Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-декабры № 695
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 465 "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү пайдаланууга берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу, анын ичинде "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна берилген объекттерди жана мүлктү инвентаризациялоо жана "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомуна мурда пайдаланууга берилген жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү пайдалануу укугун токтотуу менен байланышкан чараларды көрсүн.
3. Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан аянты 531,5 га жер участогу жана аянты 220,9 га санитардык-коргоо зонасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациялоого ылайык ушул жер участокторунда жайгашкан объекттер жана мүлк "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна 49 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берилсин.
4. Бул токтомдун 3-пунктунда аталган жер участокторунда жайгашкан калдык сактоочу жайларды эксплуатациялоо, тейлөө, экологиялык коопсуздугу, контролдоо жана реабилитациялоо үчүн жоопкерчилик "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 3-пунктунда аталган жер участокторун, объекттерди жана мүлктү акысыз пайдалануу жөнүндө тиешелүү келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен түзүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 3-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну, бекитүүнү жана жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык, жер участокторун убактылуу пайдалануу укугун каттасын жана жер участокторуна укукту күбөлөндүрүүчү тиешелүү документтерди берсин.
6-1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте чектеш аймакта жайгашкан башка чарбакер субъекттер менен ушул чарбакер субъекттердин иш процессинде түзүлгөн радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарды пайдалануу, сактоо жана көмүү боюнча тиешелүү келишимдерди түзүү сунушталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3551) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |