Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы N 674 токтомуна) |
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускама (мындан ары - Нускама) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруунун жана утилдештирүүнүн (жок кылуунун) тартибин аныктайт жана жөнгө салат.
Нускама мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча мобилизациялык резервдин системасынын ишине жайылтылат.
2. Нускамада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аткаруу жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв системасын жетектөөгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) жооптуу мамлекеттик орган - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүзөгө ашыруучу ишканалар үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
3) жооптуу сактоочу - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын пайдаланууга укук берилбестен бул материалдык баалуулуктарды менчигинин түрүнө карабастан сактоону жүзөгө ашырган юридикалык жак;
4) материалдык баалуулуктардын жарактуулук мөөнөтү - материалдык баалуулуктар максаттуу пайдалануу үчүн жараксыз деп эсептелген жана андан ары пайдаланууга жатпаган убакыттын мезгили;
5) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо мөөнөтү - материалдык баалуулуктар сактоонун белгиленген шарттарын сактоодо ченемдик же техникалык документте көрсөтүлгөн касиеттерин сактаган мезгил;
6) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын керектөө касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык жана (же) моралдык эскирүүнүн кесепетинде андан ары сактоого жана түз багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп таанууга байланышкан иш-чаралар комплекси;
7) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарды түз максаты боюнча андан ары пайдаланууну, аларга адамдардын жана жаныбарлардын жетүүнү жок кылуучу жана (же) башка продукцияга алып келүүчү таасир этүү (термикалык, химиялык, механикалык же башка) жана (же) технологиялык кайра иштетүү процедурасы;
8) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоонун ченемдери (мындан ары - сактоо ченемдери) - мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын күтүүгө жана сактоо шарттарына белгиленген тартипте аныкталган техникалык талаптар;
9) андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктар - мобилизациялык резервдин жарактуулук мөөнөтү өткөн, физикалык жактан жана колдонуудан эскирген жана/же техногендик же табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган, өзүнүн баштапкы сапатын жоготкон материалдык баалуулуктар.
2-глава. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруунун тартиби
3. Жооптуу сактоочулар жыл сайын 1-февралдан кечиктирбестен Нускаманын 1-тиркемесине ылайык мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын тизмесин макулдашуу үчүн жооптуу мамлекеттик органга берет.
4. Жооптуу мамлекеттик орган мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын берилген тизмесинин негизинде аны 1-марттан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.
5. Мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын берилген тизмесинин негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен 20 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык абалын баалоо боюнча комиссия (мындан ары - сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия) түзүлөт.
6. Сапаттык абалды баалоо боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам (комиссиянын төрагасы);
2) жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам;
3) жооптуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктары менен иштеген кызматкери;
4) жооптуу мамлекеттик органдын мобилизациялык резервинин (бухгалтериясынын) материалдык баалуулуктарын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмдүн бир кызматкери жана жооптуу сактоочусу;
5) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
6) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалына жана сапатына контролду жүзөгө ашыруучу жооптуу сактоочунун тиешелүү түзүмүнүн кызматкери;
7) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсепке алууга жана сактоого жооптуу сактоочунун кызматкери (комиссиянын катчысы).
7. Нускаманын 2-тиркемесине ылайык сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия 30 жумуш күндүн ичинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалына текшерүү жүргүзөт жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык (техникалык) абалына акт түзөт (мындан ары - сапаттык абалдын акты).
Сапаттык абалдын акты төрт нускада түзүлөт: эки нускасы ыйгарым укуктуу орган үчүн, бирден жооптуу мамлекеттик орган жана жооптуу сактоочу үчүн.
8. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалын аныктоо үчүн сапаттык абалды баалоо боюнча комиссия:
1) эсептен чыгарууга тийиш болгон материалдык баалуулуктарды түз текшерүүнү жүзөгө ашырат, анда ченемдик жана техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын колдонот жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын, алардын жеке материалдарын, тетиктерин жана түйүндөрүн калыбына келтирүүгө жана (же) андан ары пайдаланууга жараксыздыгын белгилейт;
2) материалдык баалуулуктардын толуктугун текшерет;
3) эсептен чыгаруунун себептерин аныктайт;
4) материалдык баалуулуктарды сактоодо сактоо ченемдеринин сакталышын камсыздоону, эсептен чыгарылып жаткан мүлктүн айрым түйүндөрүн, тетиктерин жана материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт.
9. Сапаттык абалды баалоо боюнча комиссиянын чечими боюнча мобилизациялык резервдин эсептен чыгарылууга жана утилдештирилүүгө (жок кылууга) тийиш болгон материалдык баалуулуктары экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана башка экспертизалардан өткөрүлүшү мүмкүн.
10. Нускаманын 3-тиркемесине ылайык сапаттык абалдын актысынын негизинде комиссия 10 жумуш күндүн ичинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгарууга акт (мындан ары - эсептен чыгаруу акты) түзөт.
Эсептен чыгаруу акты төрт нускада түзүлөт: ыйгарым укуктуу орган үчүн эки нускада, бирден жооптуу мамлекеттик орган жана жооптуу сактоочу үчүн.
11. Мобилизациялык резервдин төмөнкүдөй материалдык баалуулуктары эсептен чыгарылууга тийиш:
1) жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен;
2) сактоо мөөнөтү өтүп кеткен;
3) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган;
4) Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген;
5) жооптуу сактоочуга көз каранды болбогон жагдайлар боюнча бузулган;
6) физикалык жана моралдык жактан эскирген.
12. Ыйгарым укуктуу орган эсептен чыгаруу актынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте 3 айдан ашпаган мөөнөттө эсептен чыгарууга байланыштуу мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын брондон чыгаруу жөнүндө тескеменин долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
3-глава. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүүнүн (жок кылуунун) тартиби
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кабыл алынган чечиминин негизинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) боюнча комиссия (мындан ары - утилдештирүү боюнча комиссия) түзүлөт.
14. Утилдештирүү боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам (комиссиянын төрагасы);
2) жооптуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары же аны алмаштырган адам;
3) жооптуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктары менен иштеген кызматкери;
4) ыйгарым укуктуу органдын, жооптуу мамлекеттик органдын жана жооптуу сактоочунун мобилизациялык резервинин (бухгалтерия) материалдык баалуулуктарын эсепке алууну жана отчеттуулукту жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн бир кызматкери;
5) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери;
6) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын кызматкери;
7) экологиялык, өндүрүштүк жана техникалык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын кызматкери;
8) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын өкүлү;
9) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын техникалык абалына жана сапатына контролду жүзөгө ашыруучу жооптуу сактоочунун кызматкери;
10) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсепке алуу жана сактоо үчүн жооптуу сактоочунун жооптуу кызматкери (комиссиянын катчысы).
15. Утилдештирүү боюнча комиссия компетенциясына кирген маселелер боюнча жалданма эксперттерди жана мамлекеттик органдардын адистерин тартууга укуктуу.
16. Утилдештирүү боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары:
1) мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктары менен иштөөдө аларды утилдештирүү (жок кылууда) процессинде айлана-чөйрөнү коргоо, адамдын жашоо-тиричилиги, экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдеринин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
2) утилдештирүү (жок кылуу) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген уюмдарды тандайт.
17. Нускаманын 4-тиркемесине ылайык мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүүнүн (жок кылуунун) натыйжалары боюнча утилдештирүү боюнча комиссия 10 жумуш күндүн ичинде мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын актын (мындан ары - утилдештирүү (жок кылуу) жөнүндө акт) түзөт.
Утилдештирүү (жок кылуу) жөнүндө акт төрт нускада түзүлөт: эки нускада ыйгарым укуктуу орган үчүн, бирден жооптуу мамлекеттик орган жана жооптуу сактоочу үчүн.
4-глава. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу)
18. Жооптуу мамлекеттик орган жооптуу сактоочулар менен биргеликте экологиялык, өнөр жай жана техникалык коопсуздуктун талаптарынын сакталышын контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган, мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча ички ведомстволук нускамаларды (мындан ары - ички ведомстволук нускамалар) иштеп чыгат, алар жооптуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
19. Ички ведомстволук нускамалар мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын жана жооптуу сактоодо турган жана мындан ары түз багыты боюнча пайдалануу үчүн жараксыз болгон айрым түйүндөрүн, тетиктерин жана материалдарын демонтаждоо, сорттоо, сактоо, утилдештирүүнүн толук тартибин, ыкмаларын, методдорун, ошондой эле айрым түйүндөрдү, тетиктерди жана материалдарды экинчи сырьё катары сатуунун тартибин түшүндүрөт.
20. Ички ведомстволук нускамалар айрым материалдык баалуулуктар (алардын айрым тетиктерине, түйүндөрүнө, материалдарына) же материалдык баалуулуктардын топтору үчүн төмөнкү жааттарда мыйзамдардын талаптарына так ылайык иштелип чыгат:
1) кооптуу калдыктар менен иштөө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому);
2) медициналык калдыктар менен иштөө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө" токтому);
3) өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому);
4) радиоактивдүү заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын башкаруу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 558 "Радиоактивдүү заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын пайдалануу чөйрөсүндө жетектөөчү документтерди бекитүү жөнүндө" токтому).
21. Ички ведомстволук нускамаларды иштеп чыгууда жооптуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Сатууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
22. Утилдештирүү боюнча комиссия материалдык баалуулуктардын, алардын айрым тетиктеринин, түйүндөрүнүн жана материалдарынын кооптуулук классын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторуна жана Калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарга ылайык аныктайт.
23. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) жооптуу сактоочу тарабынан өзүнүн күчү менен жүргүзүлөт.
24. Жооптуу сактоочу менен утилдештирүү (жок кылуу) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген уюмдун ортосунда утилдештирүү (жок кылуу) кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзүлөт.
25. Утилдештирүү (жок кылуу) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү адистештирилген уюмду тандоо утилдештирүү боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат жана төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) бюджеттик каражаттарды үнөмдөө;
2) айкындык;
3) ачыктык;
4) калыстык.
26. Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) боюнча иш-чараларды камсыз кылуунун жана ага байланыштуу чыгымдарда, анын ичинде зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүүдө каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жооптуу сактоочунун жеке каражаттары;
2) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сатуудан түшкөн каражаттар;
3) эсептен чыгарылган материалдык баалуулуктарды түзгөн айрым тетиктерди, түйүндөрдү жана экинчи сырьё катары сатуудан түшкөн каражаттар.
|
| Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускамага 1-тиркеме (толтурулгандан кийин КПҮ) |
Мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз материалдык баалуулуктарынын ТИЗМЕСИ
Жооптуу сактоочунун аталышы ______________________________________________________________________________
мобилизациялык резервдин андан ары пайдаланууга жараксыз төмөндө саналган материалдык баалуулуктарынын тизмесин көрсөтөт:
№ | Материалдык баалуулуктардын аталышы | МАМСТ, ТШ, артикул, серия, анализ | Өлчөө бирдиги | Саны | Коюлган күнү | Сактоо мөөнөтүнүн аяктоо күнү | Бирдиктин баасы | Жалпы наркы | Техникалык абалы | Эскертүү (материалдык баалуулуктардын жараксыздыгын түзгөн башка себептер) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси |
| Жооптуу мамлекеттик органдын башкы бухгалтери |
___________________/______________/___________________ кызмат орду колу аты-жөнү |
| ___________________/______________/___________________ кызмат орду колу аты-жөнү |
Ведомстволук уюмдун/сактоо пунктунун жетекчиси |
| Ведомстволук уюмдун/сактоо пунктунун башкы бухгалтери |
___________________/______________/___________________ кызмат орду колу аты-жөнү |
| ___________________/______________/___________________ кызмат орду колу аты-жөнү |
|
| Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускамага 2-тиркеме (толтурулгандан кийин КПҮ) |
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык (техникалык) абалынын № _____ АКТЫ
20___-жыл "___" ____________
Жооптуу сактоочунун аталышы ________________________________________________________________________
Жооптуу сактоочунун толук дареги ________________________________________________________________________
20___-жылдын "___" ____________ № ____ буйругу менен
_______________________________________________________________________ курамда түзүлгөн комиссия мобилизациялык резервдин эсептен чыгарууга жана утилдештирүүгө (жок кылууга) тийиш материалдык баалуулуктарына кароо жүргүздү, мында техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдаланды жана алардын калыбына келтирүүгө жана андан ары пайдаланууга жараксыздыгын аныктады.
Документтер менен таанышууда, материалдык баалуулуктарды кароодо (текшерүүдө) төмөнкүлөр аныкталды:
№ | Материалдык баалуулуктардын аталышы | МАМСТ, ТШ, артикул, серия, анализ | Өлчөө бирдиги | Саны | Жасалган күнү | Коюлган күнү | Жарактуулук мөөнөтү | Сактоо мөөнөтү | Бирдик баасы | Наркы (сом) | Техникалык абалы | Эсептен чыгаруунун жана утилдештирүүнүн себеби |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: ар түрдүү сериялардагы, маркалардагы, МАМСТтар, ТШ буюмдар өзүнчө сапта көрсөтүлүшү керек.
Комиссиянын корутундусу: ____________________________________________________________________
Кол тамгалар: | Комиссиянын төрагасы | _____________________________________ (кызмат орду, колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
| Комиссиянын мүчөлөрү: | ______________________________________ (кызмат орду, колу) | ______________________ (аты-жөнү) |
|
| Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускамага 3-тиркеме (толтурулгандан кийин КПҮ) |
|
| Бекитем _______________________________ (кызмат орду, колу) |
|
| 20___-жылдын "___" ____________ |
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу № ____ АКТЫ
20___-жылдын "___" ________ № ___ буйругу менен түзүлгөн Комиссия 20___-жылдын "___" __________ № ___ Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарынын сапаттык (техникалык) абалы жөнүндө акттын негизинде төмөндө саналган, андан ары пайдаланууга жараксыз,
________________________________________________________________________________________
(жооптуу сактоочунун аталышы)
сакталган мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жөнүндө ушул актты түздү.
№ | Материалдык баалуулуктардын аталышы | Өлчөө бирдиги | Коюлган күнү | Саны | Коюунун баасы, бирдик үчүн сом | Коюунун суммасы, сом | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасы | _____________________________________ (кызмат орду, колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ______________________________________ (кызмат орду, колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
|
| Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жана утилдештирүү (жок кылуу) боюнча нускамага 4-тиркеме (толтурулгандан кийин КПҮ) |
Мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүү (жок кылуу) жөнүндө № ____ АКТ
20___-ж. "___" __________
Жооптуу сактоочунун аталышы _____________________________________________________________________
Жооптуу сактоочунун толук дареги _____________________________________________________________________
20___-ж. "___" _________ саат _____ ________________________________ (датасы, убактысы),
(жок кылынуучу жер) _______________________________________________________________
(мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын утилдештирүүгө (жок кылууга) катышкан адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жери, кызмат орду) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 20___-жылдын "___" _________ № ____ утилдештирүү (жок кылуу) үчүн мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын брондон чыгаруу жөнүндө тескемесинин жана 20___-ж. "___" __________ мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын эсептен чыгаруу жөнүндө акттын мобилизациялык резервдин төмөндө саналган, андан ары колдонууга жараксыз материалдык баалуулуктары утилдештирилди (жокко чыгарылды).
№ | Материалдык баалуулуктардын аталышы | МАМСТ, ТШ, артикул, серия | Өлчөө бирдиги | Саны | Жок кылуунун негизи | Жок кылуунун жолу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Комиссиянын төрагасы | _____________________________________ (кызмат орду, колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ______________________________________ (кызмат орду, колу) | ________________________ (аты-жөнү) |