Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 245 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитет жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитеттин (мындан ары - Координациялык комитет) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык комитет өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык комитет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан координациялануучу, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар үчүн сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2-глава. Координациялык комитеттин максаты жана милдеттери
4. Координациялык комитеттин негизги максаты Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жакшыртуу боюнча жеке сектор жана башка кызыкдар тараптар менен маалымат алмашуу үчүн натыйжалуу өз ара аракеттенүү механизмин жана платформаны түзүү болуп саналат.
5. Координациялык комитет ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча жалпы координациялоону камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу негизделген чараларды макулдашуу жана аныктоо;
3) жеке сектордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн активдүү катышуусу менен жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн аларды кароо маселелерин координациялоо;
4) жашыл бизнести колдоо жана өнүктүрүү үчүн банк секторуна жашыл жана климаттык каржылоону тартуу боюнча биргелешкен демилгелерди координациялоо;
5) "Кыргыз Республикасында жашыл экономика күндөрү" ар жылдык демилгени даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоо.
3-глава. Координациялык комитеттин функциялары
6. Координациялык комитеттин негизги функциялары:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн программалык документтеринде аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бизнес-коомдоштукту, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана башка кызыкдар тараптарды координациялоону жана алардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
2) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды, анын ичинде жашыл экономиканын моделинин (системалуу динамиканын модели) негизинде иштелип чыккан чараларды кароо жана талкуулоо;
3) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча демилгелерди кароо;
4) жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды кароо;
5) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди макулдашуу;
6) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө кызыкдар тараптар менен кызматташуу стратегиясын аныктоо;
7) жеке сектордун катышуусу менен жашыл долбоорлорду кароо жана макулдашуу жана аларды илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
8) "Кыргыз Республикасында жашыл экономика күндөрү" ар жылдык демилгени даярдоо жана өткөрүү процессин координациялоону камсыз кылуу.
7. Координациялык комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан жашыл экономиканы өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча зарыл болгон документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча Координациялык комитеттин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, бизнес-ассоциациялардын жана уюмдардын өкүлдөрүн угууга;
3) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды мамлекеттик органдарга жана башка кызыкдар тараптарга киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча Координациялык комитеттин чечимдерин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын аткаруусуна сунуштоого;
5) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомдоштуктун, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди Координациялык комитеттин жыйналыштарына чакырууга жана сунуштарын угууга;
6) Координациялык комитеттин компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн ведомстволор аралык эксперттик топторду түзүүгө, министрликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомдордун, бизнес-коомдоштуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
4-глава. Координациялык комитеттин ишин уюштуруу
8. Координациялык комитетти төрага башкарат.
Координациялык комитеттин төрагасы жок учурда анын функцияларын төраганын 3 орун басары - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомдоштугунун өкүлү аткарат. Мында төраганын бизнес-коомдоштуктун өкүлүнөн орун басарынын функциясы ротациялануучу болуп саналат жана ар жылдык негизде Координациялык комитеттин жыйналышынын чечиминин негизинде бизнес-коомдоштуктун башка өкүлүнө өткөрүлүп турат.
9. Координациялык комитеттин жыйналышы ар кварталдык негизде өткөрүлөт, ошондой эле төраганын сунушу боюнча Координациялык комитеттин кезексиз жыйналышы чакырылышы мүмкүн.
10. Координациялык комитет жыйналыштын күн тартибинин маселелерин кароонун жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алат.
Координациялык комитеттин чечимдери Координациялык комитеттин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда Координациялык комитеттин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык комитеттин мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес добушу кворумду түзөт. Координациялык комитеттин чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга жыйналышка төрагалык кылуучу кол коёт.
11. Координациялык комитеттин жыйналыштарына добуш берүү укугусуз чакырылгандар катары мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү катыша алат.
12. Координациялык комитет өзүнүн ишинин ачыктыгын жана кызыкдар тараптарга жана коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө маалымдоону камсыз кылат. Координациялык комитеттин жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча маалымат Координациялык комитеттин катчылыгынын расмий сайтында жайгаштырылат.
5-глава. Координациялык комитеттин катчылыгы
13. Координациялык комитеттин ишин анын катчылыгы - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги камсыздайт, анын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Координациялык комитеттин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык ишин камсыздоо;
2) Координациялык комитеттин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Координациялык комитеттин чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомдоштуктун, эл аралык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо.
14. Катчылык пландалган жыйналыш башталганга чейин 5 жумуш күн мурда (шашылыш жыйналыш өткөрүлгөн учурда - эки жумуш күн мурда) Координациялык комитеттин жыйналышынын катышуучуларына чакырууларды жөнөтөт жана зарыл болгон материалдарды даярдайт.
15. Координациялык комитеттин катчылыгы кезектеги жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде Координациялык комитеттин мүчөлөрүнө жыйналыштын протоколун жиберүүнү камсыз кылат.
16. Координациялык комитеттин катчылыгы Координациялык комитеттин жыйналышынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атына маалыматтык-аналитикалык маалымкатты жөнөтөт.
6-глава. Координациялык комитеттин алдындагы ведомстволор аралык эксперттик топ
17. Секторлор аралык өз ара аркеттенүүнү жана жашыл интервенцияларды иштеп чыгуунун натыйжалуу механизмин түзүү (жашыл экономика/системалуу динамика моделинин маалыматтарынын негизинде) максатында Координациялык комитеттин алдында ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлөт. Төрагалык кылуу жана ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрүнүн саны Координациялык комитет тарабынан аныкталат.
18. Ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналыштары Координациялык комитеттин жыйналышына чейин кварталына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт.
19. Ведомстволор аралык эксперттик топтун негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жакшыртуу боюнча бардык тартылган тараптар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу механизмин түзүү;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу жашыл экономиканы моделдөө боюнча техникалык жумушчу топ менен активдүү кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү координациялоону камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу жашыл экономиканы моделдөө боюнча техникалык жумушчу топко секторлор боюнча пландалган саясат, маалыматтарды верификациялоо жана ар кандай факторлордун жана секторлордун ортосундагы өз ара байланыш, ал тарабынан сунушталган, моделдин негизинде иштелип чыккан сценарийлерди жана чараларды баалоо тууралуу маалыматтарды берүү аркылуу анын ишине көмөк көрсөтүү;
4) секторлор боюнча жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн моделдин негизинде иштелип чыккан кыйла ылайыктуу сценарийлерди жана чараларды аныктоо жана аларды Координациялык комитеттин жыйналышында кароого берүү;
5) моделдин негизинде негизделген чараларды иштеп чыгуу жана жашыл экономиканы жана жашыл бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндө саясатты жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын эксперттеринин ишин координациялоону камсыз кылуу.
20. Ведомстволор аралык эксперттик топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин ведомстволор аралык эксперттик топтун ишине тарта алат, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана башка мекемелерден суроо-талап боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана материалдарды ала алат.
21. Ведомстволор аралык эксперттик топтун чечимдери ведомстволор аралык эксперттик топтун жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Ведомстволор аралык эксперттик топтун мүчөлөрүнүн добуштары тең болгон учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
22. Ведомстволор аралык эксперттик топтун чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга ведомстволор аралык эксперттик топтун төрагасы кол коёт.
23. Ведомстволор аралык эксперттик топтун чечимдери сунуштоочу мүнөзгө ээ жана Координациялык комитеттин кароосуна киргизилет.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ