КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 12-декабры № 204
2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км" долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун жана Техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 15-декабрындагы № 99 (3548) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
|
|
2023-жылдын 22-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |