
6) гендер жана туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча жумушчу топ - социалдык камсыздоо жана гендердик теңчилик чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар СПЕКА жумушчу топторунун алкагындагы жумушчу кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча жумушчу топтордун жыйналыштары өткөрүлгөн учурдан тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен СПЕКА Улуттук координаторунун жана Улуттук координаторунун орун басарынын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчетторду берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 268 "Кыргыз Республикасында Борбордук Азиянын экономикасы үчүн БУУнун атайын программасын (СПЕКА) ишке ашыруу менен байланышкан маселелер жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3547) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |