Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-декабры № 209
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 57-пункту "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;
2) 24-берененин 3-бөлүгү "тергөөчү" деген сөздөн кийин ", прокурор" деген сөз менен толукталсын;
3) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) кылмыш ишин тергөөнү кошпогондо, сотко чейинки өндүрүштү;";
4) 35-берененин 1-бөлүгүндө:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;";
б) 5-пункт "тергөөчүлөрдүн тобуна" деген сөздөрдөн кийин "тергөөнү жүргүзүү, ал эми төмөн турган прокурорго тергөөнү уюштуруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 19-пункт "тергөөчүнү" деген сөздөн кийин ", төмөн турган прокурорду" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 145-берененин 3-бөлүгүндө "Тергөөчү" деген сөз "Тергөөчү, прокурор" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |