Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-декабры № 202
2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук мамилелер жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жаза иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук мамилелер жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 15-декабрындагы № 99 (3548) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
|
|
2023-жылдын 1-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |