Редакцияот 14.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын отуруму

2023-жылдын 14-декабры №21/1

Нариман айыл аймагынын Беш-Мойнок айылындагы идентификациялык номери 5-04-11-1003-0405, 306, 0 чарчы метр болгон жердин башкы планына өзгөртүү киргизүү жүнөндө

 Нариман айыл өкмөтүнүн 04.12.2023-жылдагы Беш-мойнок айылына мечит куруу жөнүндөгү № 961 каты жана Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 04.12.2023-жылдагы № 01-25/1247 негизинде башкы планга өзгөртүү киргизүү боюнча Нариман айылдык кеңеши.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Нариман айыл өкмөтүнүн 04.12.2023-жылдагы Беш-мойнок айылына мечит куруу жөнүндөгү № 961 каты жана Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 04.12.2023-жылдагы № 01-25/1247 негизинде башкы планга өзгөртүү киргизилсин.

 

 

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Нариман айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Нариман айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Х.Ш.Артыкова