АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 26/2
А.Масалиев айыл аймагындагы Шыгай участкасында жайгашкан 1,87 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Каимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. А.Масалиев айыл аймагынын Шыгай участкасындагы №475 контурунда жайгашкан 0,25 га жер аянты жайыт жер, №473 контурунда жайгашкан 0,21 га жер аянты башка жерлер, №474 контурунда жайгашкан 1,25 га жер аянты башка жерлер, №2 контурунда жайгашкан 0,16 га жер аянты башка бирөөнүн пайдалануусундагы жер (скотопрогон) жалпы 1,87 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” катигориясынын жайыт жана башка жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Галботоев |