Загрузка документа…
1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасы (мындан ары “Келишим түзүүчү Тараптар” деп аталуучулар),
1996-жылдын 26-августунда кол коюлган Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимдин (мындан ары – Келишим) 43-беренесине негизденип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Келишимге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Келишимдин 4-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4-берене
Укуктук жардам көрсөтүүдө байланыштардын тартиби
Жарандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтөр менен кайрылууда Келишим түзүүчү Тараптардын соттору, башка органдары жана мекемелери, эгерде ушул Келишимде башка белгиленбесе, өздөрүнүн компетенттүү мекемелери аркылуу өз ара байланышат.
Келишим түзүүчү Тараптар дайындалган компетенттүү мекемелер, алардын функциялары жана байланыштуу маалыматтары жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бир-бирине токтоосуз кабарлашат.”.
2. Келишимдин 22-беренесинин 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары “соттун (судьянын) токтому,” деген сөздөрдөн кийин “соттук буйрук,” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Келишимдин 23-беренесинин 2-пунктунун в) пунктчасы “, буга соттун буйругун таануу жана аткаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурлар кирбейт” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Келишимдин 28-беренеси алып салынсын.
5. Келишимдин 40-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“40-берене
Талаш-тартыштарды чечүү
Келишим түзүүчү Тараптар ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө же аткаруу маселелери боюнча келип чыккан талаш-тартыштарды ушул Келишимдин 4-беренесинде көрсөтүлгөн тийиштүү борбордук органдардын өз ара консультациялары же дипломатиялык каналдар аркылуу чечишет.”.
2-берене
Ушул Протокол Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Келишим түзүүчү Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлама дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протоколду колдонуу Келишимдин колдонуусу токтогон учуру менен бирге токтотулат.
Бишкек шаарында 2022-жылдын 26 майында эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей аутентүү болуп эсептелет. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Келишим түзүүчү Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Казакстан Республикасы үчүн |