БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 1-декабры № 168
республикалык бюджеттин алынган максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар жана мандат боюнча комиссиянын корутундусун 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 16 жана республикалык бюджеттен алынган максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү боюнча угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерден түшкөн 2095,3 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттар төмөнкү беренелерге бөлүштүрүлсүн:
Бөлүм 70629 ТЖКЧа
- 22154900 беренеси -575,8 миң сом. (архитектура, мамлекеттик реестр, катуу калдыктар ж. б.);
Бөлүм 70911 Балдар бакчалары
- 22221200 беренеси - 54, 5 миң сом. (жасалма балатыны, жаңы жылдык оюнчуктар ж. б. сатып алуу);
- 27213100 беренеси - 42,0 миң сом. ("Огонек" б/б - 9,0 миң сом., "Жылдыз Нуру" б/б - 33,0 миң сом. мугалимдердин коммуналдык тейлөө);
Бөлүм 70921 Орто мектептер
- 27213100 беренеси - 423,0 миң сом. (№ 1 орто мектебине – 216,0 миң сом, № 4 орто мектебине – 207,0 миң сом.);
- 31113290 беренеси - 1000,0 миң сом. (№ 1 орто мектепке 12 көз айнектүү ажаткана куруу);
Бардыгы: 2095,3 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.
Биринчи Майдын айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |