Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-апрели № 196
Мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-февралындагы № 25/2 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында жайгашкан мамлекеттик менчиктин төмөнкү объекттери Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин:
Өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн аталышы | Кыймылсыз мүлктүн коду | Аянты, кв.м | Баланстык наркы, миң сом |
Административдик имарат | 4-04-03-1003-0922 | 16200 | 95,9 |
Техникалык тейлөө пункту (азыр мал базары) | 4-04-03-1003-0175 | 31470 | 29,1 |
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен объекттерди күтүү жана андан ары тейлөө.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 31 саны менен жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |