Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 353 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы демилгелерин эл аралык жана улуттук деңгээлде илгерилетүү, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" № A/RES/77/172 резолюциясынын жоболорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында уюштурулат.
Атайын өкүл Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун Жол картасын жана Глобалдык планын ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат, ошондой эле тоолуу райондорду өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык ишке мониторинг жүргүзөт, өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча глобалдык иш-аракеттердин контекстинде иш жүргүзөт жана өз ара аракеттенет.
(КР Президентинин 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Атайын өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.
3. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Атайын өкүл түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
5. Атайын өкүлдүн өзүнүн энчилүү бланкы болот.
6. Атайын өкүл өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери
7. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, өлкөнүн бул чөйрөдөгү эл аралык демилгелери, пландары, программалары жана позициясы боюнча, ошондой эле башка тоолуу мамлекеттер жана кызыкдар эл аралык уюмдар, анын ичинде Глобалдык тоо өнөктөштүгү менен кызматташуу маселелери боюнча сунуштарды даярдоо;
2) өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын жана Глобалдык планын ишке ашыруу боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу, анын ичинде 2027-жылдагы Бишкек глобалдык тоо саммитинин жана ага байланыштуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы менен тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү проблемалары боюнча республикада жана чет өлкөлөрдө өтүүчү иш-чараларга катышуу;
4) ишти координациялоого жана атайын өкүлдүн ыйгарым укуктарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону уюштурууга катышуу;
5) мыйзамдарды өркүндөтүү жапа тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселелеринин стратегияларын, пландарын жана программаларын интеграциялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун кароосуна киргизүү;
6) БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" № А/RES/77/172 резолюциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын ишин координациялоо, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын жана Глобалдык планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жана отчеттуулук жүргүзүү;
7) БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" № А/RES/77/172 резолюциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча өлкөлүк отчетторду даярдоо жана күн тартибинде тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө маселени кароодо Башкы катчынын тиешелүү баяндамаларын даярдоо үчүн аларды БУУнун Катчылыгына берүү;
8) өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу, Борбордук Азиянын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы региондук демилгелерин жана долбоорлорун ишке ашыруу, тоо экосистемаларын, түрлөрүн, глобалдык маанидеги участокторду жана тоолуу региондордогу жандуу жаратылышты жана суу ресурстарын коргоо объекттерин сактоо боюнча иш-чараларга катышуу жана координациялоо;
9) өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык жана улуттук жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды уюштуруу;
10) тоолуу региондордун проблемаларын чечүүдө илимди, билим берүү системасын жана коомчулукту тартууга көмөктөшүү, анын ичинде чет өлкөлөрдүн жана планетанын тоолуу региондорунун алдынкы илимий-билим берүү платформаларын, технологияларды жана методикаларды тартуунун эсебинен;
11) тоо маселелерин эсепке алууну жана талаптагыдай көңүл бурууну камсыз кылуу үчүн климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, жандуу жаратылышты коргоо жаагында улуттук пландарды жана эл аралык отчеттуулукту жана өлкөнүн билдирүүлөрүн/позициясын иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө катышуу;
12) жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында Кыргыз Республикасынын тоолорду өнүктүрүү жаатында демилгелери жана сунуштары боюнча аналитикалык жана таанып-билүүчү материалдарды жайгаштыруу, тоо маселелери боюнча имиджди жана тышкы коммуникацияларды камсыз кылууга салым кошуу.
3. Атайын өкүлдүн негизги укуктары
8. Атайын өкүл өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) анын компетенциясына кирген маселелер жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин башка тапшырмалары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү катары чыгууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана башка уюмдардан зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтык маалыматтар базаларын белгиленген тартипте пайдаланууга;
4) белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, мекемелер, кызыкдар эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке жана коомдук уюмдар жана алардын кызмат адамдары менен башка заманбап санариптик форматтарда (видеоконференция байланыш, веб-сайт ж.б.) кызматтык кат алышууну жана сүйлөшүүнү жүргүзүүгө;
5) мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча атайын өкүлдүн карамагындагы маселелерди, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү жолу менен чечүүгө катышууга алардын кызматкерлерин, окумуштууларды жана адистерди, башка уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
4. Атайын өкүлдүн ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
9. Атайын өкүлдү кызматтык жай, кызматтык транспорт, зарыл болгон уюштуруу техникасы жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуу, анын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Атайын өкүлгө көмөк көрсөтүү максатында акысыз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен акы төлөнүүчү негизде адистер тартылышы мүмкүн.