Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 671 токтомуна) |
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн учурдагы кырдаалына жалпы баа берүү
Кластердик өнүктүрүүнү колдонуу менен 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) тамак-аш өнөр жайын модернизациялоо үчүн шарттарды түзүүгө, тамак-аш продукциясына рыноктун дүйнөлүк конъюнктурасын, тышкы жана ички рынокто мүмкүн болуучу тобокелдиктерди эске алуу менен 2027-жылга чейин тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы республиканын өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат, анын үлүшүнө бардык өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 20 пайыздан ашыгы жана экспорттун 25 пайыздан ашыгы туура келет.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары негизинен ички республикалык керектөө үчүн өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган азыктарды кайра иштетүүгө жана кайра иштетилген азыктарды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна сатууга негизделген.
Бул Программанын максаты кайра иштетүү өнөр жайын жаңы өнүгүү деңгээлине чыгарууга мүмкүндүк берген уюштуруучулук, экономикалык, техникалык иш-чараларды иштеп чыгуу, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жолу менен өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, азык-түлүк жана сырьелук ресурстардын ички булактарын өнүктүрүүнүн туруктуулугуна жетишүү болуп саналат.
Программада тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын абалына, экономикалык жана социалдык көйгөйлөргө, 2027-жылга чейин республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү ыкмаларына талдоо жүргүзүлөт.
2022-жылдын деңгээлине карата орточо жылдык өсүү темпи 2% болгон учурда, 2023-жылы азык-түлүк өндүрүшү 1,1 эсе көбөйүшү керек. Тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы боюнча күтүлүүчү көрсөткүчтөр айдоо аянттарын жана кант кызылчасынын, интенсивдүү багбанчылыктын түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун эсебинен камсыздалат.
2022-жылдын деңгээлине карата жылдык орточо өсүү темпи 3-4% болгон учурда, 2027-жылы азык-түлүк өндүрүшү 1,5 эсе көбөйүшү керек. Ошол эле учурда эт-сүт продукциясынын, канттын жана жашылча-жемиш продукциясынын өсүү темпи болжолдонууда. Өндүрүш кубаттуулугун пайдалануу коэффициенти 40 пайызга жетиши керек.
Бул программа тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, системалуу өнүктүрүүнүн тизмесин, атаандаштык артыкчылыктарын жана негизги көйгөйлөрдү камтыйт. Сунушталган программанын башкы өзгөчөлүгү болуп өлкөнүн экономикалык жана социалдык түзүмүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин системасында тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүдө кластердик саясаттын ролун жаңыча түшүнүү саналат.
Бул документтин негизги бөлүмдөрү болуп бардык күч-аракеттер жана колдо болгон ресурстар топтоло турган стратегиялык артыкчылыктарда аныкталган максаттарга жетүү жолдоруна жана механизмдерине арналган бөлүмдөр саналат.
Программа системалык негизде өнүктүрүүнүн максаттарын жана артыкчылыктарын айкалыштырууну координациялоого жана баш ийдирүүгө, иш-аракеттер планын макулдашууга, ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө өз убагында түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.
2. Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. Жетишкендиктер
Акыркы 5 жыл ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү өсүү тенденциясына ээ болду.
2022-жылдын январь-декабрь айларынын ичинде жалпы республика боюнча айыл чарбасынын дүң продукциясы учурдагы баа боюнча 354680,8 млн. сом суммага өндүрүлгөн же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30145,3 млн. сомго көп болгон.
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын салыштырма салмагы 11,88%, 2021-жылы - 10,87%, 2022-жылы 61986,4 млн. сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 30234,3 млн. сомго, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 26,4%га көбөйдү.
Азыркы учурда (2023-жылдын 1-кварталы) тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайында орточо эмгек акы 14300 сомду түзгөн, 19275тен ашык кызматкер эмгектенген 407 чарбакер субъектти (юридикалык жакты) бириктирүүчү 30дан ашык тармакты камтыйт. Мындан тышкары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында 10499 ашуун чакан жеке ишкер иштейт.
2022-жылдын январь-декабрь айларында ишканалар тарабынан учурдагы баа менен 61986,4 млн. сом суммасына тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки продукциясы өндүрүлгөн физикалык көлөмдүн индекси 111,1% түзгөн.
Алардын ичинен:
6232,0 млн. сом суммасына эт азыктары өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 105,9%га көп (2021-жылы 4211,0 млн. сом суммасына эт азыктары өндүрүлгөн);
1085,0 млн. сом суммасына мөмө-жемиш жана жашылчаларды кайра иштетүү жана консервалоо продукциясы өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 148%га көп (2021-жылы 801,1 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
187,5 млн. сом суммасына мал жана өсүмдүк майлары өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 102%га көп (2021-жылы 58,3 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
6402,3 млн. сом суммасына ун жана акшак өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 134,5%га көп (2021-жылы 3960,7 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
7719,1 млн. сом суммасына нан жана ундан жасалган узак мөөнөткө сакталбаган кондитердик азыктары өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 105,3%га көп (2021-жылы 6965,8 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
1178,0 млн. сом суммасына макарон азыктары өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 126,6%га көп (2021-жылы 793,6 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
6971,7 млн. сом суммасына кант өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 159,3 %га көп (2021-жылы 2570,0 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
2500,7 млн. сом суммасына алкоголь ичимдиктери өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 116,7%га көп (2021-жылы 1574.2 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
1862,4 млн. сом суммасына 22344,8 миң литр пиво өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 9,3%га көп (2021-жылы 1382,9 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
16,8 млн. сом суммасына тамеки өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 140%га көп (2021-жылы 12,1 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
15668,4 млн. сом суммасына сүт азыктары өндүрүлдү, 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 0,4%га аз (2021-жылы 11846,2 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
8329,4 млн сом суммасына минералдык жана алкоголсуз суусундуктары, бөтөлкөдөгү минералдык жана башка суулар өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 0,8%га аз (2021-жылы 5925,1 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
255,0 млн. сом суммасына жүзүмдөн жасалган шарап өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 19,2%га аз (2021-жылы 370,2 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
902,2 млн. сом суммасына сухарь жана печенье, узак мөөнөткө сакталуучу ундан жасалган кондитердик азыктар өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 3,4%га аз (2021-жылы 728,6 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
87,6 млн. сом суммасына какао, шоколад жана канттан жасалган кондитер азыктары өндүрүлдү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 0,9%га аз (2021-жылы 73,5 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
кофе жана чайды кайра иштетүү 367,7 млн. сомду түздү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 19,3%га аз (2021-жылы 463,0 млн. сом суммасына өндүрүлгөн);
балыкты кайра иштетүү жана консервалоо продукциясы 168,0 млн. сомду түздү, бул 2021-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда 23,1%га аз (2021-жылы 156,5 млн. сом суммасына өндүрүлгөн).
Отчеттук мезгил ичинде тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукциясын өндүрүү Чүй облусунун региондорунда өстү, республика боюнча тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукциясын өндүрүүнүн үлүшү 63% түзөт, Жалал-Абад облусунда - 2%, Нарын облусунда - 1%, Баткен облусунда - 1%, Ысык-Көл облусунда - 2%, Ош облусунда - 1%, Талас облусунда - 2%, Бишкек шаарында - 26% жана Ош шаарында - 2%.
Жалпысынан жогоруда аталган тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн көлөмүнүн төмөндөшү тоютка, чийки затка, азык-түлүккө, ингредиенттерге жана көмөкчү материалдарга баалардын өсүшүнүн таасиринен улам келип чыккан. Ошону менен бирге ата мекендик продукциянын айрым түрлөрүнө суроо-талаптын төмөндөшүнөн жана сатуу көлөмүнүн азайышынан, өндүрүлгөн продукцияга баанын өсүшүнөн улам калктын төлөө жөндөмдүүлүгү ылдыйлаган.
Тамак-аш өнөр жайынын жана тамак-аш азыктарынын өндүрүш көлөмү (ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын кошкондо)
(млн. сом)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү | 237225,3 | 257348,5 | 283971,7 | 325090,1 | 370533,8 | 425945,9 |
Тамак-аш тармагынын өндүрүш көлөмү | 31752,1 | 31826,4 | 33743,3 | 35330,0 | 45560,0 | 61986,4 |
Физикалык көлөмдүн индекси, % | 112,3 | 104,7 | 103,9 | 93,4 | 113,3 | 111,1 |
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө тамак-аш тармагынын салыштырма салмагы, % | 17,5 | 15,9 | 15,0 | 12,73 | 15,39 | 14,55 |
Акыркы жылдары тамак-аш өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги драйверлеринин бири болуп саналат, ал ата мекендик инвесторлор жана эл аралык өнүктүрүү институттары үчүн инвестициялык жактан жагымдуу, атап айтканда, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду, Дүйнөлүк банк жана башка финансылык институттар тарабынан олуттуу көлөмдө инвестициялар салынганы белгиленүүдө.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө карабастан, өлкөнүн айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча импорттук көз карандылык жогору бойдон калууда, анын ичине жашылча-жемиштер, эт-сүт азыктары, кант жана кондитердик азыктар, алкоголдук жана алкоголсуз продукция, ун азыктары кирет.
2.2. Көйгөйлөр
Ошону менен бирге инновациялык технологиялардын негизинде ишканаларды модернизациялоонун темпи төмөн бойдон калууда, өндүрүштү диверсификациялоого жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк болгон жок, тамак-аш продукциясынын импортунун анын экспортунан ашып кетиши муну айгинелеп турат.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын начар материалдык-техникалык базасы жана тез бузулуучу чийки затты жана азык-түлүктү сактоо, ташуу жана муздаткыч менен кайра иштетүү өнүкпөгөн инфратүзүм баштапкы чийки затты комплекстүү кайра иштетүүгө жана сактоо үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бербейт, бул өз кезегинде кошумча жоготууларга, продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын төмөндөшүнө алып келет.
Жеңилдетилген финансылык каражаттарга жеткиликтүүлүк тийиштүү деңгээлде эмес бойдон калууда, бул ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү жана өндүрүштү диверсификациялоону кармап жатат.
Ошондой эле тармактын андан аркы өнүгүшүнө төмөнкү көйгөйлөр тоскоол болууда:
- айыл чарба өндүрүшүнүн майда товардуулугу жана айыл чарба сырьёсунун айрым түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмүнүн чектелиши;
- айыл чарба чийки затына болгон баанын жогорку деңгээлдеги туруксуздугу;
- технологиялык жабдуулардын моралдык жана физикалык жактан эскириши;
- импорттук жабдууларга жана запастык бөлүктөргө болгон баанын кымбаттыгы;
- ички рынокто тең эмес атаандаштыкты түзүүчү эсепке алынбаган жана сапаты төмөн тамак-аш азыктарынын жогорку көлөмдөгү импорту;
- негизги соода өнөктөштөр тарабынан тамак-аш продукциясынын экспортуна тоскоолдук кылуучу протекционисттик чаралар;
- пайыздык чендери төмөн жана кайтаруу мөөнөтү узакка созулган кредиттерге жеткиликтүүлүк чектелген бойдон калууда;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү көлөмүнүн төмөндүгү;
- кошумча нарк чынжырчасы боюнча тармактык кластерлердин алсыздыгы;
- ички жана тышкы азык-түлүк рынокторунда тамак-аш азыктарын өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы;
- тамак-аш продукциясын сактоо, ташуу жана товар жүгүртүү логистикасынын инфраструктурасынын өнүкпөгөндүгү;
- тамак-аш азыктарынын сапатынын эл аралык стандарттарын киргизүүнүн төмөн деңгээли, анын ичинде ISO (англ. International Organization for Standardization - эл аралык стандартташтыруу уюму), ХАССП (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points, HACCP - тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдоо чекиттери) - продукциянын коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизүүчү кооптуу факторлорду башкарууну жана баалоону, системалуу идентификациялоону караган концепция жана ГЛОБАЛ ГЭП (GLOBAL G.A.P. - негизги продукциянын контролдонуучу өндүрүш процесстерин камтыйт, ал жапайы жаныбарларга, балыктарга жана жапайы жерлерден чогултулган айыл чарба өсүмдүктөрүнө жайылтылбайт).
3. Максат, артыкчылыктар, милдеттер жана Программаны ишке ашыруу боюнча чаралар
3.1. Максат
Программанын максаты тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана өнүктүрүү жолу менен өлкөнүн калкын коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, тармактын инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу, азык-түлүктүн импортун алмаштыруу максатында өндүрүлүүчү улуттук продукциянын көлөмүн көбөйтүү үчүн кластердик өнүгүүнүн негизинде агроөнөр жай комплексинин (АӨК) субъекттерин бириктирүү болуп саналат.
3.2. Артыкчылыктар
Программанын белгиленген максаты төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттарга ээ:
1-артыкчылык. Агрокластердик ыкманы колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү.
2-артыкчылык. Эт, сүт жана жумуртка кластерлеринин агрегаторлорун өнүктүрүү.
3-артыкчылык. Мөмө-жемиш жана жашылча кластерин өнүктүрүү.
4-артыкчылык. Ун жана нан азыктарын өндүрүү секторунда "дан" кластеринин агрегаторлорун өнүктүрүү.
5-артыкчылык. "Бал" кластерин өнүктүрүү.
6-артыкчылык. Балык кластерин өнүктүрүү.
7-артыкчылык. Агро кайра иштетүү секторун өнүктүрүү.
8-артыкчылык. Органикалык продукция өндүрүшүн өнүктүрүү.
9-артыкчылык. Жашыл агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чаралары.
3.3. Милдеттер жана чаралар/аракеттер
Программаны ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет:
- калктын тамак-аш азыктарына болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тармактарын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын, логистика объекттерин, жаңы жумуш орундарын түзүү жана республиканын калкын иш менен камсыздоону жогорулатуу;
- чийки зат ресурстарын толук жана натыйжалуу пайдалануу;
- кластердик бирикмелердин агрегатору катары тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын жана кластердик өндүрүштү төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүү:
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишкерлерин колдоо үчүн "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу.
1-артыкчылык. Агрокластердик ыкманы колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү
1-милдет. Агрокластердик ыкманы колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын калыптандыруу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- 2024-2034-жылдарга карата агроөнөр жай комплексинде кластердик саясат концепциясын иштеп чыгуу.
2-артыкчылык. Эт, сүт жана жумуртка кластерлеринин тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын агрегаторлорун өнүктүрүү
2-милдет. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы ишканаларын, логистика объекттерин, жаңы иш орундарын түзүү жана өлкенүн калкын жумуш орундары менен камсыз кылуу.
Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- эт жана сүт кластерин, ошондой эле жумуртка кластерин колдонуу менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча мастер-планды иштеп чыгуу;
- эт, сүт кластерлери үчүн тамак-аш азык-түлүктөрүн кайра иштетүү техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТЭН) иштеп чыгуу;
- жылына төрттөн кем эмес жаңы тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын ишке киргизүү, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарында ар биринде бирден.
3-милдет. Өндүрүлгөн эттин, сүттүн жана жумуртканын көлөмүн көбөйтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарын камсыз кылуу үчүн өндүрүүчү букалардын уругун жеке өндүрүүнүн жана чет өлкөдөн алып келүүнүн көлөмүн көбөйтүү;
- токтоп турган жаныбарларды жасалма уруктандыруу пункттарын ишке киргизүү жана жаңы пункттарды түзүү;
- сүт, эт жана жумуртка багытындагы асылдандыруу чарбалары үчүн асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды сатып алуу;
- мал чарбасы үчүн алыскы жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга шарттарды түзүү;
- региондордо экиден кем эмес бордоп семиртүү цехтерин куруу үчүн шарттарды түзүү;
- тоют өндүрүү заводун куруу үчүн шарттарды түзүү;
- сүт-товардык фермаларды куруу үчүн шарттарды түзүү.
4-милдет. Өндүрүлгөн сүттүн жана эттин сапатын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- фермердик чарбаларга асыл тукум малды лизингге жана дотацияга берүүнүн финансылык механизмдерин иштеп чыгуу;
- ветеринардык контролду күчөтүү жана эт-сүт продукциясына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- этти кайра иштетүү тармагындагы ишканаларды жандандырууга инвестициялык сунуштарды жана бизнес-пландарды даярдоо, инвестицияларды тартуу.
5-милдет. Өндүрүлгөн сүт жана эт азыктарын кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- НАССР жана ISO 22000 стандарттарын колдонуу боюнча эт жана сүт тармактарынын ишканаларынын операторлорун практикалык окутуу.
6-милдет. Сүттү жана этти кайра иштетүү секторундагы кошумча нарктын чынжырчасынын (КНЧ) катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- ар бир максаттуу топ менен КНЧ боюнча тиешелүү окууларды өткөрүү;
- өндүрүүчүлөрдүн, мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрдүн адал продукцияны экологиялык эрежелер менеджмент системасы болгон ISO 9001, ISO 14001, ISO 22000, FSSC 22000 стандарттарын киргизүү чөйрөсүндөгү билим деңгээлин жогорулатуу.
3-артыкчылык. Мөмө-жемиш жана жашылча кластеринин тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай агрегаторлорун өнүктүрүү
7-милдет. Өндүрүүчүлөрдүн маркетинг топторун түзүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- мөмө-жемиш, жашылча, картошка кластерлерин өнүктүрүү боюнча мастер-планды иштеп чыгуу;
8-милдет. Мөмө-жемиштерди кайра иштетүү сапатын жакшыртуу жана түшүм жыйноодон кийинки технологияны өркүндөтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- жаңы мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын азыктык сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо жана бекитүү;
- алдынкы тажрыйбаларга негизделген чийки затты баштапкы иштетүүнүн жаңы технологиясын киргизүүгө көмөк көрсөтүү;
- 2023-2027-жылдарга карата тамчылатып сугарууну киргизүү менен интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
- фермерлерге же кайра иштетүүчүлөргө тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды сатып алууга пайызы төмөн же пайызсыз ссуда берүү боюнча ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу (5-7 жылга).
9-милдет. Мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерди жыйноо үчүн логистикалык борборлорду жана дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү.
Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- 2024-2028-жылдарга карата соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
- соода-логистикалык жана дүң-бөлүштүрүү борборлорун (мындан ары - СЛБ жана ДББ) куруу үчүн ТЭН иштеп чыгууну аяктоо;
- инвесторлордун каражаттарынын эсебинен Ысык-Көл облусунда СЛБ куруу;
- кампа тил кат системасын киргизүү.
10-милдет. Жашылча-жемиш КНЧ катышуучуларынын бшгам деңгээлин жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- ар бир максаттуу топ үчүн тиешелүү окууларды өткөрүү;
- GLOBAL GAP, ISO 22000 стандарттарына окутуу.
4-артыкчылык. "Дан" кластерин түзүү менен ун жана нан азыктарын өндүрүү секторунун агрегаторлорун өнүктүрүү
11-милдет. Ун жана нан азыктары тармагында кластердик бирикмелерди түзүү менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
аштык буудай данынын айдоо аянттарын көбөйтүүгө дем берүү.
12-милдет. Өндүрүлгөн ундун жана нан азыктарынын сапатын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
фермерлерди бириктирүүгө дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ун тартуу кластерине киргизүү.
13-милдет. Калктын ден соолугун камсыз кылуу жана жашоо сапатын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- ар бир максаттуу топ үчүн тиешелүү окууларды өткөрүү;
- НАССР и ISO 22000 системасынын негизинде ун жана нан бышыруучу ишканаларынын операторлорун практикалык окутуу.
5-артыкчылык. "Бал" кластерин түзүү менен тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын агрегаторлорун өнүктүрүү
14-милдет. Бал аарычылык объекттерин колдоо жана контролду күчөтүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- бал аарычылык объекттерине ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү;
- бал аарычылык чөйрөсүнүн субъекттерине ветеринардык кызматтарды көрсөтүү.
15-милдет. Тамак-аш коопсуздугунун системасын жана өндүрүлгөн аары азыктарынын сапатын киргизүү жана бал аарычылыкта селекциялык-асыл тукум иштерин уюштуруу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- Эл аралык стандарттардын ченемдери боюнча сертификацияланган лабораторияларды уюштуруу, аккредитациялоо;
- асыл тукум бал челектерин уюштуруу жана селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү;
- бал аарычылыкка окутуу, бал аарычылык боюнча адистердин, менеджерлердин жана ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу.
6-артыкчылык. Балык кластеринин тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай агрегаторлорун өнүктүрүү
16-милдет. Балык чарба чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- балык кластерин өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү.
17-милдет. Балык чарбаларындагы ветеринардык коопсуздук.
Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- балык илдетин диагностикалоо алдын алуу жана дарылоо боюнча ихтиопатологиялык лабораторияларды жана адистештирилген көчмө экспресс-лабораторияларды түзүү;
- балык өстүрүү объекттерине ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү.
18-милдет. Өндүрүлгөн балык продукциясын кайра иштетүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- балык тармагындагы ишканалардын операторлоруна НАССР жана ISO 22000 стандарттарын колдонууга тиешелүү практикалык окутууларды өткөрүү.
19-милдет. Балыкты кайра иштетүү секторундагы КНЧ катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
ар бир максаттуу топ менен КНЧ боюнча окуу өткөрүү.
20-милдет. Аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
балыкты жана балык продукциясынын ассортиментинин экспортун уюштуруу максатында Жалал-Абад, Чүй облустарында логистикалык борборду түзүү.
7-артыкчылык. Агрокайра иштетүү секторун өнүктүрүү
21-милдет. Агрокайра иштетүү секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү Бул милдет төмөнкү чараны аткаруу менен чечилет:
- кайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияны ачуу боюнча донорлор жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Коммерциялык банктардын каражаттарына жаңы кредиттик линияны жана агрокайра иштетүүчү компаниялар үчүн жаңы кредиттик линияны ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө.
22-милдет. Региондордо тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- айыл чарба продукцияларын экспорттоону жана реэкспорттоону уюштуруу максатында Баткен облусунда 2 логистикалык борборду түзүү;
- Баткен облусунун аймагында 5-10 миң га жаңы жерди максаттуу бөлүп берүү жана суу менен камсыз кылуу менен Баткен облусунда өрүк боюнча кластерди түзүү;
- Баткен облусунун аймагында мисте дарактарын өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн 50 миң га бош жаткан таштак жерлерди өздөштүрүү;
- Нарын облусунда этти жана сүттү кайра иштетүү боюнча аймактык кластерди - 5тен кем эмес КНЧ түзүү;
- Нарын облусунда бордоп семиртүүчү цехти куруу;
- Жумгал районунда мал союучу цехти куруу;
- Ат-Башы районунда логистикалык борборду куруу;
- 3төн кем эмес майда товардык фабрика куруу (мындан ары - МТФ);
- Ысык-Көл облусунда жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананы түзүү;
- Ысык-Көл облусунда бордоп семиртүүчү цехти түзүү;
- үчтөн кем эмес МТФ түзүү;
- этти жана сүттү кайра иштетүү боюнча ишканаларга көмөк көрсөтүү;
- Ысык-Көл облусунда логистикалык борборду куруу;
- картошка жана өрүктү кайра иштетүүчү цехти түзүү;
- Чүй облусунда кант, сүт, эт, ошондой эле өсүмдүк майынын кластерин түзүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү ишканаларды куруу;
- жаңы технологияларды жана инновациялык өндүрүштүк долбоорлорду илгерилетүүнү камсыздоо жана тамак-аш жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча иштин натыйжалуу түрлөрүн аныктоо;
23-милдет. НАССР сыяктуу өзүн-өзү контролдоо системасын ишке ашырууга тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына көмөктөшүү. Бул милдет төмөнкү чараны аткаруу менен чечилет:
тамак-аш индустриясынын ишканаларына НАССР системасын киргизүүгө көмөктөшүү.
Сыноо лабораторияларын керектүү жабдуулар менен толуктоо:
- республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун;
- Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборун.
24-милдет. Тамак-аш жана кайра иштетүү продукциясынын маркетингин жана сатылышын камсыз кылуу. Бул милдет төмөнкү чараны аткаруу менен чечилет:
мамлекеттик экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн толук тездетилген спектрин алуу максатында "Сонун" кыргыз экспорттоочуларынын жашыл тизмесин түзүү.
25-милдет. Айыл чарба продукциясынын маркетингин жана сатылышын жакшыртуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- өлкөнүн чекене тармактарынын текчелеринде тамак-аш азыктарынын көлөмүн көбөйтүү;
- өлкөнүн чекене тармактарынын текчелеринде тамак-аш азыктарынын түрлөрүн көбөйтүү;
- республикада айыл чарба жарманкелерин уюштуруу.
26-милдет. Айыл чарба жана тамак-аш азыктарын сатуу үчүн онлайн аянтчаны түзүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- айыл чарба азыктарын сатуу үчүн мобилдик тиркеме менен онлайн аянтчаны иштеп чыгуу же иштеп жаткан платформалардын алкагында өнүктүрүү;
- кампа тил каттары боюнча онлайн аянтчаны иштеп чыгуу;
- багбанчылык жана жашылча-жемиштерди сатуу боюнча онлайн аянтчаларды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү.
27-милдет. Тышкы рынокто ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- 2023-2027-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана бекитүү;
- экспортту өнүктүрүү боюнча натыйжалуу адистештирилген мамлекеттик институтту түзүү;
- тамак-аш продукциялары үчүн салттуу жана жаңы сатуу рынокторуна изилдөө жүргүзүү;
- "Кыргызстанда жасалган" продукциянын эл аралык таанылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.
8-артыкчылык. Органикалык продукция өндүрүшүн өнүктүрүү
28-милдет. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү колдоо, сертификаттоо системасын киргизүү жана өнүктүрүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- органикалык өндүрүштү сертификациялоо органын уюштурууга көмөктөшүү жана эл аралык стандарт боюнча органды аккредитациялоо;
- органикалык продукцияны экспорттоо үчүн тиешелүү кампалары бар төрт органикалык логистикалык борборду түзүү.
29-милдет. КНЧ өнүктүрүүгө органикалык продукцияны өндүрүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды камсыз кылуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- фермерлерди өсүмдүктөрдү коргоонун коопсуз каражаттары жана органикалык жер семирткичтери менен камсыздоо;
- органикалык үрөн өстүрүү үчүн 4 үрөнчүлүк чарбасын уюштуруу;
- өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, ошондой эле колдонуудагы стандарттар боюнча органикалык өндүрүштү жүргүзүү, мониторинг боюнча иштеген кадрларды кайра даярдоо.
30-милдет. Фермерлердин маалыматтуулугу жана органикалык продукцияны өндүрүү жөнүндө билим алуусун камсыз кылуу. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- стандарттарга ылайык органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча фермерлер үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрүү;
- калкка органикалык айыл чарба өндүрүшү жана туура тамактануу жөнүндө ЖМК аркылуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу.
31-милдет. Менеджмент системасына жана инновацияларды өнүктүрүүгө эл аралык стандарттарды киргизүү. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- Global G.A.P. эл аралык стандартынын талаптары жөнүндө айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын билим деңгээлин жогорулатуу;
- талаптарды чечмелөө (интерпретация) боюнча улуттук колдонмону иштеп чыгуу.
9-артыкчылык. Жашыл агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чаралары
32-милдет. Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана бардык өндүрүш факторлорун натыйжалуу пайдалануу үчүн технологияны өнүктүрүү, жашыл айыл чарбасын каржылоо. Бул милдет төмөнкү чараларды аткаруу менен чечилет:
- жашыл климаттык фонддорго долбоордук сунуштарды даярдоо жана берүү;
- "жашыл агроөнөржай комплекси" үчүн айыл чарбасына каражат бөлүүнү караган колдонуудагы жеңилдетилген кредиттөөгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- айыл чарбасына биогаз орнотмолору, өндүрүштөгү ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана ушул сыяктуу үчтөн кем эмес технологияларды киргизүү.
4. Тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын негизги тармактарын өнүктүрүү
Кант тармагы
Акыркы жылдары кант кызылчасын жана чийки кантты өндүрүү төмөндөө тенденциясына ээ. 2017-жылга салыштырмалуу кант кызылчасын өндүрүү 244,0 миң тоннага азайган. Өндүрүштүн төмөндөшүнө кант кызылчасынын айдоо аянтынын кичирейиши жана түшүмдүүлүгүнүн азайышы себеп болду.
Кант өндүрүүнүн көлөмү жана кант кызылчасын дүң жыйноо
(мин тонна)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Кант кызылчасын дүң жыйноо (фабрика) | 712,3 | 773,0 | 741,1 | 448,8 | 365,6 | 468,1 |
Кант өндүрүү | 100,36 | 122,54 | 99,7 | 51,3 | 64,88 | 60,1 |
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында кант өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн 2 чарбакер субъект иштейт, бул эки ири компания - "Кайыңды Кант" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "Кошой" ААК.
Тармакты өнүктүрүү үчүн Чүй жана Талас облустарында кант кызылчасын айдоо аянттарын 20 миң гектарга жеткирүү зарыл, кант кызылчасынын орточо түшүмдүүлүгү 45 т/га болгон учурда, дүң жыйымы 900,0 миң тоннаны түзүп, эки заводдун кызматкерлерин иш менен камсыз кылат.
Республиканын калкынын кумшекерге болгон муктаждыгы бекитилген ченемдери боюнча караганда, 145,0 миң тонна чегинде болот. Алардын ичинен "Coca-Cola" ишканасы 20 миң тоннаны керектейт.
Ички рыноктун кантка болгон муктаждыгынын 40-45% ички өндүрүштүн эсебинен, калганы импорттун эсебинен камсыздалат.
2021-жылы 10 миң тонна көлөмүндөгү чийки кантты кошкондо, канттын импорту 50,9 миң тоннаны түздү.
Бул тармактын негизги көйгөйлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
- кант кызылчасын өстүрүү үчүн жер аянттарынын жетишсиздиги;
- түшүмдүүлүктүн төмөндүгү;
- фермерлердин жана кант заводдорунун жеңилдетилген кредит алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндүгү;
- фермерлер менен кант заводдорунун ортосундагы мамилелердин чабалдыгы.
Кант тармагын өнүктүрүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- фермерлердин жер, суу жана финансы ресурстарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
- кооперацияны өнүктүрүү аркылуу товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба өндүрүшүнүн жүгүртүү каражаттары - айыл чарба техникасы, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу;
- кант кызылчасы кластеринин бардык чынжырчасы боюнча мамилелерди жакшыртуу;
- заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү кубаттуулуктарды өстүрүүнүн негизинде кант заводдорун андан ары техникалык жактан кайра жабдууну жана модернизациялоону жүргүзүү;
- аталган өсүмдүктү өстүрүү үчүн айдоо аянттарынын түзүмүн оптималдаштыруу;
- кызылчанын продуктивдүү сортторун жана гибриддерин өстүрүүгө өтүү менен түшүмдүүлүктү жогорулатуу.
Сүт тармагы
Сүт тармагы айыл чарбасындагы атаандаштыкка жөндөмдүү агроөнөр жай сектору болуп саналат.
Сүт жана сүт азыктарын өндүрүү жыл сайын өсүү тенденциясына ээ. Өсүү уйлардын санын көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалат.
Сүт азыктарын өндүрүүнүн көлөмү
(тонна менен)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Иштетилген суюк сүт | 31412,0 | 38352,3 | 40471,0 | 66375,6 | 63911,9 | 56277,2 |
Катуу формадагы сүт жана каймак | 4153,9 | 3974,7 | 5996,3 | 8173,8 | 5642,8 | 3497,6 |
Ар түрдүү жуулган май | 4623,4 | 4422,4 | 5621,1 | 8173,8 | 8274,3 | 8759,7 |
Эритилген түрүн кошуу менен бардык типтеги сырлар | 3908,0 | 4105,4 | 3628,9 | 7442,9 | 6638,6 | 6923,1 |
Тоңдурулган жана ошого окшош азыктар | 4547,3 | 5483,9 | 5066,6 | 5020,8 | 6224,0 | 8604,5 |
Өлкөнүн аймагында сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча 50 ири жана орто ишкана жана 560тан ашык чакан ишкана иштейт.
Ошону менен бирге сүт секторунун потенциалы толук көлөмдө пайдаланылбай жатат, анткени сүт багытында алектенген фермерлер жана дыйкандар сүттү түздөн-түз керектөөчүгө же кайра иштетүүчү ишканаларды айланып өтүп, жергиликтүү рыноктор аркылуу сатууну улантып жатышат.
Мындан тышкары, бул сектордо фермерлердин, сүт даярдоочулардын жана сүт заводдорунун ортосунда өткөрүү жөнүндө келишим түзүлбөстөн, накталай акча операцияларын жүргүзүү басымдуулук кылат, сүт агрегаторлору тапшырылган сүткө накталай акча каражаттары менен эсептөө жүргүзүшөт. Сүттү чогултуу сүт даярдоочулар тарабынан жүргүзүлөт, ал эми кайра иштетүүчү агрегаторлор даярдоочулар менен иш алып барууну артык көрүшөт, бирок чийки сүттү түздөн-түз сүт иштетүүчүлөргө жеткирүү жетишсиз деңгээлде калууда.
Сүт сектору саап алынган сүттүн аз көлөмү менен мүнөздөлөт, жылына бир уйдан 2000-2500 литр сүт саалып, чакан айылдык үй чарбаларынын жана фермерлердин сүт өндүрүшү басымдуулук кылат, ошондуктан орто жана ири фермер чарбаларынын саны сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жетишсиз бойдон калууда.
Ошону менен бирге тышкы рынокто, өзгөчө Казакстанда жана Россияда ийгиликтүү сатылуучу сүт кластеринин ишканалары - агрегаторлору сүт продукциясын өндүрүшөт.
Сүт тармагынын өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:
- асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик инвестициялардын, сүт кластеринде жогорку сапаттагы асыл тукум букаларды пайдалануу менен жасалма уруктандырууну колдонуунун көлөмүнүн жетишсиздиги;
- сүт-товардык фермаларды жана тоют цехтерин курууга инвестициялардын жетишсиздиги;
- чакан товардык өндүрүш;
- фермерлер менен сүт иштетүүчүлөрдүн ортосунда түз байланыштын жоктугу;
- сүт даярдоочуларда жана фермерлерде ЕАЭБдин сүт боюнча техникалык регламентинин талаптарына ылайык келген керектүү жабдуулардын (резервуарлардын, сыйымдуулуктардын, муздаткычтардын жана танкерлердин) жоктугу;
- сүт ишканалары алынган сүттүн курамына, майлуулугуна жана сапатына талдоо жүргүзүүчү сүт чогултуу пункттарынын тармагын өнүктүрүүгө болгон муктаждык;
- фермерлерге сапаттуу ветеринардык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк бербеген ветеринардык тейлөөнүн начар деңгээли;
- сүттүн жана сүт азыктарынын сапатын аныктоо үчүн аккредиттелген лабораториялардын жетишсиздиги сүт товарларынын экспортун токтотуп, сапатсыз сүттү сатуу тобокелдигин жогорулаткандыгы;
- фермерлердин керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн коркунуч жараткан антибиотиктерди колдонуу фактыларынын көбөйүшү.
Сүт тармагын өнүктүрүүнүн негизги максаттары максаттуу селекциялык-асыл тукум иштери, жасалма уруктандырууну кеңири киргизүү жана асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, чийки сүттү өндүрүүнү көбөйтүү жана аны кайра иштетүү жолу менен өстүрүлгөн малдын азыктуулугун жакшыртуу болуп саналат.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- сүт кластеринин негизги багыттарын өнүктүрүү, анын ичинде жасалма уруктандыруу механизмдерин кеңейтүү, сүт багытындагы асыл тукум малды сатып алуу жана фермерлерге өткөрүп берүү;
- бодо малды туура багуу жана тоюттандыруу багытында фермерлерди окутуу;
- сүт-товардык фермаларды жана тоют өндүрүүчү заводду куруу;
- даярдоочулар жана фермерлер үчүн керектүү жабдууларды сатып алууга инвестицияларды жана жеңилдетилген кредиттик ресурстарды тартуу, сүт ишканаларын модернизациялоо жана заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы ишканаларды куруу;
- сүттү чогулткан субъекттер менен аны кайра иштетүү ишканаларынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу боюнча шарттарды жана механизмдерди түзүү.
Эт тармагы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2022-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын аймагында эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча чарбакер субъекттердин саны 29 иштеп жаткан юридикалык жакты жана эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча 317 катталган жеке ишкерди түздү.
Ишканалардын дээрлик көпчүлүгү Чүй облусунун аймагында (13 юридикалык жак жана 70 жеке ишкер) жана Бишкек шаарында (12 юридикалык жак жана 45 жеке ишкер) топтолгон.
Эт азыктарын өндүрүүнүн көлөмү
(тонна менен)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Эт жана тамак-аш субпродукттары | 14046,7 | 13985,9 | 14404,9 | 14298,2 | 13911,9 | 13185,5 |
Колбаса азыктары | 3904,5 | 5595,0 | 7474,9 | 8957,3 | 10728,5 | 12621,5 |
Ишканалар жана мал соючу цехтер өндүргөн эт жана эт азыктары көбүнчө технологиялык параметрлерге жана ветеринардык-санитардык ченемдерге ылайык келбейт. Мындан тышкары, бюджетке төлөмдөрдү азайтуу максатында алар өндүрүлгөн продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү жашырылат.
Өндүрүлгөн эттин 93,0%дан ашыгы чакан мал соючу цехтер менен камсыз кылынат, көмүскө рынокто өз ишин жүргүзгөн ортомчулар жана мал союучу цехтер менен тең эмес атаандаштыкка байланыштуу этти кайра иштетүүчү ири ишканалар толук кубаттуулукта иштебейт.
Эттин импорту экспортко караганда бир кыйла жогору, ошол эле учурда Кыргызстанга эт азыктары импорттолот дагы, ал эми Кыргызстан малдын башын көбүрөөк экспорттойт.
Араб өлкөлөрү тарабынан эт азыктарына олуттуу кызыгуу бар, ошону менен бирге эле логистика көйгөйлөрү бул өлкөлөргө экспорттун көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүндүк бербейт.
Эт тармагында этти өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сатуунун олуттуу көлөмү, айрыкча жеке ишкерлерде мыйзамдаштырылган эмес.
Бул сектордо рыноктордо мал сатуу боюнча ортомчулар басымдуулук кылат жана сектордогу кошумча нарктын көпчүлүк бөлүгү ортомчулардын колунда калат.
Мал союу боюнча заманбап технологиялык базанын жоктугу эт тармагын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу фактор болуп саналат жана импорттолгон эттин олуттуу көлөмүн алып келүү үчүн шарт түзөт.
Кластердин негизги көйгөйлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- жаныбарларды идентификациялоо жана аймакты зоналаштыруу процесси аягына чыга электиги;
- начар эпизоотологиялык абалга байланыштуу эт азыктарын тышкы рыноктордо сатуу кыйынчылыгы;
- антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуунун көбөйүшү;
- этти кайра иштетүү, сактоо жана ташуу ушул кезге чейин гигиена жана санитария эрежелерин бузуу менен жүргүзүлүшү;
- этти жана эт азыктарын көмүскө өндүрүүнүн жана сатуунун жогорку деңгээли, этти рынокто, анын ичинде коңшу өлкөлөрдүн рынокторунда сатууда ортомчулардын басымдуулугу.
Эт кластерин өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары болуп чийки этти тереңдетип кайра иштетүүнү жогорулатуу болуп эсептелет. Эт кластерин өнүктүрүүнүн маанилүү максаты болуп бордоп семиртүүчү цехтерди жана комбинаттарды түзүү аркылуу эт өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн артынан импортту алмаштыруу саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, эт өнөр жайын өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр зарыл:
- жасалма уруктандырууну кеңири жайылтуу жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү аркылуу селекциялык асыл-тукум жолу менен малдын сапаттуу породаларын жакшыртуу жана киргизүү;
- өлкөдө эт кластерин өнүктүрүү жана кластерлерге инвестицияларды көбөйтүү;
- бордоп семиртүүчү фермалардын санын көбөйтүү жана тоют базасын жакшыртуу;
- эт тармагына жеңилдетилген финансылык ресурстарды жана инвестицияларды тартуу;
- этти алгачкы иштетүү жана коштоочу продукцияны (тери, кыл, субпродукт, кан, мүйүз жана туяк) топтоо менен союну уюштуруу боюнча жаңы технологиялык процесстерди киргизүү;
- эт продукдиясынын сапатын баалоо жана толук химиялык-биологиялык талдоо үчүн өндүрүштүк-технологиялык лабораторияларды керектүү каражаттар менен жабдуу;
- көмүскө жүгүртүүдөгү жана чет өлкөлөрдөн импорттолгон эт азыктарынын сапатына болгон талаптарды күчөтүү;
- даяр эт азыктарынын импортун алмаштырууну жана экспорттоону көбөйтүү.
Балык тармагы
Балык өнөр жайы акыркы жылдары жакшы өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Балык продукциясын экспорттоонун олуттуу өсүшү байкалууда.
Кайра иштетилген балыктын көлөмү
(миң тонна)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Балык жана балык продукциясы | 2138,4 | 2577,0 | 3028,4 | 5139,7 | 10344,2 | 20729,0 |
Балык жана балык азыктарынын экспорту
(миң тонна)
Продукциянын аталышы | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | ||||
экспорт | импорт | экспорт | импорт | экспорт | импорт | экспорт | импорт | |
Балык жана балык продукциясы | 2375,9 | 5188,4 | 3158,0 | 5868,0 | 5183,1 | 8122,0 | 6871,1 | 7310,1 |
Кыргыз Республикасында балык секторун өнүктүрүүгө төмөнкүлөр өбөлгө түзөт:
- натыйжалуу иштеген балык чарба комплексин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген суу объекттеринин болушу;
- балык азыктарынын жергиликтүү өндүрүшүнүн көбөйүшүнө түрткү берген балыкка жана балык продукциясына ички суроо-талаптын өсүшү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине киргендигине байланыштуу балык продукциясын сатуу рыногун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү бар;
- өлкөдө балык продукциясынын айрым сегменттеринде балык импорттоочулар менен атаандаша турган балык чарбаларынын санынын көбөйгөндүгү.
Балык тармагындагы негизги көйгөйлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- субсидиялар жана балык өстүрүүчүлөргө кредит берүүнүн жеңилдетилген шарттары менен узак мөөнөттүү кредиттик линиялар сыяктуу балык өстүрүү тармагында мамлекеттик колдоонун жоктугу;
- форель үчүн биомассаны өстүрүү жана азыктандыруу боюнча чыгымдарды пландаштыруу мүмкүнчүлүгү менен кепилдик берген өсүү жана төмөн тоют коэффициентин камсыз кылуучу жергиликтүү өндүрүштүн аралаш тоюттардын продукциясынын санынын жетишсиздиги;
- балык өстүрүүдө эпизоотиялык тобокелчиликтерге байланыштуу маселелерди/көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн мобилдүү ветеринардык бригадалардын/кызматтардын жоктугу;
- Кыргыз Республикасында киши башына (жылына 1,5-2 кг) балык продукциясынын жана балыктын салыштырмалуу аз керектелиши, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) ченеми боюнча жылына 14-15 кг тегерегинде керектөө сунушталат.
Балык тармагынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- балык кластерин түзүү жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т тескемеси) балык кластерин өнүктүрүүгө бюджеттен каражат бөлүп берүү, балык тармагынын өндүрүүчүлөрүн жана агрегаторлорун каржылоо, балык өстүрүүчүлөр үчүн биологиялык активдерди (балыктарды), балык азыктарына кампа тил каттарын, ошондой эле балык өстүрүү үчүн жабдууларды жана балык чарбаларынын жер участокторун күрөөгө коюу мүмкүнчүлүгү менен коммерциялык банктар аркылуу балык өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген кредиттик линияларды (аквакультура) уюштуруу жана бөлүп берүү;
- жылына 100 миң тоннадан кем эмес ички дүң өндүрүшкө жетүү максатында форель үчүн импорттолгон аралаш азыктарына, уруктанган икрага жана балык өстүрүүчү жабдууларга КНСти алып салуу;
- ихтиопатология, балыктардын ооруларын дарылоо, медициналык препараттар боюнча ветеринарларды даярдоо, биомассаларды анализдөө, балыктардын ооруларын, патогендерин аныктоо, алдын алуу, дарылоо боюнча көчмө ветеринардык кызматтарды уюштуруу;
- мамлекеттик массалык маалымат каражаттары (мындан ары - ММК) аркылуу балыкты жана балык продукциясын сергек жашоо образы, узак емүр сүрүү үчүн пайдасы, ДСУ сунуштаган керектөөнүн ченемдери боюнча маалыматтык өнөктүк жана пропаганда иштерин жүргүзүү, социалдык видеороликтерди түзүү, медицина кызматкерлерин, диетологдорду, нутрициологдорду тартуу менен балык менен тамактанууну жайылтуу боюнча илимий агартуу программаларын уюштуруу.
Ун тартуу тармагы
2017-жылдан 2021-жылга чейин республикада дан өндүрүү жана кайра иштетүү тармагында оор кырдаал түзүлгөн. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген учурдан тартып өлкөнүн негизги импорттоочуларынан ташылып кирген эсепке алынбаган ундун агымы көбөйдү. Буга байланыштуу аталган мезгилде 31 ун комбинаты ишин токтотту.
Ун комбинаттарынын саны
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Ун комбинаттарынын саны | 48 | 36 | 32 | 30 | 30 | 33 |
2021-жылдын 1-январына карата 30 ун комбинаты калган, алардын ичинен 6 комбинат иштеген, өлкөнүн түндүгүндө - 4 жана түштүгүндө - 2.
2017-жылдан бери Кыргыз Республикасында ун өндүрүүнүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшү байкалууда, беш жылдын ичинде республикада ун өндүрүү 60%га төмөндөдү. Ушунун кесепетинен тоютту өндүрүүнүн көлөмү кыскарып, бул тоюттун кымбатташына таасирин тийгизди.
Тоютту өндүрүү көлөмү
(тонна менен)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Дан өсүмдүктөрүнөн тартылган ун | 270,7 | 188,5 | 154,4 | 153,6 | 153,8 | 239,1 |
Жылуулук менен иштетүүгө дуушар болбогон ичи толтурулбаган макарон | 15405,6 | 11403,0 | 19899,6 | 13589,6 | 20651,1 | 23920,2 |
Кайра иштетүүчүлөрдүн ишинин туруксуздугуна байланыштуу азык-түлүк буудайынын айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарды. Учурда импорттоочулар аштык буудай данынын импортуна толугу менен көз каранды.
Республикада унду керектөө көбөйүп жатканына карабастан, дандын расмий импорту төмөндөп жатат. Данды импорттоо 41%га кыскарды.
Аштык буудайды импорттоо
(тонна менен)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Аштык буудайды импорттоо | 240,5 | 154,7 | 201,14 | 169,8 | 234,9 | 222,0 |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 "Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна ылайык өлкөгө буудайдын импортун салыктык башкарууну жүргүзүү, ошондой эле бул тармакта ата мекендик кайра иштетүүчүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан данды импорттоого, бул дандан унду өндүрүүгө жана сатууга КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленген.
Бул токтомдун иштешинин натыйжасында 2021-жылдын сентябрынан декабрына чейин 27 комбинаттын өндүрүштүк кубаттуулугу ишке киргизилди, жок болуп кеткен жумуш орундары калыбына келтирилди, ун жана эт, канаттууларды өндүрүүчүлөр үчүн тоют өндүрүү көбөйтүлдү. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана ун тартуучу ишканалардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык ар бир ишкана 500 тоннадан 2000 тоннага чейин азык-түлүк буудайын туруктуу сактап турат. Ун тартуучулар рентабелдүүлүгү 10%дан ашпаган унду жана тоютту сатууга милдеттеништи. Ундун баасынын туруктуулугу байкалууда, 2021-жылдын августунан декабрына чейин ундун баасы болгону 3%га жогорулады, тоюттун (кебектин) баасы 8%га төмөндөдү. Унга баанын кымбатташы Россия Федерациясынан импорттолуучу чийки заттын наркынын жогорулашына түздөн-түз байланыштуу, бул республикадагы ундун наркына түздөн-түз таасирин тийгизет.
Тармакты өзүнүн чийки заты менен камсыз кылуу үчүн буудайдын айдоо аянтын көбөйтүү боюнча чараларды көрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү буудай данын өстүрүүгө шыктандыруу жана кайра иштетүүчүлөрдүн туруктуу иштеши зарыл.
Тармактын негизги көйгөйлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасында дан эгиндеринин айдоо аянттарынын кыскарышы;
- дан эгиндерин себүүнү көбөйтүү үчүн дыйкандарга дем берүүчү механизмдердин жоктугу;
- Россиядан жана Казакстандан дандын толук импорту.
Бул көйгөйдү чечүүнүн негизги жолдору:
- импортко көз карандылыкты азайтуу жана дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарын көбөйтүү;
- дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө фермерлерди шыктандыруу, фермерлерден аштык буудайды сатып алуу механизмдерин түзүү.
Нан бышыруучу ишканалар тармагы
Нан өндүрүүнүн жалпы көлөмү 2022-жылы 75 миң тоннаны түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 22 миң тоннага азайды, ошону менен бирге нан өндүрүүнүн көлөмү болжол менен ошол эле деңгээлде, 70 миң тоннанын чегинде экендигин белгилей кетүү керек.
Нан өндүрүүнүн көлөмү
(тонна)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Жаңы нан | 98045,8 | 105538,2 | 108045,3 | 99185,7 | 106759,7 | 112422,2 |
Нандын социалдык маанисин эске алуу менен, атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде нан бышыруу секторунун ишине натыйжалуу шарттарды түзүү тармактын инвестициялык жагымдуулугун өнүктүрүү жана жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда нан бышыруу өнөр жайынын өнүгүшүнө тоскоол болгон төмөнкү көйгөйлөр бар:
- негизги өндүрүштүк фонддордун физикалык эскириши (50-80%);
- жергиликтүү чийки заттын - ундун сапатынын төмөндүгү;
- санитардык көзөмөл деңгээлинин төмөндүгү.
Кондитер тармагы
Бул тармакта ири ишканалардын катарына 11 ишкана кирет. Калган ишканалар негизинен ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгарган мини-цехтер болуп саналат.
Кондитер азыктарын өндүрүүнүн көлөмү
(миң тонна)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Кондитер азыктары | 14157,5 | 13537,3 | 14363,4 | 14357,2 | 18991,5 | 20500,8 |
2021-жылы 18,99 миң тонна кондитер азыктары өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, ири көлөмдөгү продукцияны чыгаруу менен тармактын ишканалары чийки зат, көмөкчү материалдар (ун, кант, сүт, жумуртка, гофротара, этикеткалоочу машина) жана кызмат көрсөтүү түрүндөгү жергиликтүү продукциянын ири керектөөчүлөрү болуп саналып, ошону менен кыйыр салык түрүндө олуттуу төлөмдөрдү жүргүзүшөт.
Тармактын негизги көйгөйлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- кондитер азыктарынын импортунун көлөмүнүн чоңдугу;
- кантка болгон баанын кымбаттыгы;
- ата мекендик продукциянын атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү.
Чыгарылып жактан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл:
- иштеп жаткан ишканаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүүнү көбөйтүү;
- ишканаларды ундун кластерине кошуу жана жеңилдетилген кредиттерди берүү жолу менен ишканаларга колдоо көрсөтүүнү күчөтүү.
Мөмө-жемиш тармагы
Кыргыз Республикасында мөмө-жемиш тармагы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 4,4%ын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукциясынын 8,1%ын түзөт. Мөмө-жемиш сектору Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу сыяктуу региондордо кыйла өнүккөн, айрым райондордо калктын олуттуу кирешесин, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мөмө-жемиш азыктарын жана жүзүмдү кайра иштетүү жана консервалоо боюнча 50дөн ашык-юридикалык жак бар.
Азыркы учурда тармактын өндүрүштүк потенциалы 37 өнөр жай ишканасына жана 300дөн ашык чакан-цехтерге негизделген.
2017-2022-жылдар ичинде продукцияны өндүрүү
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Жашылча жана жемиш ширелери (миң литр) | 9411,0 | 8880,2 | 7805,0 | 6668,1 | 7956,0 | 10120,8 |
Кайра иштетилген жашылчалар, мөмө-жемиштер жана козу карындар (тонна) | 5859,9 | 2182,8 | 3404,2 | 6004,4 | 4111,9 | 6493,6 |
Белгилей кетүүчү нерсе, 2017-жылдан тартып азыркы учурга чейин ширелерди өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда, бул шире өндүрүүчүлөрдүн ширени импорттоочулар менен атаандаштыкка жөндөмсүз экендигин көрсөтүп турат.
Жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканалардын негизги массасы Чүй облусунда иштейт, ал эми башка аймактарда аз сандагы кайра иштетүү көлөмү аз болгон чакан жана орто ишканалар (мындан ары - ЧОИ) бар. Жаңы жашылча-жемиштерди сатууда формалдуу эмес сектор үстөмдүк кылат, ошол эле учурда кайра иштетилген жашылча-жемиштер катары негизинен соода тармактары аркылуу сатылат жана экспортко кетет.
Жагымдуу климаттын, продукциянын белгилүү бир органикалык касиеттерден улам, Казакстан жана Россия сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн туруктуу суроо-талабынын, ошондой эле Кытай, Араб өлкөлөрү жана Европа Бирлиги сыяктуу жаңы потенциалдуу рыноктордун аркасынан мөмө-жемиш тармагы өтө жогорку өсүү потенциалына ээ. Республикада, өзгөчө Кыргызстандын түштүк бөлүгүндө, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү боюнча чакан жана орто ишканаларды түзүү кайра иштетилген жашылча-жемиш продукцияларын өлкө ичинде гана эмес, башка өлкөлөргө да экспорттоону кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бирок жашылча-жемиш өнөр жайы төмөн түшүмдүүлүк, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы технологияларды колдонууда билимдин, көндүмдөрдүн жана каржынын жоктугу, начар сапаттагы көчөттөр, төмөн деңгээлдеги кайра иштетүү көйгөйлөрүнө туш болууда.
Продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө ишканалардын чектелген финансылык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле иштин мезгилдик мүнөзү тоскоол болууда. Тармактын ишканалары жашылча-жемиштерди сатып алып, коңшу мамлекеттерге ташып жаткан ортомчулар менен атаандаша албайт.
Жашылча-жемиш азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө төмөнкүдөй көйгөйлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
- чакан товардык өндүрүш;
- фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түз келишимдеринин жоктугу;
- төмөн түшүмдүүлүк;
- жеңилдетилген кредиттерге жетүүнүн чектелиши;
- зыянкеч илдеттеринин болушу;
- баштапкы материалдарга (отунга, көчөттөргө) болгон баанын кымбаттыгы;
- муздатуу чынжырчасынын жана сактоо системаларынын, айрыкча тоңдуруучу камералар менен муздаткычтардын жетишсиздиги;
- ташуу учурунда мөмө-жемиштердин сапатынын начарлашына өбөлгө түзүүчү начар транспорттук инфратүзүм;
- экспортко байланыштуу татаал административдик жол-жоболор, ошондой эле айрыкча Россия менен Казакстанга экспорттоодо келип чыккан негизги чектөөлөр сыяктуу транспорт жана логистика кыйынчылыктары;
- республикада чекене тармактары талап кылган көлөмдө керектүү продукцияны өндүрүүгө жөндөмдүү ири ишканалардын санынын чектелиши;
- башкаруу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигинен, финансылык ресурстардын жетишсиздигинен жана нарк түзүү чынжырынын ачык-айкындуулугунун жоктугунан улам көпчүлүк ишканалардын чекене тармактар койгон бардык талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши;
- алыскы райондордогу фермерлердин лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүнүн төмөндүгү;
- фермерлердин билим деңгээлинин төмөндүгү, окутуунун жоктугу жана билимге жана окутуу системасына жеткиликтүүлүктүн чектелиши;
- өз кезегинде төмөн түшүмдүүлүктүн, чийки заттардын кымбаттыгына байланышкан багбанчылык продукциясын кайра иштетүү деңгээлинин төмөндүгү;
- сертификация жана стандарттар боюнча окутууга мүмкүнчүлүктүн чектелиши;
- кампа жайларынын жетишсиздиги;
- сертификациялоо системасынын өнүкпөгөндүгү, ошондой эле фермерлер үчүн мамлекеттик колдоонун жоктугу.
Бул кластерди өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кластердин катышуучуларынын жеңилдетилген кредиттөөгө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу;
- эл аралык сертификаттоо системаларын киргизүү;
- интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
- соода-логистикалык системасын өнүктүрүү;
- фермерлердин билимге жана технологияга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.
Өсүмдүк майын өндүрүү
Азыркы учурда тармактын эң ири ишканалары болуп түштүк региондогу "Дома-Ата" жоопкерчилиги чектелген ишкана (мындан ары - ЖЧК), "Росагробизнес-Юг" ЖЧКсы, "Аталык Өзгөн" май иштетүүчү заводу, Чүй облусундагы "Ли Бин" ЖЧКсы, Ысык-Көл облусундагы "Ысык-Көл Эгин" кооперативи, Бишкек шаарындагы "BISHKEK-EXPO" ЖЧКсы саналат.
Республикада өсүмдүк майын өндүрүүнүн көлөмү 5 жылдын ичинде өндүрүштүн көлөмүнүн туруктуу төмөндөшүн көрсөтүүдө. Акталган май өндүрүү үчүн өндүрүлгөн өсүмдүк майы 1,7% түздү, бул тармактын заманбап каражаттар менен жабдылышынын начардыгын көрсөтүп турат.
Өсүмдүк майын өндүрүүнүн көлөмү
(тонна менен)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Өсүмдүк майы | 11252,5 | 11743,1 | 9420,5 | 7183,8 | 5910,1 | 6030,0 |
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга өсүмдүк майынын импортунун көлөмү 41 миң тоннаны түздү. Алар негизинен Россия жана Казакстандан ташып киргизилет.
Тармактын негизги көйгөйү болуп кайра иштетүү үчүн керектүү көлөмдөгү чийки заты бар заманбап ишканалардын жоктугу саналат. Мындан тышкары, импорттолгон өсүмдүк майы сапаты жана баасы жагынан атаандаштыкка жөндөмдүүрөөк.
Ушуга байланыштуу таңгакталган акталган өсүмдүк майын жана маргаринди өндүрүү боюнча заманбап заводдорду куруу зарыл.
Өсүмдүк майын өндүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары:
- май өсүмдүктөрүн кабыл алуу, өстүрүү жана сактоо пункттары бар заманбап заводдорду куруу;
- тармакты материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртуунун эсебинен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
- май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, продуктивдүү сортторду өстүрүү, сертификатталган үрөндөрдү пайдалануу;
- май өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн прогрессивдүү технологиялары боюнча илимий негизделген сунуштарды колдонуу;
- май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 25 ц/га чейин жогорулатуу;
- россиялык селекциядагы күн карамасынын жана казак селекциясынын сафлорунун жаңы сортторун өндүрүшкө киргизүү;
- зарыл айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу.
Суусундуктарды өндүрүү
Бүгүнкү күндө бул тармакта 48 юридикалык ишкана иштейт.
Суусундуктарды өндүрүү
(миң литр)
Аталышы | 2017-жыл | 2018-жыл | 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл |
Минералдык жана газдалган, таттуу кошулбаган жана ароматизаторлорсуз суулар | 34772,0 | 44357,8 | 44261,5 | 38956,6 | 50901,0 | 60850,9 |
Алкоголсуз суусундуктар | 118872,5 | 126769,1 | 128268,3 | 128430,8 | 164570,8 | 144040,9 |
Акыркы жылдары Кыргызстандын алкоголсуз өнөр жайын өнүктүрүүдө олуттуу жакшы өзгөрүүлөр болду. Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү жана анын ассортименти көбөйдү. Ошону менен бирге алкоголсуз суусундуктардын, айрыкча Казакстандан, атап айтканда "АСУ" маркасындагы алкоголсуз суусундуктардын импортунун көлөмү да көбөйдү.
Ата мекендик минералдык суу жана алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн кубаттуулугу анча чоң эмес жана рыноктун өзгөчөлүгү чоң иш-аракеттерге кызыкпаган, көптөгөн майда өндүрүүчүлөр менен шартталган, ошондуктан продукцияны экспортко чыгаруу аракеттери минималдуу. Бул дүйнөлүк стандарттар боюнча негизги бөлүгү чакан бизнеске таандык болгон ата мекендик ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшү үчүн маанилүү тоскоолдук болуп саналат.
Рынокто маркетинг менен "Шоро", "Артезиан" жана "AQUA MASTER" компаниялары гана алектенишет. Башка өндүрүүчүлөр дүң сатуучулар менен иштешүүдө же өздөрүнүн дистрибьютердик тармактарын түзүү баскычында гана.
Ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүн жана ичүүчү таза суунун тартыштыгынын жогорулашын эске алганда, ичүүчү жана минералдык сууга суроо-талап жогорулайт.
Буга байланыштуу ичүүчү жана минералдык суунун экспортун өнүктүрүү негизги милдет болуп саналат.
Экспортту өнүктүрүү заманбап ишканаларды түзүү үчүн дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген технологиялык жабдууларга, транспорттук инфратүзүмгө инвестицияларды талап кылат.
Минералдык суу жана алкоголсуз суусундуктар боюнча Кыргызстандын брендин илгерилетүү, Кыргызстандын эң мыкты ичүүчү жана минералдык сууларын активдүү пропагандалоо зарылчылыгы бар.
Кыргызстан ичүүчү, минералдык сууларды, алкоголсуз жана алкоголу аз улуттук суусундуктарды Европанын, Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын, Индиянын, Кытайдын, Афганистандын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Израилдин жана башка өлкөлөрдүн рынокторуна жеткире алмак.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында минералдык суунун кластерин түзүү пландаштырылууда.
Бал өндүрүү
Кыргыз Республикасынын бал аарычылык чарбасы жана бал өндүрүү өлкөнүн айыл чарбасынын салыштырмалуу аз бөлүгүн ээлейт, ошол эле учурда курчап турган чөйрөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун сактоодо чоң мааниге ээ.
Кыргыз Республикасында аарыларды көбөйтүүнүн негизги зоналары болуп Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустары эсептелет.
Ош облусунун райондорунда 34%, Жалал-Абад облусунда - 28%, Баткен облусунда - 5%, Ысык-Көл облусунда - 18%, Чүй облусунда - 12%, Талас жана Нарын облустарында - тиешелүү түрдө 1,2% жана 1,8% бал аары бүлөсүн жайгаштырууга болот. Табигый тоюттук потенциал республикадагы аары үй-бүлөлөрүнүн санын 450-500 миңге, ал эми товардык балды жылына 10-15 миң тоннага жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын бал аарычылыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп бал өндүрүү жана анча көп эмес санда тамак-аш жана фармакологиялык тармактарда колдонулуучу: чаңча, перга, мом, прополис, эне сүтү, аарынын уусу сыяктуу башка бал аарычылык продукцияларын пайдалануу эсептелет.
Жагымдуу шарт түзүлгөн жылдары республика боюнча бир аары үй-бүлөсүнөн орточо эсеп менен 30 килограммдан 50 килограммга чейин товардык бал жыйналат. Бардык бал жыйноонун 70-75%ын жогорку сапаттагы тоо балы түзөт, ал эми калган 25-30%ын ар кандай түздүктөгү бал өсүмдүктөрүнөн алынган бал түзөт. Республикада балдын жылдык керектөөсү бир адамга эсептегенде 400 граммды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2021-жылдын аягында республика боюнча аары үй-бүлөлөрүнүн саны 149000ден ашык аары үй-бүлөсүн түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 9647 үй-бүлөгө көбөйгөндүгүн көрсөтүп турат. Үстүбүздөгү жылдын жагымсыз мезгилине карабастан, бал өндүрүүнүн көлөмү 2382 тоннаны түздү, анын ичинен 2021-жылы 443 тонна бал экспорттолгон. Балдын орточо жылдык экспорту бир жылдык өндүрүлгөн продукциянын 20-25%ын түзгөн. Өсүү динамикасы балчылардын жана аары үй-бүлөлөрүнүн санынын көбөйүшү менен шартталган. Кыргызстандын балынын эң көп саны Кытай, Катар, Кувейт, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Россия жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.
Аары үй-бүлөлөрүнүн саны
Жылдар | Балчылардын саны | Аары/үй-бүлөлөрүнүн саны | Бал өндүрүү (тонна) | Балды экспорттоо (тонна) | Экспорттоочу өлкөлөрдүн саны |
1990 | 12000 | 446000 | 12000 | 250 | 35 |
2020 | 1500 | 139408 | 2100 | 300 | 17 |
2021 | 2053 | 149127 | 2383 | 443 | 26 |
2022 | 2200 | 143145 | 2000 | 144 | 17 |
Балчылар чет өлкөлөрдөгү "Кыргыз балы" брендинин келечегине олуттуу салым кошууда. 2013-жылдан бери Кытай, Түркия, Россия, Аргентина, АКШ, Бразилия, Мексика жана башка ири бал экспорттоочулар менен катар Кыргызстан Апимондия эл аралык конгрессинин кадыр-барктуу дүйнелүк көргөзмөлерүнө катышып келет, анда Ат-Башы ак балы дүйнөдөгү эң мыкты балдын бири болуп, алтын медаль утуп алган, ал эми бал аарычылыктын башка продукциясы эл аралык конгресс тарабынан эң жогорку таанууга ээ болгон. Кыргыз Республикасынын бал аарычылык чарбасынын бардык продукциясы дүйнө жүзүндө суроо-талапка ээ болгон органикалык таза продукт болуп саналат.
Азыркы учурда бал аарычылыкты ийгиликтүү өнүктүрүү мамлекетгик деңгээлде бал аарычылык тармагынын субъектгерин колдоо боюнча чараларды көрүүнү жана өндүрүштүн ассортиментин жана көлөмүн көбөйтүүгө, ички жана тышкы рынокто жогорку сапаттагы продукцияны кайра иштетүүгө жана сатууга багытталган
бал аарычылыктын актуалдуу кейгөйлөрүн чечүүгө жардам көрсөтүүнү талап кылат.
Бал аарычылыкты ийгиликтүү өнүктүрүү жана алдыга коюлган максаттарга жетүү төмөнкү милдетгерди ишке ашыруу аркылуу жүзегө ашат:
- бал аарычылык чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- ветеринардык-санитардык контролдоо системасын өркүндетүү жана ветеринардык кызматгарды көрсөтүү;
- лабораторияларды сертификациялоо жана аккредитациялоо, өндүрүлгөн аары азыктарынын тамак-аш коопсуздугунун жана сапатынын системасын киргизүү;
- бал аарычылыкта селекциялык-асыл тукум иштерин уюштуруу;
- бал аарычылык субъекттеринин экспорттук потенциалын жогорулатуу, кыргыз балынын брендин колдоо.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Сунуштарды ишке ашыруу төмөнкүлөргө көмөк көрсөтөт:
- айыл чарба секторунда өндүрүмдүүлүктү жакшыртууга;
- айыл чарба субъектинин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга;
- айыл чарба жана тамак-аш продукциясынын экспортун жана импорт алмаштырууну көбөйтүүгө;
- айыл калкынын кирешелеринин өсүшүнө жана айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөшүнө;
- айыл жергесинде эмгек рыногун кеңейтүүгө.
Мындан тышкары, Программаны ишке ашыруунун натыйжалары төмөнкүдөй индикаторлордо чагылдырылат:
- кластердик негизде айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерди жана кайра иштетүүчүлөрдү бириктирүү, майда товар өндүрүүнү азайтуу;
- 2027-жылы жалпы өндүрүштөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн салыштырма салмагын 22%га чейин көбөйтүү;
- 2027-жылга чейин 30дан кем эмес жаңы ишканаларды түзүү жана 30дан кем эмес иштеп жаткан тамак-аш өнөр жай ишканаларын модернизациялоо;
- 2027-жылга чейин республиканын түштүгүндө жана түндүгүндө продукцияны сактоо жана сатуу боюнча бир дүң-бөлүштүрүү борборун жана 3төн кем эмес логистикалык борборду түзүү.
Программаны ишке ашыруунун уюштуруу механизми аны аткаруучулардын курамын, алардын өз ара аракеттенүү формаларын, коюлган милдеттерди чечүүгө багытталган ченемдик-укуктук жана экономикалык мүнөздөгү чаралардын комплексин аныктайт.
Программаны ишке ашыруунун экономикалык механизми колдонуудагы ченемдик укуктук база менен аныкталган баа, финансы-кредиттик, салык жана бажы-тарифтик саясаттарына негизделет.
Өнүгүүнүн инновациялык тибине өтүү зарылчылыгы башкаруунун бардык деңгээлдеринде төмөнкүлөр үчүн шарттарды түзүүнү талап кылат:
- колдонуудагы өндүрүштүк-техникалык базаны модернизациялоонун инновациялык долбоорлоруна инвестиция салган ар кандай финансылык мекемелердин, банктардын жана жеке жактардын ишин жүзөгө ашыруу;
- уюмдарда өндүрүүчүлөр тарабынан инновациялык технологияларды киргизүү.
6. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы экономиканын алдынкы чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат жана экономикалык, социалдык жана саясий гана мааниге ээ болбостон, түшүмдүүлүктүн, ресурстардын жарым-жартылай же толук жоготулушунун жана башка көптөгөн олуттуу өндүрүштүк жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон тышкы жана табигый жагымсыз факторлордун (климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөндүр, бороон, суу ташкыны, жер титирөө, жер көчкү, баалардын өзгөрүшү) таасирине кыйла дуушар болгон тармак болуп саналат.
Иш-чаралар планын жана Программаны ишке ашырууга бир катар тобокелдиктер тоскоол болушу мүмкүн, аларды алдын ала билүү жана мүмкүн болуучу терс кесепеттерди азайтуу зарыл. Алардын арасынан төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:
1. Агроэкологиялык тобокелдиктер аба ырайынын түзүлгөн жагымсыз шарттарынан, ошондой эле табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан улам кайра иштетүүгө келген айыл чарба сырьёсунун көлөмүнүн кыскарышы жана сапатынын төмөндөшү аркылуу тармактын кайра иштетүүчү ишканаларына таасирин тийгизиши мүмкүн. Ушул эле топко мал чарбасындагы тобокелдиктерди (канаттуулар жана чочко тумоосу, уй кутурмасы, шарп оорусу ж.б.) киргизүү керек.
Бул тамак-аш азыктарын чыгаруунун көлөмүнүн төмөндөшүнө жана кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулуктарын пайдаланууга, экспорттун кыскарышына жана чийки зат менен азык-түлүктүн импортунун көбөйүшүнө алып келип, ички рынокто азык-түлүктүн тартыштыгын түзөт.
Бул тобокелдиктерди азайтуу өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба тармактарын жүргүзүүнүн интенсивдүүлүгүн жогорулатууну, айыл чарба сырьёсунун жана даяр азык-түлүктүн (дан, акшак, кургак сүт, май ж.б.) запасынын зарыл көлөмүн түзүүнү талап кылат, бул өз кезегинде аларды сактоо жана резерв үчүн зарыл идиштердин болушун шарттайт.
2. Макроэкономикалык тобокелдиктер экономиканын жана калктын кирешелеринин өсүү темпине, тарифтик-бажылык, курстук жана тышкы соода саясатына, дүйнөлүк рынокто атаандаштыктын күчөшүнө жана башкаларга байланыштуу. Бул тобокелдиктерди тышкы жана ички деп бөлүүгө болот.
Тышкы тобокелдиктерге дүйнө жүзү боюнча импорттолуучу инфляциянын жогорулашы, айыл чарба продукциясын жөнөтүүнүн логистикасынын бузулушу, сомго карата негизги валюталардын курсунун кымбатташы, сооданы санариптештирүү шарттарында тышкы экономикалык ишти андан ары либералдаштыруу, чектөөлөрдү, тарифтик квоталарды жана бажы алымдарын киргизүү кирет.
Ошондой эле көрсөтүлгөн тобокелдиктерге Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөштөрү тарабынан атаандаштык жана республиканын кайра иштетүүчү ишканаларын модернизациялоого импорттук жабдууларды алып келүүгө жогорку деңгээлдеги көз карандылык кирет.
Ички тобокелдиктердин ичинен эң олуттуусу азык-түлүккө баалардын өсүшү, калктын кирешелеринин алардан артта калуусу, сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшү, тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгү боюнча калктын ар кандай социалдык топторунун ортосундагы ажырымдын сакталышы болуп саналат.
3. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер. Азыркы учурда дүйнөдө жана Кыргыз Республикасында дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу температуранын жогорулашы байкалууда. Кыргыз Республикасында жай мезгилинде кургакчылыкка жана ошого жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жоготууга алып келген температуранын жогорулоо учурлары көбөйдү, ошол эле мезгилде мөңгүлөрдүн тез эрип жаткандыгы жана дарыяларда жана ирригациялык системада суунун көлөмүнүн азайгандыгы байкалууда.
4. Институционалдык тобокелдик агроазык-түлүк рыногун жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базанын жетишсиздигинде жана анын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилесинде, азык-түлүк коопсуздугу боюнча кыргыз жана эл аралык талаптардын шайкеш келбегендигинде чагылдырылат.
5. Ишканалардын деңгээлиндеги тобокелдиктер өндүрүштү модернизациялоо, ресурстарды жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, сырьёну кайра иштетүүнүн керектүү тереңдигине жетишүү, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция менен тышкы рынокко чыгуу үчүн өздүк финансы каражаттарынын жоктугу менен байланышкан.
Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, айыл чарба продукцияларына баалардын жогорулашы, климаттын өзгөрүшү менен шартталган экологиялык тобокелдиктер өндүрүүчү үчүн тобокел болуп калышы мүмкүн.
7. Программаны каржылоо
Бул Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу инвесторлордун каражаттарынын жана банк кредиттеринин, эл аралык финансылык институттардын кредиттик каражаттарынын, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттардын эсебинен каржыланат.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларын жеңилдетилген кредиттөө үчүн максаттуу каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемеси менен бекитилген "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында ишке ашырылат.
8. Мониторинг жана баалоо
Ишке ашыруу этабында Программага мониторинг жүргүзүү тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын ишинин жыйынтыгы боюнча, түзүлгөн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканаларынын саны жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү боюнча жыл сайын жүргүзүлөт. Программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы 4-бөлүмдө чагылдырылган ар бир тармак боюнча коюлган милдеттерди чечүү жана индикаторлорго жетишүү деңгээли боюнча бааланат (2027-жылдын өндүрүшүнөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн салыштырмалуу салмагын 22,0%га чейин көбөйтүү).
Программаны ишке ашырууну комплекстүү башкарууну Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ишке ашырат, ал:
- Программанын иш-чараларын аткаруу боюнча иштерди уюштуруунун кыйла натыйжалуу формаларын жана тартибин аныктайт;
- каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу боюнча артыкчылыктарды аныктайт, чараларды көрөт;
- Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшүн, өткөрүлүүчү иш-чаралардын сапатын жана мөөнөтүн контролдоону камсыздайт.