Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 4-октябры № 8/33

 

“Мады айыл өкмөтунун аймагынан эркин индустриалдык аймакка жер тилкесин ажыратуу жөнүндө”

 

(Мады айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Мады  айыл  өкмөтүнүн  аймагында  ишкерлер  учун  жагымдуу  шарттарды түзүү максатында    айыл   өкмөтүнүн   Өжөр  участкасынын  аймагынан  эркин индустриалдык  аймак  куруу  үчүн  155 га  жер  ажыратуу  жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ж.Матанбаевдин  билдирүүсүн   Мады  айылдык  кеңеши угуп  жана  талкуулап,  эркин  индустриалдык  аймак  курууга  уруксат  беруу жөнүндө:

  

“1.Мады айылдык аймагындагы Социализм айылынын Өжөручасткасындагы №1041 – 5,49 га, №1033 – 2,92 га, №1035 -20,31 га контурларындагы  жалпысы болуп 28,72 га кайрак  айдоо,  №1097 – 10,30 га, №1107 – 0,82 га, №1083 – 39,28 га, №1086 – 23,89 га, №1 – 18,70 га,  №6 – 2,20 га, №7 - 10,80 га, №10 - 7,40 га, №11 – 3,41 га контурларындагы  жалпысы болуп 116, 80 га сугат айдоо,  №3 - 0,20 га, №8 -0,30 контурларындагы жалпысы болуп 0,50 га айдоо там арка (огород)жалпы 146,02 га жер аянттын эркин индустриалдык аймак куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Өнөр жай, транспорт, энергетика байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

(Мады айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 146 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2.Айыл өкмөтүнүн жетекчилигине  эркин индустриалдык  аймак курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө керектүү иш кагаздарын даярдоодо тийиштүү мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер жана агрардык   саясат   жана   мыйзамдуулук   боюнча   туруктуу   комиссияларына (Д.Каримов, А. Сидиков) жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

С.Асанов