Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 3-октябры № 158

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамын жана өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарын бекитүү жөнүндө

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамын жана өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарын бекитүү боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу И.Жээнтаевдин маалыматын жана укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 13 адамдан бекитилсин.

 

2. Жергиликтүү курултайды өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамына төмөндөгү адамдар киргизилсин:

Жолалиев А. - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы,

Чыныбаева Д. И. – айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.

 

Мүчөлөрү:

Эшимов Б.К. - айыл өкмөтүн жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси.

Акматов А.З. -Оттук айылынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү, айылдык кеңештин

депутаты.

Турат уулу Э. - Оттук айылынын айыл башчысы.

Орускожоев Ж.К - Кара-Шаар айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты.

Өмүркулов У. - Кара-Шаар айылынын айыл башчысы.

Дыйканов А.К. - Шор-Булак айылынын айыл башчысы.

Эрлисбеков Э. - Туура-Суу айылынын айыл башчысы.

Алымбаев Б.К. - Кара-Талаа айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты..

Искендеров У. - Кара-Талаа айылынын тургуну,айыл башчысынын милдетин аткаруучусу.

Исмаилова А.Т. - Кара-Талаа айылынын тургуну,биринчи элдик курултайдын делегаты.

Саякбаева Г.М. - Улахол айыл аймагынын аялдар кеңешинин төрайымы.

3. Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу болуп төмөндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитилсин:

Кара-Талаа айылына- Усубалиева Бактыгүл, Султанбеков Мырзабек.

Кара-Шаар айылына- Орускожоев Жыргалбек.

Оттук айылына- Садыкова Алийман, Өмүрзаков Кубанычбек.

Шор-Булак айылына- Жумабек уулу Канат.

Туура-Суу айылына- Мамбеталиев Айбек.

4. Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №158 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

А.Жолалиев

 

Катчы

Д.Чыныбаева