Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 15-ноябры № 692-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда аталган Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 692-т тескемеси менен жактырылган |
2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Эл аралык эмгек уюмунун эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 конвенциясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө № 190 конвенция (мындан ары - Конвенция) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карыш келбейт.
Конвенция Эл аралык эмгек уюмунда (мындан ары - ЭЭУ) 2019-жылдын 21-июнунда Женева шаарында кабыл алынган, ал эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү токтотууга чакырган биринчи эл аралык келишим болуп калды.
Документ Конвенциянын негизги текстинен турат жана № 206 сунуштама (мындан ары - Сунуштама) менен толукталат. Сунуштама Конвенцияда камтылган жоболорду жана беренелерди түшүндүргөн жана ЭЭУга мүчө мамлекеттерге бул жоболорду өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана практикасына кантип адаптациялай тургандыгына карата жетектөөчү көрсөтмөлөрдү берген документти билдирет. Сунуштама ошондой эле өлкөлөр жумуш ордунда зомбулукка жана ыдык көрсөтүүлөргө каршы күрөшүү үчүн пайдалана ала турган практикалык чараларды жана методдорду камтыйт.
Конвенциянын текстинде эмгек чөйрөсүндөгү "зомбулук жана ыдык көрсөтүү" термини максаты, натыйжасы же мүмкүн болуучу кесепети дене-бойлук жана психологиялык зыян келтирүү, анын ичинде гендердик зомбулук жана ыдык көрсөтүү болуп саналган бир жолу болобу же кайталануучу болобу жүрүм-турумдун же коркутуунун бир катар алгылыктуу эмес түрлөрүн билдирет. Ошондой эле "гендердик зомбулук жана ыдык көрсөтүү" термини конкреттүү жыныстагы адамдарга таасир этүүчү гендердик таандыктыгына байланыштуу адамдарга багытталган зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү билдирет. Мындан тышкары Конвенция төмөнкүлөрдү камтыйт: дене-бойлук зомбулук; сөз менен кордоо, коркутуу, ыдык көрсөтүү, коркутуу жана куугунтуктоо.
Бул документ эмгек мамилелеринин бардык катышуучуларына жайылтылат. Конвенция мамлекеттик жана жеке бардык секторлорго, формалдуу жана формалдуу эмес экономикага карата колдонулат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Конвенция эмгек чөйрөсү зомбулукка жана кугунтуктоолорго дуушар болбоого тийиш деп жарыялайт жана жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого умтулууда зарыл болгон импульсту камсыз кылат. Болжолдонгондой, документте келтирилген стандарт эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, иш берүүчүлөргө жана кесиптик бирликтерге зомбулуктун алдын алуу жана анын терс кесепеттерин жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди камтыган адам ресурстарына карата сабаттуу саясатты иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
2022-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосунда 2022-2024-жылдарга Башкы макулдашууга кол коюлган. Бул Башкы макулдашууда Конвенцияны ратификациялоого даярдык көрүү максатында социалдык-экономикалык абалга талдоо жүргүзүү каралат. Жүргүзүлгөн талдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Конвенциянын талаптарына жооп берген негизги ченемдердин бар экендигин көрсөттү.
Бул Конвенцияны ратификациялоо эмгек мамилелери чөйрөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү минималдаштырууга жана андан ары жок кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Конвенция Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Конвенция ратификацияланууга тийиш. Конвенцияны ратификациялоо кандайдыр бир финансылык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.