Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-декабры № 665
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр менен жабдуучу компаниялар тарабынан электр энергиясына тарифтерди эсептөөнү жана колдонууну керектөөчүлөр үчүн жөнөкөйлөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 2-главанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-главада:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 кВт.с үчүн 327,6 тыйын өлчөмүндө электр энергиясына өзүнчө тариф белгиленет.";
онунчу абзацтагы "коомдук жана жеке" деген сөздөр алып салынсын;
он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 кВт.с үчүн 442,0 тыйын (салыктарды эсепке албаганда) өлчөмүндө белгиленет.";
жыйырманчы, отуз биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Майнинг (криптовалюта), алтын кен өнөр жайы, алкоголь өнөр жайы";
жыйырма үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушуга байланыштуу ушул сыяктуу ишканалардын энергияны көп көлөмдө талап кылуусун жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуунун зарылдыгын эске алып, жогоруда аталган керектөөчүлөр электр энергиясына тариф 1 кВт.с үчүн 504,0 тыйынды (салыктарды эске албаганда) түзгөн өзүнчө топко бөлүндү.";
жыйырма төртүнчү-жыйырма жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Куюучу өндүрүш
Куюучу өндүрүш социалдык багытталган продукцияны өндүргөн, электр энергиясын негизги керектөөчүлөр болуп саналат.
Ушуга байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгынын шартында аны үзгүлтүксүз жабдуу зарылдыгын эске алуу менен аталган керектөөчүлөр өзүнчө топко бөлүндү, алар үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт.с үчүн 504,0 тыйынды (салыктарды эске албаганда) түзөт, башкача айтканда бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тариф ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлинде жана аны керектөөчүгө жеткирүүнү эске алуу менен белгиленет.
Цемент өндүрүшү";
жыйырма сегизинчи абзацтагы "ири" деген сөз "негизги" деген сөзгө алмаштырылсын;
жыйырма тогузунчу абзацтагы "1,3 жогорулатылган коэффициентине түзөтүлөт" деген сөздөр "1 кВт.с үчүн 327,6 тыйын (салыктарды эске албаганда)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тариф ОМТСтин 2-1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.";
- ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-1-тиркеме менен толукталсын;
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 1-тиркемесинде:
1.6-пунктчада:
"2023-ж. 01.05." графасындагы "252,0" деген цифралар "327,6" деген цифраларга алмаштырылсын;
"Жогорулатуу коэффициенти" деген сап алып салынсын;
3.1-пунктчадагы "коомдук жана жеке" деген сөздөр алып салынсын;
3.2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
3.2 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар | тыйын/кВт.с | - | - | 442,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине |
";
10-14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
10 | Майнинг (крипто-валюта) | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
11 | Алтын кен өнөр жайы | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |

12 | Куюучу өндүрүш | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |

13 | Алкоголь өнөр жайы | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |

14 | Цемент өндүрүшү | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 327,6 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине |
";
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 2-тиркемесинде:

тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Токтогул районундагы жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы калк пайдаланган жана насостук станцияларды иштетүүгө керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүлөт.
Жеңилдиктердин кайталанышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленген электр энергиясына төлөмдүн 50% өлчөмүндөгү компенсация ушул тиркеменин 1.2-пунктчасында көрсөтүлгөн тарифке колдонулат.";
- Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-1-тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн ТАРИФ
Керектөөчүлөрдүн топтору | Ченөө бирдиги | 2023-ж. | 2024-ж. 01.06. | 2025-ж. 01.06. |
Энергиянын кайра жаралуу булактары | тыйын/кВт.с | 340 | 340 | 340 |
Эскертүү:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тариф орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке төмөнкүдөй өлчөмдөрдө көбөйтүлөт:
1) суунун энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
2) күндүн энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
3) биомассанын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
4) шамалдын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
5) жердин энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тариф жеңилдик берилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 3-тиркеме |
Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Нускама Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты (мындан ары - ОМТС) ишке ашыруунун алкагында отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонууга бекитилген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин, ошондой эле белгиленген тарифтерди колдоно турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент саналат.
2-глава. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
3. Бул Нускамада белгиленген тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акыркы керектөөчүлөргө электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан өндүрүлгөн, берилген, бөлүштүрүлгөн жана сатылган электр энергиясына карата колдонулат.
4. Электр энергиясына белгиленген тарифтерди колдонуу ОМТСти ишке ашыруу мөөнөтү менен каралган мезгилдин ичинде жүзөгө ашырылат.
5. Электр менен жабдуучу уюм электр энергиясын керектөөнүн багытын жана иштин түрүн аныктаган документтерди берүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча тарифтик топту белгилейт.
Бериле турган документтердин тизмеги электр менен жабдуучу уюм тарабынан аныкталат.
6. Электр менен жабдуучу уюм "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тарифтик тобун Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген тизменин негизинде колдонот.
3-глава. Тарифтердин түрлөрү
7. Бул Нускама менен керектөөчүлөргө берилген активдүү электр энергиясынын бир киловатт-саатына (кВт.с) төлөм жүргүзүүдө тарифтердин төмөнкү түрлөрүн колдонуу тартиби жөнгө салынат:
1) "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
2) "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган калкты кошпогондо) электр энергиясын керектөө айына 700 кВт.с ашканда ОМТСтин 1-тиркемесинин 1,2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
3) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
4) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр (анын ичинде бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган калкты кошкондо) керектөөчүлөр тобу үчүн тариф электр энергиясын айына 700 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
5) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тобу үчүн тариф электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.5-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
6) "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тобу үчүн тариф электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
7) "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
8) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тарифтер:
- айына 150 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.1-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын айына 150-700 кВт.с чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган калктан, ошондой эле 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.2-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- электр энергиясын керектөө айына 700 кВт.с ашкан учурда (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган калктан тышкары) ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандар үчүн ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын айына 150-700 кВт.с чейин керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.5-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
- 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясын айына 700 кВт.с ашык керектөөдө ОМТСтин 2-тиркемесинин 1,4-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
9) "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.6-пунктчасында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
10) "Насостук станциялар" керектөөчүлөр тобу үчүн социалдык-багытталган тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
11) "Электр транспорту", "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер", "Диний уюмдар" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 3, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
12) "Майнинг" (криптовалюта)", "Алтын кени өнөр жайы", "Куюучу өндүрүш", "Цемент өндүрүшү" жана "Алкоголдук өнөр жай" керектөөчүлөр топторун кошпогондо, тиричиликтик эмес керектөөчүлөрдүн калган топтору үчүн тарифтер ОМТСтин 1-тиркемесинин 6, 7, 8, 9-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө колдонулат;
13) "Майнинг (криптовалюта)" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
14) "Алтын кени өнөр жайы" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 11-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
15) "Куюучу өндүрүш" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 12-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
16) "Алкоголдук өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 13-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат;
17) "Цемент өндүрүшү" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 14-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө колдонулат.
8. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтер сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген катталган эсепке алуу системаларынын жана приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан колдонулат.
Дифференциацияланган тариф сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык керектелген активдүү электр энергиясынын 1-кВт саатынын наркын аныктайт.
Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтин багыты - энергетикалык системанын жүктөмүнүн суткалык графигин теңештирүү.
9. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган электр энергиясынын тарифтери сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген электр энергиясын коммерциялык эсепке алуучу автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасынын катталган системаларына жана приборлоруна (ЭКЭАМӨС) ээ "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан колдонулат.
10. Электр менен жабдуучу уюмдун техникалык мүмкүндүгү болгон учурда керектөөчү (абонент) төмөнкү шарттар аткарылганда электр энергиясынын керектелген бардык көлөмүнө дифференциацияланган тарифти колдонуу жөнүндө аны менен келишим түзүүгө укуктуу:
1) керектелген электр энергиясынын бардык көлөмү үчүн төлөм 700 кВт саат керектөө көлөмүнөн ашкан электр энергиясынын көлөмүнө белгиленген ошол убакыт мезгилине колдонулган тариф боюнча эсептелет;
2) керектөөчү сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүн төлөөгө милдеттенет:
- түнкү зона үчүн коэффициент (23:00дөн 07:00гө чейин) - 0,5;
- күндүзгү зона үчүн коэффициент (07:00дөн 23:00гө чейин) - 1,0.
4-глава. Керектөөчүлөрдүн топтору
11. Бардык электр энергиясын акыркы керектөөчүлөр керектелген электр энергиясынын багыты боюнча 14 тарифтик топко бөлүнөт:
1) "Калк" тобу;
2) "Насостук станциялар" тобу;
3) "Электр транспорту" тобу;
4) "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобу;
5) "Диний уюмдар" тобу;
6) "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобу;
7) "Айыл чарба" тобу;
8) "Өнөр жай" (өнөр жай жана ага теңештирилген керектөөчүлөр) тобу;
9) "Башка керектөөчүлөр" тобу;
10) "Майнинг (криптовалюта)" тобу;
11) "Алтын кени өнөр жайы" тобу;
12) "Куюучу өндүрүш" тобу;
13) "Алкоголдук өнөр жай" тобу;
14) "Цемент өндүрүшү" тобу.
12. "Калк" тобуна кирбеген керектөөчүлөрдүн бардык топтору тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө кирет.
5-глава. "Калк" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
13. Калкка электр энергиясын берүү отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө жана көлөмдөрүнө карабастан жүргүзүлөт.
14. Көрсөтүлгөн тарифтер боюнча ар кандай тиричиликтик муктаждыктар үчүн турак жайларда, үйлөрдө жана батирлерде жашаган калк тарабынан сарпталган электр энергиясы, ошондой эле дачалык жана бак өстүрүү шериктештиктерине берилген электр энергиясы үчүн төлөм эсептелет.
15. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча турак үйлөрдү жана жайларды (конок үйлөрүн) эс алуучуларга жана убактылуу жашоочуларга ижарага берген керектөөчүлөргө эс алуучулар жана убактылуу жашоочулар жок убакытка (туристтик сезон токтогондо) да төлөм эсептелет. Электр менен жабдуучу уюм мындай абонент менен турак үйлөрдү жана имараттарды ижарага берүү мөөнөттөрү жана узактыгы көрсөтүлгөн контрактты түзүүгө милдеттүү.
Ошол эле учурда турак жайды ижарага алгандар же убактылуу жашап жаткандар электр менен жабдуучу уюм менен келишими (контракт) жок, 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн ар айлык "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр болуп саналса, ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.4-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф колдонулат. Ошондой эле өзүнчө келишим түзүү талап кылынбайт.
16. Калк үчүн электр энергиясын айына 700 кВт саат өлчөмүндө жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашаган калкты кошпогондо) пайдаланууда социалдык багыттагы тариф колдонулат. Жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде электр энергиясы үчүн төлөм керектөөчүгө электр менен жабдуучу уюм тарабынан коюлган төлөө эсептеринде өзүнчө сап менен эсептелет.
17. Айына электр энергиясын керектөөнүн көлөмдөрүн эсептөөдө абоненттин электр энергиясын орточо суткалык керектөөсүн эске алуу керек, ал төмөнкүлөрдү түзөт:
700 кВт саат * 12 ай / 365 күн = 23,014 кВт саат.
18. Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашаган калк үчүн бардык керектелген электр энергиясына жыл бою социалдык багыттагы тариф колдонулат.
19. "Калк", 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр тобу үчүн тариф бул адамдардын жашаган/жүргөн жери боюнча тиешелүү тизме берилген айдан кийинки айдын биринен тартып колдонулат жана төлөмдөр токтотулган айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат.
Жашаган/жүргөн жери өзгөргөн учурда тариф колдонулган мөөнөт:
- акыркы жашаган жери боюнча - мындай өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринен тартып токтотулат;
- жаңы жашаган жери боюнча - абонент жашап баштаган айдан кийинки айдын биринен тартып башталат.
"Калк", 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн ар айлык "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөр топтору үчүн тариф иш жүзүндө жашаган/жүргөн жери боюнча колдонулат жана эки же андан ашык дарек үчүн колдонулбайт.
Электр менен жабдуучу уюм менен түздөн-түз келишими (контракт) жок, 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн ар айлык "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөрү электр менен жабдуучу уюмга абоненттин жашаган/жүргөн жери боюнча өздүк эсебин берет.
20. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдалануучу калк" керектөөчүлөр тобу үчүн (майнинг максатынан тышкары) тариф электр менен жабдуучу уюмдун техникалык мүмкүндүгү болгондо жана тиричилик керектөөчүлөр тарабынан ыктыярдуу негизде колдонулат. Ошол эле учурда электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн жеке келишимге ылайык тариф керектелген электр энергиясынын бардык көлөмүнө колдонулат жана 700 кВт саат керектөө ченеми колдонулбайт.
21. "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясын электр мобилдерди кубаттоо үчүн пайдаланган учурда кошумча техникалык шарттар жана кубаттуулуктар берилбейт, электр энергиясы колдонулуп жаткан (белгиленген) кубаттуулуктун чегинде пайдаланылат.
22. Тиричиликтик абонент электр энергиясын орточо суткалык керектөөнүн 23,014 кВт саат өлчөмүнөн ашкан көлөмдө пайдаланган учурда, төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 1.2-пунктчасында жана ОМТСтин 2-тиркемесинин 1.3-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт. Бул тариф боюнча эсептелген электр энергиясынын наркы керектөөчүгө электр менен жабдуучу уюм тарабынан коюлган төлөө эсебинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт.
23. Жалпы эсептөөчү эсептегич боюнча электр менен камсыздоочу уюмдар менен эсептешкен дача жана бак өстүрүү шериктештиктерине (жана аралаш жүктөм менен керектөөчү-алып сатуучулар болуп саналбаган) электр энергиясын берүү "Калк" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
Ар бир дачалык бак өстүрүү коомунда же шериктештигинде жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн иш жүзүндөгү саны лицензиаттын (электр менен жабдуучу уюмдун) өкүлүнүн катышуусу менен инвентаризациялоонун негизинде белгиленет.
Ошол эле учурда эсептөө "Калк" тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча биринчи кезекте тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнө жүргүзүлөт. Андан кийин эсептөө тарифтин биринчи баскычы боюнча эсептөөнү кемитүү менен керектөөчүнүн эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрү боюнча электр энергиясын иш жүзүндө сарптоо боюнча жүргүзүлөт, 700 кВт сааттан жогору керектөөнүн көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча акынын суммасы аныкталат.
24. Дача жана бак өстүрүү шериктештиктери тарабынан сугарууга сарпталган электр энергиясы (насостук станция жамааттык болгон шартта) айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылган "Насостук станциялар" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф боюнча өзүнчө төлөнөт.
25. Эсептөөнүн ушундай алгоритми "Калк" тобунун керектөөчүлөрү бар бардык тиричиликтик эмес абоненттер үчүн колдонулат, эсептөө жалпы эсепке алуу прибору боюнча жүргүзүлөт (жатакана, жалпы эсепке алуу менен мейманкана тибиндеги турак үйлөр жана башкалар).
26. Бир гана башкы эсепке алуу боюнча электр энергиясы үчүн эсептешүү жүргүзгөн жана бир жеке эсеби бар жеке жактардын тобу үчүн керектелген электр энергиясы үчүн акыны эсептөө жалпы башкы эсепке алууга кошулган жеке тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санын белгилеген инвентаризациялоонун негизинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда бир же бир нече керектөөчү катары 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн ар айлык "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, мындай керектөөчүнү идентификациялоо жеке эсептин жана Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген тизменин негизинде жүргүзүлөт.
Эсептөө "Калк" тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча биринчи кезекте тиричиликтик керектөөчүлөрдүн санына көбөйтүлгөн 700 кВт саат өлчөмүндөгү электр энергиясын керектөөнүн көлөмүнө жүргүзүлөт. Андан кийин эсептөө тарифтин биринчи баскычы боюнча эсептөөнү кемитүү менен керектөөчүнүн эсепке алуу приборунун көрсөткүчтөрү боюнча электр энергиясын иш жүзүндө сарптоо боюнча жүргүзүлөт, 700 кВт сааттан жогору керектөө көлөмү үчүн экинчи баскычтагы тариф боюнча акынын суммасы аныкталат.
27. Баланстык тиешелүүлүктүн чегинде жайгашпаган, менчигинде трансформатордук подстанция (ТП), электр өткөрүү линиялары (ЭӨЛ) бар жана жалпы эсепке алуу приборлору эсептөөчү керектөөчүлөр үчүн эсептөө эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрү жана керектөөчүгө таандык болгон ТП жана ЭӨЛ жоготуулардын чоңдугу боюнча жүргүзүлөт. Керектөөчүнүн тармактык элементтериндеги жоготуулары үчүн эсептөө ушул керектөөчүгө колдонулган негизги тариф боюнча, ал эми ар кандай топторго кирген бир нече керектөөчү кошулган учурда, аларга колдонулган тарифтердин эң төмөнкүсү боюнча жүргүзүлөт. Башкы эсепке алуу боюнча "Калк" тобунун керектөөчүлөрү эсептешүү жүргүзгөн учурда керектөөчүнүн тармактык элементтериндеги жоготуулар үчүн эсептөө тарифтин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт. Ар бир абоненттин электр энергиясын 700 кВт саатка чейинки көлөмдөгү керектөөчүнүн тармактык жоготуулары буга кошулбайт.
28. Коммуналдык сектордун жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы (үйгө кирүүчү подъездди жарык кылуу, лифттин электрдик керектөөсү, жогорулатуучу жана төмөндөтүүчү насостор ж.б.) электр энергиясын керектөө үчүн төлөм "Калк" тобу үчүн тарифтин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт жана ар бир абоненттин 700 кВт саатка чейинки көлөмдөгү электр энергиясы эске алынбайт.
29. Коммуналдык секторду тейлеген жана кондоминиумдардын, турак-жай курулуш кооперативдеринин, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин балансында турган электр отканалары керектеген электр энергиясы үчүн төлөм 700 кВт саат өлчөмүндө "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тарифтин биринчи баскычы боюнча жүргүзүлөт, калган көлөм үчүн төлөм "Калк" тобу үчүн экинчи баскыч боюнча эсептелет.
30. Курулушу бүтө элек жана үйлөрү пайдаланууга бериле элек көп батирлүү турак үйлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы "Өнөр жай (өнөр жай жана ага теңдештирилген керектөөчүлөр)" тобу үчүн белгиленген тарифтер боюнча төлөнөт.
31. "Калк" акыркы керектөөчүлөр тобуна турак үйлөр, батирлер, батир тибиндеги жатаканалар, коммерциялык эмес типтеги окуу жайлардын, мектеп-интернаттардын окуу жайларынын жатаканалары, аскерлештирилген мекемелердин гарнизондорунун казармалары жана жатаканалары, түзөтүү жайларынын тергөө изоляторлору жана башка министрликтердин жана ведомстволордун турак жай зоналары кирет.
32. Электр энергиясы калк тарабынан тиричиликтик эмес максаттарда (майнинг, тигүү өндүрүшү, мейманканалар, дүкөндөр, кеңселер ж.б.у.с.) пайдаланылган учурда электр энергиясы үчүн төлөм иштин тиешелүү түрүнүн тарифи боюнча жүргүзүлөт.
6-глава. "Насостук станциялар" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
33. "Насостук станциялар" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 1-тиркемесинин 2-пунктундагы көрсөтүлгөн өлчөмдө социалдык багыттагы тариф боюнча жүргүзүлөт.
34. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Насостук станциялар" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясын берүү ОМТСтин 2-тиркемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө социалдык багыттагы тариф боюнча жүргүзүлөт.
35. Айыл чарба жерлерин сугарууну жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдү эсептөө аталган топ үчүн отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
36. "Насостук станциялар" тобунун керектөөчүлөрүнө төмөнкү акыркы керектөөчүлөр кирет:
1) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар;
2) айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар;
3) суу түтүктөрү жана канализация чарбасынын ишканаларынын насостук станциялары жана скважиналары;
4) машина менен сугаруучу насостук станциялар, сугаруу каналдары, вертикалдуу дренаждын скважиналары, тамчылатып сугаруу.
7-глава. "Электр транспорту" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
37. "Электр транспорту" тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү электр энергиясын пайдалануунун мүнөзүнө, киргизүү тибине карабастан белгиленген тариф боюнча жүргүзүлөт.
38. "Муниципалдык троллейбустук деполор, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустарды жана электр автобустарды) пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары" керектөөчүлөрү үчүн керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
39. "23 кВт чейин белгиленген кубаттуулуктагы электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар" керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3.1-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
40. "Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектебестен пайдаланган электр мобилдерин кубаттоо боюнча станциялар" керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 3.2-пунктчасында көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
41. "Электр транспорту" тобунун керектөөчүлөрүнө төмөнкү акыркы керектөөчүлөр кирет:
1) муниципалдык троллейбус деполору, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызматтарын жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустар жана электр автобустар) пайдалануучу жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары;
2) электр мобилдерин кубаттоо станциялары.
8-глава. "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
42. "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобу үчүн электр энергиясын берүү электр энергиясын киргизүү тибине, пайдалануу мүнозүно карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
43. Бул топтун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
44. "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобунун керектөөчүлөрүнө менчигинин түрүнө карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, майыптарга жана/же улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү мекемелер, ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюмдар кирет.
45. 44-пунктта көрсөтүлгөн топтун керектөөчүлөрү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүккө ээ болууга, ошондой эле төмөнкү мүнөздөмөлөрдүн бирине ылайык келүүгө тийиш:
1) стационардык:
- улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелер;
2) жарым стационардык:
- улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды социалдык тейлөө борборлору (күндүзгү болуу бөлүмдөрү);
- балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык баш калкалоочу жайлар;
- балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор;
- балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору;
- түнөк жайлары;
- геронтологиялык борборлор;
- жалгыз бой улгайган жарандар үчүн атайын үйлөр;
- кароосуз калган балдарга жардам берүү борборлору;
- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берүү борборлору (социалдык адаптациялоо борборлору);
- баш калкалоочу жайлар (үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн убактылуу болуу борбору);
- "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык реабилитациялык борборлор (социалдык жатаканалар);
- үй-бүлөлүк балдар үйү;
3) менчигинин түрүнө карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын күнү-түнү болуусу үчүн арналган интернат тибиндеги балдар мекемелери.
9-глава. "Диний уюмдар" тобу үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуу
46. "Диний уюмдар" тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү электр энергиясын киргизүү тибине, пайдалануу мүнөзүнө карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
47. Бул топтун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
48. "Диний уюмдар" тобунун керектөөчүлөрүнө төмөнкүлөр кирет: диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлары, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, сыйынуу үйлөрү, монастырлар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган башка уюмдар.
10-глава. "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобу үчүн электр энергиясына тарифтерди колдонуу
49. "Бюджеттик керектөөчүлөр (республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөр)" тобуна электр энергиясын берүү электр энергиясын киргизүү тибине, пайдалануу мүнөзүнө карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
50. Бул топтун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
51. Бюджеттик керектөөчүнүн негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар жатаканасы жана ведомстволук турак үйлөрү, казармалык жана аскердик-кызматтык багыттагы турак үйлөрү жана жатаканасы болсо, мындай жатаканалар жана ведомстволук үйлөр керектеген электр энергиясы үчүн төлөм "Калк" тобу үчүн тариф боюнча жүргүзүлөт.
52. Бюджеттик керектөөчүнүн негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар насостук станциялары болгон учурда мындай насостук станциялар керектеген электр энергиясы үчүн төлөм "Насостук станциялар" тобу үчүн тариф боюнча жүргүзүлөт.
53. Бюджеттик керектөөчүлөр негизги керектөөчүдөн өзүнчө эсепке алуу прибору бар жайларды бюджеттик керектөөчүлөр болуп саналбаган чарбакер субъекттерге ижарага берген учурда мындай ижарачылар тарабынан электр энергиясы үчүн төлөм алардын ишинин түрүнө ылайык келген тариф боюнча жүргүзүлөт.
54. Республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу керектөөчүлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик мекемелер;
2) мамлекеттик ооруканалар, бейтапканалар, профилакторийлер, консультациялар, төрөт үйлөрү, балдар тамак-ашын-сүттү таратуу пункттары;
3) мамлекеттик мектептер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары (техникумдар, окуу жайлары жана башка окуу жайлары);
4) мамлекеттик бала бакчалар жана ясли, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
5) мамлекеттик киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирктер жана башка оюн-зоок ишканалары;
6) мамлекеттик музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекториялар, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
7) мамлекеттик стадиондор, ипподромдор, сууда сүзүү бассейндери, спорт залдары жана башка спорттук курулмалар;
8) мамлекеттик ботаникалык бактар, зоопарктар;
9) бардык кызматтары менен аскердик бөлүктөр, бардык кызматтары менен аскердик-окуу жайлары;
10) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана улуттук коопсуздук органдарына ведомстволук караштуулуктагы башка ишканалар, мекемелер жана уюмдар;
11) сот бийлигинин органдары;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
13) "Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер" тобундагы керектөөчүлөрдү кошпогондо, башка топторго киргизилиши мүмкүн болгон, бирок толугу менен республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттен каржыланган кандай болбосун керектөөчүлөр да акыркы керектөөчүлөрдүн ушул тобуна киргизилиши керек.
11-глава. "Айыл чарба" тобу үчүн берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
55. "Айыл чарба" тобунун керектөөчүлөрүнө электр энергиясын берүү электр энергиясын киргизүү тибине, пайдалануу мүнөзүнө карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
56. "Айыл чарба" тобунун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
57. "Айыл чарба" тобунун керектөөчүлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) дыйкан жана фермердик чарбалар;
2) мал чарба комплекстери, мал сарайлар жана айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча ишканалар;
3) өз алдынча же кооперативдик уюмдардын жана мекемелерге караштуу көмөкчү айыл чарбалары;
4) күнөскана жана күнөскана-парник чарбалары;
5) тоют жана бордоп семиртүүчү чарбалар (пункттар), мамлекеттик асыл тукум станцияларынын тоют чарбалары, жылкы заводдору, асыл тукум заводдору (чарбалары), мал асыл тукум питомниктери, станциялар (пункттар), асыл тукум малды даярдоо боюнча бирикмелер;
6) гренаж заводдору, пилла кургаткычтар, асыл тукум жибек станциялары;
7) канаттуулар фабрикалары, инкубатордук канаттуулар станциялары, асыл тукум канаттуулар заводдору (чарбалары);
8) балык өстүрүүчү заводдор (чарбалар), балык чарбалары, балык суу-мелиоративдик станциялар, балык питомниктери, балык пункттары;
9) аары питомниктери жана бал челектер;
10) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорт сыноочу участоктору;
11) дары жана техникалык чийки затты өстүрүү боюнча айыл чарба ишканалары (чарбалары);
12) өсүмдүктөрдү коргоо станциялары, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине жана илдеттерине каршы күрөшүү боюнча экспедициялар жана отряддар;
13) биофабрикалар жана биокомбинаттар;
14) токой чарбалары, токойчулуктар, токой питомниктери, коруктар, аңчылык чарбалары, териси баалуу жаныбарлардын, иттердин питомниктери, коёндорду өстүрүү боюнча чарбалар, тери өстүрүүчү чарбалар;
15) ветеринардык лабораториялар (участоктор, пункттар), жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча станциялар, эт-сүт жана тамак-аш контролдук станциялары;
16) суу буруу жана кургатуу системалары жана алардын эксплуатациялык участоктору.
12-глава. "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобунун керектөөчүлөрүнө берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
58. "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобу үчүн берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
59. Ушул эле тарифтер боюнча "Өнөр жай" тобунун керектөөчүлөрү өндүрүштүк муктаждыктарга жана өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес (бирок өндүрүш менен байланышкан) жайларды: цехтерди, завод башкармалыктарын, кеңселерди, фабрика-завод коомдук уюмдарын, кампаларды, гараждарды жана башкаларды, ошондой эле ишканалардын өздүк темир жол кирүүчү жолдорун жана аймактарын жарыктандырууга сарптаган электр энергиясына эсептешүү жүргүзүлөт.
60. "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобунун керектөөчүлөрүндө өндүрүш менен байланышпаган имараттар, жайлар жана курулмалар (турак жай шаарчалары, өзүнчө турак үйлөр, жатаканалар, мейманканалар, конок үйлөрү, кинотеатрлар, клубдар, маданият үйлөрү, ооруканалар, бейтапканалар, медпункттар, мончолор, сауналар, ашканалар, бала бакчалар, ясли, насостук станциялар жана ушул сыяктуулар), анын ичинде өндүрүш менен бир аймакта жайгашкан жана жалпы электр тармактарына туташтырылган имараттар, жайлар жана башкалар болушу мүмкүн. Мындай имараттар жана жайлар өзүнчө эсепке алуу приборлору менен жабдылууга тийиш. Өндүрүш менен байланышпаган мындай имараттарды жана жайларды жарыктандырууга жана башка муктаждыктарга сарпталган электр энергиясына эсептешүү керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
61. Эгерде айрым цехтер же айрым объекттер негизги керектөөчүдөн обочолонуп жайгашса жана аны менен жалпы электр тармактары болбосо, бул цех же башка өзүнчө объекттер менен эсептешүүлөр ошол топтун негизги керектөөчүсү менен эсептешүүлөрдө колдонулган тарифке карабастан керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
62. "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобунун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
63. "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобунун керектөөчүлөрүнө продукцияны өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү жүргүзгөн кандай гана болбосун уюштуруу түрүндөгү жана менчигиндеги ишканалар кирет, анын ичинде:
1) бирикмелер, өнөр жай ишканалары (заводдор, анын ичинде айыл чарба оңдоо ишканалары, айыл чарба машиналарын жана механизмдерин оңдоо боюнча устаканалар, ошондой эле илимий-изилдөө уюмдарынын тажрыйбалык заводдору, комбинаттар, фабрикалар, шахталар, кен чыгуучу жерлер, карьерлер, разрездер, мунай, газ өндүрүштөрү, бургулоо орнотмолору ж.б.);
2) өндүрүштүк устаканалар, басмаканалар, муздаткычтар, өндүрүш жана оңдоо базалары;
3) курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар;
4) курулуш жана монтаждоо иштерин түздөн-түз жүзөгө ашыруучу курулуш уюмдары, анын ичинде ушул курулушту тейлөөчү көмөкчү транспорттук жана көмөкчү объекттер, айыл чарба курулуш уюмдары;
5) темир жол, суу, автомобиль, аба жана шаардык транспорт ишканалары (оңдоочу жана башка заводдор, темир жол жана автобустук деполор жана парктар, сорттоочу транспорттук объекттер, деңиз жана дарыя порттору, жүктү которуштуруп жүктөө базалары жана пункттары, автобазалар, мунай түтүктөрү, магистралдык газ түтүктөрү жана башкалар);
6) байланыш ишканалары (кабелдик телекөрсөтүү компаниялары, теле жана радиокомпаниялар, радиостанциялар, телекөрсөтүү борборлору, ретрансляторлор, телефон жана телеграф түйүндөрү жана станциялар, уюлдук байланыш станциялары, интернет-провайдерлер, почтамттар жана башкалар);
7) коммуналдык чарба ишканалары (отканалар, жылуулук тармактар ишканалары, суу түтүк-канализация чарба ишканалары);
8) өнөр жай ишканаларын материалдык-техникалык жабдуу жана даярдоо ишканалары жана уюмдары (кампалар, элеваторлор, базалар, анын ичинде жүктү которуштуруп жүктөө базалары, ар кандай кабыл алуу пункттары, бөлүштүрүү жана даярдоо объекттери жана башкалар);
9) сүт жана сүт азыктарын, ун жана нан өндүрүү боюнча ишканалар, анын ичинде чакан тегирмендер, май бышкычтар, чакан наабайканалар, балмуздак өндүрүү боюнча цехтер;
10) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү;
11) тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканалары, анын ичинде кондитердик жана тигүү цехтери;
12) этти, канаттууларды, балыкты жана жашылча-жемиш продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар;
13) булгаары, жыгач жана металл иштетүү боюнча устаканалар;
14) өсүмдүк майын өндүрүү;
15) оңдоочу-механикалык заводдор жана башка өнөр жай ишканалары;
16) өнөр жай ишканаларынын кампалары, базалары жана цехтери;
17) фасовкалоочу жана идиштерди оңдоочу ишканалар жана уюмдар.
13-глава. "Башка керектөөчүлөр" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
64. Бардык башка керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
65. Мончолордо, сауналарда, ошондой эле стационардык электр приборлордо (плиталарда, мештерде жана башкаларда) тамак бышыруу үчүн электр энергиясын пайдаланган башка керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
66. Башка топторго кирбеген башка керектөөчүлөргө берилген электр энергиясы үчүн эсептешүү электр энергиясын киргизүү тибине жана пайдалануу максаттарына карабастан колдонуудагы тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
67. "Башка керектөөчүлөр" тобунун керектөөчүлөрү тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөм ОМТСтин 1-тиркемесинин 9-пунктунда көрсөтүлгөн тариф боюнча жүргүзүлөт.
68. "Башка керектөөчүлөр" тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттердин, журналдардын редакциялары жана башкалар);
2) жарнама агенттиктери, кыймылсыз мүлк агенттиктери;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кошпогондо, банктар, ломбарддар, микрокредиттик уюмдар жана башка финансылык-кредиттик мекемелер;
4) жабдууларды, машиналарды, приборлорду, мунай продукттарын жана башка өндүрүштүк жана курулуш багытындагы продукцияларды дөңүнөн жеткирүү боюнча сатуучу жана жабдуучу уюмдардын кампалары жана базалары, ошондой эле материалдык-техникалык жабдуунун жана соода уюмдарынын базалары;
5) коомдук, укук коргоочу уюмдар жана бирикмелер;
6) турак жай-эксплуатациялык башкармалыктар, ТЭШ, ТКК жана башка жашоочулардын бирикмелеринин юридикалык формалары (жеке муктаждыктарды кошуу менен);
7) илимий-изилдөө, долбоорлоо жана изилдөө институттары, эсептеп чыгаруучу борборлор, лабораториялар, конструктордук бюролор, башка илимий-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө мекемелери;
8) темир жол вокзалдары, пристандар, автовокзалдар, аэровокзалдар, аэродромдор, аэропорттор, автобустук станциялар;
9) гараждар жана жеке автомашиналар үчүн гараждык-курулуш кооперативдер, автопарктар, автомашина токтотуу жайлары, автомашинага май куюу станциялары, автомашина оңдоо устаканалары, техникалык тейлөө станциялары, автомашиналарды жуучу жайлар;
10) калкты тиричилик жактан тейлөөчү бардык ишканалар, чачтарач, фотоателье, ателье жана кийим, бут кийим, маданий-тиричилик багытындагы жана күндөлүк турмуштагы чарбалык буюмдарды оңдоо боюнча устаканалар, химиялык тазалоочу жана кир жуучу жайлар, прокаттык пункттар, мончолор, сауналар, душка түшүүчү жайлар жана тиричилик жактан тейлөөчү башка ишканалар;
11) менчик: ооруканалар, эмканалар, профилакториялар, кеңеш берүүчү жайлар, төрөт үйлөрү, санаториялар жана башка дарылоо жайлары;
12) менчик: мектептер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары (техникумдар, орто окуу жайлары жана башка окуу жайлар);
13) менчик: бала бакчалар жана яслилер, эс алуу лагерлери жана башка балдар мекемелери;
14) мейманканалар, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, мотелдер, кемпингдер, туристтик базалар жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстер, конок үйлөрү, хостелдер;
15) жеке: киностудиялар, театрлар, концерттик залдар, кинотеатрлар, цирк жана башка оюн көрсөтө турган ишканалар;
16) менчик: музейлер, көргөзмөлөр, китепканалар, китеп окуучу жайлар, лекция окулуучу жайлар, планетарийлер, клубдар, маданият үйлөрү жана башка маданий-агартуу мекемелери;
17) менчик: маданий жана эс алуу парктары, бактар, ботаникалык бактар, зоопарктар;
18) менчик: стадиондор, ипподромдор, сууга сүзүү бассейндери, спорттук залдар жана башка спорттук курулмалар;
19) дүкөндөрдүн бардык түрлөрү, бутиктер, салондор, соода комплекстери, дарыканалар, алмаштыруу бюролору, кеңселик борборлор;
20) чакан дүкөндөр, чатырлар, автодүкөндөр, рынок, жарманкелер жана базарлар, мезгилдүү соода павильондору, бардык түрдөгү киосктор, үй дүкөндөрү;
21) соода кампалары, чекене сатуу базалары, соода уюмдарынын дүң базалары, жашылча-жемиш сактоочу жайлар, жашылча жана мөмө-жемиш базалары;
22) ашканалар, тез татым, кафелер, барлар, чай ичүүчү жерлер, ресторандар, буфеттер, фабрика-ашканалар, чала фабрикаттар комбинаттары, үй ашканалары;
23) оюн автоматтары залдары, интернет-кафелер жана башка кызыктыруучу жайлар;
24) менчигинин түрүнө карабастан, азык-түлүк, өнөр жай товарларын, чала фабрикаттарды түздөн-түз сатуучу, ошондой эле тамактарды жана суусундуктарды чыгаруучу коомдук тамактануу жана чекене соода тармагы ишканалары;
25) жогоруда көрсөтүлгөн тарифтик топтордун бирине да кирбеген башка керектөөчүлөр.
14-глава. "Майнинг (криптовалюта)" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
69. "Майнинг (криптовалюта)" тобуна электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде айрым объекттер негизги керектөөчүдөн обочо жайгашса жана аны менен жалпы электр тармактары жок болсо, ушул цех же башка өзүнчө объекттер менен эсептешүү бул топтун негизги керектөөчүлөрү менен эсептешүүдө колдонулган тарифке карабастан, керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
70. Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн "Майнинг (криптовалюта)" тобуна киргизүү иштин түрүн аныктаган документтерди берүү жана керектелүүчү электр энергиясынын дайындалуу багытын көрсөтүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
71. Майнинг (криптовалюта) максатында объекттин курулуш мезгилинде электр энергиясына "Өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн электр энергиясынын тарифи колдонулат.
72. Электр энергиясын керектөөдө "Майнинг (криптовалюта)" тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 10-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
15-глава. "Алтын кени өнөр жайы" тобуна берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу
73. "Алтын кени өнөр жайы" тобуна жана көмөкчү объекттерге электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде айрым объекттер негизги керектөөчүдөн обочо жайгашса жана аны менен жалпы электр тармактары жок болсо, ушул цех же башка өзүнчө объекттер менен эсептешүүлөр бул топтун негизги керектөөчүлөрү менен эсептешүүдө колдонулган тарифке карабастан, керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
74. "Алтын кени өнөр жайы" тобунун электр энергиясын керектөөчүлөрүнүн катарына киргизүү иштин түрүн аныктаган документтерди берүү жана керектелүүчү электр энергиясынын дайындалуу багытын көрсөтүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
75. Электр энергиясын керектөөдө "Алтын кени өнөр жайы" керектөөчүлөр тобу үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 11-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
76. "Алтын кени өнөр жайы" тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) алтын кенин казуучу ишканалар;
2) алтын кен комбинаттары;
3) алтынды кайра иштетүүчү комбинаттар;
4) алтынды тазалоо ишканалары;
5) байытуучу фабрикалар.
16-глава. "Куюучу өндүрүш" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
77. "Куюучу өндүрүш" тобуна электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

78. Электр энергиясын керектөөчүлөрдү "Куюучу өндүрүш" тобунун электр энергиясын керектөөчүлөрүнүн катарына киргизүү иштин түрүн аныктаган документтерди берүү жана керектелүүчү электр энергиясынын дайындалуу багытын көрсөтүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
79. Электр энергиясын керектөөдө "Куюучу өндүрүш" тобунун керектөөчүлөрү үчүн тариф ОМТСтин 1-тиркемесинин 12-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
80. "Куюучу өндүрүш" тобуна төмөнкүлөр кирет:
1) металл куюучу продукцияларды өндүрүү;
2) металл эритүүчү продукцияларды өндүрүү;
3) металл прокаты (ысык жана муздак) боюнча өндүрүш.
81. Электр энергиясын эсепке алуучу өзүнчө приборлору бар болгон учурда, тарифти колдонуу куюучу жана эритүүчү өндүрүшкө кирбеген ишканалардын башка түзүмдүк өндүрүштүк бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.
82. "Куюучу өндүрүш" объектисин куруу мезгилинде электр энергиясына "Өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф колдонулат.
17-глава. "Алкоголдук өнөр жай" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
83. "Алкоголдук өнөр жай" тобуна электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.

84. Электр энергиясын керектөөчүлөрдү "Алкоголдук өнөр жай" тобуна киргизүү иштин түрүн аныктаган документтерди берүү жана керектелүүчү электр энергиясынын дайындалуу багытын көрсөтүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
85. "Алкоголдук өнөр жай" тобунун керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясын керектөөдө тариф менен ОМТСтин 1-тиркемесинин 13-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
86. "Алкоголдук өнөр жай" тобуна алкоголдук продукциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн өндүрүү боюнча ишканалар жана объекттер кирет:
1) арактар жана өзгөчө арактар;
2) ликер-арак ичимдиктери;
3) шарап материалдары;
4) шараптар;
5) көбүрмө шараптар, шампандар;
6) шарап ичимдиктер;
7) коньяк;
8) бренди;
9) кальвадос;
10) сыра;
11) башка күчтүү алкоголдук ичимдиктер;
12) башка алкоголу аз ичимдиктер.
87. "Алкоголдук өнөр жай" объектисин куруу мезгилинде электр энергиясына "Өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф колдонулат.
18-глава. "Цемент өндүрүшү" тобуна берилүүчү электр энергиясына тарифтерди колдонуу
88. "Цемент өндүрүшү" тобуна электр энергиясын берүү киргизүү тибине карабастан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.

89. Электр энергиясын керектөөчүлөрдү "Цемент өндүрүшү" тобуна киргизүү иштин түрүн аныктаган документтерди берүү жана керектелүүчү электр энергиясынын дайындалуу багытын көрсөтүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча электр менен жабдуучу уюм тарабынан жүргүзүлөт.
90. "Цемент өндүрүшү" тобунун керектөөчүлөрү үчүн тариф электр энергиясын керектөөдө ОМТСтин 1-тиркемесинин 14-пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө кабыл алынат.
91. "Цемент өндүрүшү" тобуна цементти жана цемент продукцияларын өндүрүү боюнча ишканалар кирет.
92. "Цемент өндүрүшү" объектисин куруу мезгилинде электр энергиясына "Өнөр жай" керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тариф колдонулат.
19-глава. Негизги керектөөчүлөргө берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу
93. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
94. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөр тарабынан керектелген электр энергиясы үчүн төлөө "Өнөр жай (өнөр жай жана аларга теңештирилген керектөөчүлөр)" тобунун керектөөчүлөрү үчүн белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт, буга төмөнкүдөй топторго кирген негизги керектөөчүлөр кирбейт:
1) "Майнинг (криптовалюта)";
2) "Алтын кени өнөр жайы";
3) "Куюучу өндүрүш";
4) "Алкоголдук өнөр жай";
5) "Цемент өндүрүшү".
95. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына жалпыланган тариф тиричиликтик эмес керектөөчүлөр тобу үчүн белгиленген тарифтен ашып кетпөөгө тийиш. Мында электр энергиясынын 1 кВт саат үчүн жалпыланган тариф "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун тармактарына кошулган учурда иштеп чыгуучу энергетикалык компаниядан 1 кВт саат электр энергиясын сатып алуу тарифинен жана электр энергиясын берүү тарифинен түзүлүүгө тийиш.
96. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөргө генерациялоочу компаниянын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнө же "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун жогорку вольттуу берүү тармактарына түз кошулган жана Электр энергиясын негизги керектөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген жана генерациялоочу жана берүүчү компаниялар менен түз келишимдерди түзүүгө укугу бар керектөөчүлөр кирет.
97. Электр энергиясын негизги керектөөчүлөрдүн тизмеги отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
20-глава. Электр энергиясын керектөөчүлөргө-алып кайра сатуучуларга берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу
98. Электр энергиясын керектөөчүлөр-алып кайра сатуучулар өз менчигинде электр тармактары бар, электр менен жабдуучу уюмдардан жана (же) жеткирүүчүлөрдөн электр энергиясын жана кубаттуулукту өз керектөөсү жана жөндөлмө тариф боюнча сатуу үчүн сатып алган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак.
99. Керектөөчүлөр-алып кайра сатуучулар үчүн электр энергиясына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өлчөмдөрдө жана тартипте белгиленет.
100. Керектөөчүлөр-алып кайра сатуучулар электр менен жабдуучу уюмдардан алынган электр энергиясын алардын тармактарына кошулган керектөөчүлөргө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акыркы керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча берет.
101. Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн-алып кайра сатуучулардын тизмеги отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
21-глава. Бөлүштүрүүчү ишканаларга берилген электр энергиясына тарифтерди колдонуу
102. Бөлүштүрүүчү ишканалар (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалар) болуп керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдыган кайсы гана болбосун мамлекеттик, жеке юридикалык же жеке жактар эсептелет.
Бөлүштүрүүчү ишканалар электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү менен иш жүргүзгөн электр энергетикалык ишканалардан электр энергиясын сатып алууну жүргүзөт жана аны алардын тармактарына кошулган ар түрдүү акыркы керектөөчүлөргө: ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, калкка жана ушул сыяктууларга бөлүштүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырат.
Бөлүштүрүүчү ишканалар өз ишин отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алган лицензиянын шарттарына ылайык ишке ашырат.
103. Бөлүштүрүүчү ишканалар тарабынан берилген электр энергиясын эсептөө отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт.
104. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясына тарифтер отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган өлчөмдөрдө жана тартипте белгиленет.
105. Бөлүштүрүүчү ишканалар электр энергетикалык ишканалардан алынган электр энергиясын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан акыркы керектөөчүлөрдүн тиешелүү топтору үчүн белгиленген тарифтер боюнча өзүнүн керектөөчүлөрүнө берет.
106. Бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмеги отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.".
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ