Редакцияот 01.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 1-декабры № 169

айыл өкмөтүнүн балансына кичи футбол аянтчасын кабыл алуу жана № 4 орто мектептин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө

Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар жана мандат боюнча комиссиянын корутундусун 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 16 айыл өкмөтүнүн балансына кичи футбол аянтчасын кабыл алуу жана № 4 орто мектебинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

Токтом кылды:

 

1. Биринчи Май айыл өкмөтүнүн балансына кичи футбол аянтчасын кабыл алууга макулдук берилсин жана № 4 орто мектептин администрациясынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

 

Биринчи

Майдын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Н.И. Акматалиев