Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 18-декабры №173/30-5

Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдеринин жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 8-декабрындагы №1-22/3678 жана 13-декабрындагы №1-22/3738 кайрылууларын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимдери 1 жана 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М.Сансызбаев