УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 3-октябры № 159
Кара-Шаар айылындагы ачылып жаткан бала-бакчага балдардын тамактануусуна акча каражат кароо жөнүндө
Кара-Шаар айылындагы ачылып жаткан бала-бакчага балдардын тамактануусуна акча каражат кароо боюнча Улахол айылдык кеңешинин депутаты А.Эркинбаеванын жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчага барчу балдардын ата-энелеринен ысык тамакка бала башына 50 сомдон төлөнсүн жана спец.счет ачылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Курманалиевге жүктөлсүн.
3. Улахол айылдык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №159 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | Д.Чыныбаева |